Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 23-октябрь
68.58    80.93    1.19    KZT 0.2
Баракелде

Йозеф Блаттер: Жаңы президент ФИФАга кирген ассоциациялардын теӊинен көбү ФИФАсыз жашай албасын түшүнүшү керек (маек)

Turmush -  Эл аралык футбол ассоциациялар федерациясынын (ФИФА) президенти Йозеф Блаттер россиялык ТАСС басылмасына уюмдун айланасындагы жаӊжалдардын чыныгы себептери жөнүндө маек курду. Ошондой эле, Бразилиядагы чемпионаттан кийин эле кызматын таштап кетпегенине өкүнүүсүн, 2022-жылдагы чемпионатты алгач ким өткөрүшү керек болгон жана буга эмне тоскоол болду айтып берди.

- Блаттер мырза, ФИФАда олуттуу кризис башталганын кайсы учурда түшүндүӊүз?

- Ал ушул жылдын 25-26-майында Цюрихте ФИФАнын алты мүчөсү жана коммерциялык компаниянын 1 кызматкери камалганда башталды. Кызыгы, таӊ атпай саат 6да арест болгон учурда отелдин жанында америкалык журналисттер келип калышыптыр. Ошондо баары башталды. Бардык күнөөлөргө айыпкерди табууда жооп бат эле табылды: «Албетте, бул ФИФАнын президенти. Мунун баарын кылган Блаттер!». Бирок мен маселенин мындай коюлушуна каршымын. Башка адамдардын иш-аракети үчүн мен кантип жооп бермек элем? Коюлган айыптар бул адамдардын ФИФАдагы ишмердиги менен байланыштуу эмес болчу. Алар Америка Кубогу-2016ны өткөрүүгө телекөрсөтүү келишимдери жөнүндө сүйлөшүүлөрдү жүргүзгөн КОНКАКАФ (Түндүк жана Борбордук Америка жана Кариб бассейн өлкөлөрүнүн футбол конфедерациясы, -ред.) жана КОНМЕБОЛ (Түштүк Америка футбол конфедерациясы, - ред.) конфедерациялары ортосундагы мамилелерге тийиштүү болгон.

- Чабуулдун максаты дал сиз болуп калганыӊызды дароо сезидиӊизби?

- Ооба. Анткени, 2012-жылдан баштап эле УЕФАда (Европалык футбол федерациясы, - ред.) мен ФИФАнын президенти болуп калышымды каалашкан эмес. Бул ФИФАнын президентине каршы пландалган акция болчу. Бардык конфедерациялар мени колдошту, бир гана УЕФА мени кызматтан алуу аракетин көрдү. Атүгүл бул маалыматтык цунамиден кийин да мен президент болуп кайра шайландым. Эстегилечи, бул кампанияга кимдер катышканЕвросоюздун саясатчылары. ЕС парламенти Блаттерди тандабоого чакырган эки жолу резолюция кабыл алды. Бул деген саясаттын спортко түз аралашканы да.

- Бирок эмне үчүн сиз тарапка ушунча негативдер? Бул акча, таасир, бийлик үчүн күрөшпү?

- Биринчи чабуулдун максаты мен болдум. А мунун баарын Мишель Платини кылды. Бул жеке...

- Башкача айтканда сиз Платиниге жакпайсыз, ошол себептен ал сизге каршы кампанияны баштадыбы?

- Ооба, ал баштады. Бул саясий териштирүүгө чейин, дүйнө чемпионаттарын өткөрүүгө укук ала албай калган өлкөлөр (2010-жылдын декабрында ФИФАнын аткаруу комитети учурунда 2018-жылдагы чемпионатты өткөрүүгө укукту жеңип алган Россияга Англия да атаандаш болгон, ал эми Катар ДЧ-2022ни өткөрүүнү АКШдан утуп алган, - ред.) ФИФАны бүлүндүрүү боюнча кампанияга аралаша баштаганда өсүп жетти. Бирок ФИФАны жок кылууга болбойт, бул швейцариялык банк же катардагы компания эмес. Ал ушундай жол менен басып алынбашы керек. Швейцариялык бийлик менен чогуу бул өлкөлөр ФИФАга жана анын президентине чабуул кое башташты. Билем, баары жаӊы башталганда УЕФА, бул эл аралык саясий жаӊжалга чейин өсүп кетет деп элестеткен эмес. А азыр болсо, сиз ТАССтын кабарчысы, жакшы билесиз АКШ менен Россиянын ортосунда көйгөйлөр бар. Анан, дүйнө чемпионаты менен ФИФАнын президенти эки ири геосаясий күчтөрдүн пикир келишпестигинин чок ортосунда болуп калды.

2

- Сиз Платиниге эмнеге жакпайсыз? Экөөӊөрдүн ортоӊордо ажырым качан болду эле?

- Бул жөнүндө өзүнөн сураган оӊ. Ал дайыма ФИФАнын президенти болгусу келчү. Мен ага, ал мындай укукту таза күрөштөн – шайлоодо алууга аракет кылып көрүшүн дайыма айтчумун. Бирок, 2015-жылдагы шайлоодо өзүнүн талапкерлигин коюуга күчү жетпеди. Жыйынтыгында кандай болсо ошондой болду. Муну менен катар ФИФА үзгүлтүксүз иштөөнү улантууда. Таймаштар өткөрлүлүп жатат, программалар иштөөдө. ФИФА ушундай жакшы уюшулган, атүгүл германиялык оппоненттер: «ФИФА немец футболуна караганда, жакшы уюшулган» деп айтышат. Мен ФИФАны башкарган 17 жыл ичинде, уюм чоӊойду, пайда алып келе турган коммерциялык уюм болуп калды. Эми ири саясий күчтөр мунун баарын жок кылгысы келип жатат.

- Болуп жаткан нерселерге «душмандык тартып алуу» деген экономикалык терминди колдонсо болобу?

- Ойлобойм. Анткени, акчаларды ФИФА эмес, реалдуу футбол алып келет. Аны тартып алуу мүмкүн эмес. Мунун баарын Европа баштады, америкалыктар ишти мындай кылбайт болчу. Андыктан, бул абалда биринчи кезекте коммерциялык кызыкчылыктар болуп калды деп ойлойбойм, жана ФИФАнын айланасындагы жаӊжалды бизнестин көз карашы менен караган туура эмес.

- Бүгүнкү күндө ФИФАнын көйгөйү эмнеде турат?

- ФИФАнын бүгүнкү күндөгү башкы көйгөйү, ФИФАнын аткаруу комитетинде шайлоонун негизинде өзүнүн кызматын ээлеген жалгыз адам – бул президент гана болгону. Калган бардык мүчөлөрү конфедерациялар тарабынан көрсөтүлөт. Башкача айтканда, мен фактылык түрдө мага баш ийбеген адамдарды башкарам. Буга байланыштуу ФИФАны башкаруу өтө оор. Муну 2011-жылы өзгөртүү аракеттери болгон, бардык конфедерациялар макул болушкан, бирок УЕФА реформага вето коюп койду (каршы чыкты, - ред.). УЕФА, ФИФАнын мүчөлөрү талаптарга ылайыктыгы боюнча текшерүүдөн өтүшүнө каршы чыкты.

- ФИФА кризисте дегенге кошуласызбы?

- Мындай атсак, ФИФАда башкаруу кризиси. ФИФАнын өзүндө азыр баары жакшы – футбол эч качан бүгүнкүдөй популярдуу болгон эмес. Бирок, албетте бир күндө президентти, башкы катчыны жана вице-президентти футболдон четтетүү менен кризисти атайын жасаса болот.

- Демек, кризис атайлап түзүлгөн?

- Биринчи кезекте бул кризис, менин адвокаттарым да ушундай ойлошот, кандайдыр бир криминалдык ишмердик менен эч кандай байланышы жок. Ооба, бул көп жагынан алганда, курмандыгы мен гана эмес, Платинин да болуп калган атайлап түзүлгөн абал.

- Жыйынтыгында ФИФАнын этика боюнча комитети сизди эле эмес, башкы катчы Жером Валькени жана Платинини өзүн да футболдук ишмердиктен 90 күнгө четтетип койгону кандай?

- Негизи эле, сен өзүӊ ишке алган адамдардан турган комитет сени жумуштан четтеткени бул өзү нонсенс. Аларда мени да, башкы катчынын да, Платинини да угуп коюуга күчү жеткен жок. Каалаган өнүккөн коомдо, кандай гана чөйрө болбосун жаза өкүмү чыкканга чейин тескерисинчеси далилденмейинче чындык катары тааныла берүүчү божомол принциби иштейт, ал эми айыпталуучуга сөз беришет. Бирок бизге бул укук берилген жок. Тезинен кандайдыр бир жалпы териштирүү жүргүзө калышып, үч күндөн кийин мен иштен бошотулдум.

- Этика боюнча комитет эмне үчүн ушундай кадамга барды, кандай ойлойсуз?

- Пресса жана ФИФАнын президенти ордун ээлегиси келгендер тарабынан кысым. Платини үчүн кайгылуусу, ал тигил келишимдин айынан мени менен бир кайыкта болуп калды. Андан тышкары, этика боюнча комитет, ФИФАнын президентинин кызматчысы эмес экенин, жана эч кимге көз каранды эмеситигин көрсөткүсү келди. Ал эми бул баркы кеткен логика. Көз карандысыз болуу үчүн, ФИФАнын президентин душман кылуу милдет эмес.

3

- Сиздин мындан аркы аракеттериӊиз кандай болот? Иштен алынганыӊызга кантип күрөшөсүз?

- Биз иштен алынганыбызга эки деӊгээлде күрөшүп жатабыз. Мен ФИФАнын Апелляциялык комитетине аппеляция бердим, ал мага өз оюмду айтууга укук бериши керек, бул уставда жазылган. Ошол эле учурда ФИФАнын этика боюнча комитетине чечимди кайра кароо өтүнүчү менен апелляция берилди (26-октябрда ФИФАнын этика боюнча комитети Платинини четтетүү боюнча чечимди кайра кароодон баш тартты, - ред.).

- Сиз акыркы өкүм кандай болот деп болжоп жатасыз?

- Алар өкүм чыгарууга шашылбайт (күлүп).

- Эмне үчүн сизди четтетишти? Сиз көбү үчүн кандайдыр бир ыӊгайсыз чечимдерди кабыл алып коюшуӊуз мүмкүндүгүнөн эмеспи?

- Жакшы суроо. Бирок, мен 40 жыдан бери ФИФАдамын, бул уюмду жакшы сезем, анан мени токтоткулары келишкен деп ойлобойм. Реформалар боюнча комитет (Франсуа Карраранын жетекчилигинде, - ред.) менсиз эле ФИФАны реформалоо боюнча бир катар сунуштарды чыгарган. Мен комитет иштеп чыккан көптөгөн идеялардын авторумун.

- ФИФАнын башкаруусуна кандай реформалар керек?

- Аймактар ортосунда баланс болушу керек. Мисалы, Европа аткаруу комитетинде 8 өкүлгө жана дагы 3 вице-президентке ээ. Африкада федерациялар көбүрөөк болсо да, эмне үчүн Европа кенен көрсөтүлгөн? Бул туура мес. Ошондой эле аткаруу комитетинде аялзатынан көбүрөөк болушу зарыл деп эсептейм.

- Атайын комитеттин сунуштаган реформалары тууралуу эмне айта аласыз? Атап айтсак, президенттин ыйгарым укуктарын 12 жыл, ал эми жаш куракты 74 жашка чейин деп чектөө боюнча.

- Жаш куракты чектөө – бул абсурд. Анда, президентке эле эмес, аткаруу комитеттин мүчөлөрүн да ушул рамкага киргизиш керек. Конгресс бул идеяга каршы эки жолу добуш берген, бул чыныгы дискриминация. Ыйгарым укуктарды 12 жыл деп чектөө боюнча айтсам, бул жакшы идея, мен аны колдойм. Бирок дагы кайталайм, бардык сунуштар бир гана президентке тиешелүү болгону жакпайт. Бул реформалар 2-3-декабрда Цюрихте аткаруу комитетинде сунушталат, андан кийин бул маселе февралда өтүүчү конгресстин күн тартибине киргизилет. Эгерде аткаруу комитетин өткөрүү учурунда менин иштен четтетилгеним күчүндө болгон болсо, мен реформалар жөнүндө чечимдерге эч кандай таасир бере албайм. Айтмакчы, балким, бул мени иштен бошотуп туруунун дагы бир рационалдуу себеби болгондур.

- Этика боюнча комитет сизди иштен четтеткен келишим тууралуу кененирээк айта кетсеӊиз?

- 1998-жылы Францияда өткөн футбол боюнча дүйнөлүк чемпионаттын акырында, турнирди өткөрүү боюнча уюштуруу комитетинин мурдагы төрагасы Платини, мага басып келип, менде иштегиси келгенин айтты. Мен кубанычта болдум, анткени менде аны менен иштөө тажрыйбам бар болчу. Бирок ал кымбат турарын айтты, мен каршы болгон жокмун. Анын кызматы жылына 1 млн швейцария франкы турарын кошумчалады. Мен бул мүмкүн эмес деп жооп бердим. Ал мага ошондо: «Макул, анда мага кийинчерээк төлөп бер» деди. Биз келишим түздүк, бирок мындай суммага эмес. Ал менде УЕФАнын жана ФИФАнын аткаруу комитетинде шайлаганга дейре 2002-жылга чейин иштеди. Андан кийин бул келишим бузулду, анткени ал ФИФАнын расмий өкүлү болуп калды. Платини бул маселени 2010-жылга чейин козгогон жок, кийин ФИФАнын коммерциялык директоруна кайрылып, ФИФА ага акча карыз экенин айтыптыр. Мен ал эсеп коюшу керектигин айттым, эсеп жылына 500 миӊ франк – бардыгы 2 млн эсеби коюлду. Мен ушул эсеп боюнча төлөмгө макул болдум. Менин принцибим ушундай – эгер мен кимдир бирөөгө акча карыз болсом, аны кайрып берем. Болгону ошол. Бул акчалар башка нерселер үчүн төлөмдөр болгон жок.

5

- Ушундан кийин Платини экөөӊөрдүн мамилеӊер келишпей баштадыбы?

- Жок, бул андан мурун эле, 2007-жылы ал УЕФАнын президенти болуп шайланганда башталды. Биз жакын достордон болчубуз, бирок эмнегедир 2008-жылы Европа чемпионатынын ачылышына чакырылган жокмун. Ошондон кийин мен УЕФАнын протоколдук иш-чараларына бир да жолу катышкан жокмун. Анткени мен муну сыйлабасытк катары көрдүм, мени эле эмес, ФИФАнын жалпы жамаатын.

- Эмне үчүн ушундай болгонун Платини эч качан түшүндүргөн жокпу?

- Жок. Ал муну кыла албады. УЕФА анти-ФИФА вирусу менен ооруп калган.

- Акыркы 40 жылдан бери футболдо эмне кылганыӊызга кылчайып караганда, кандайдыр бир иш аракеттерге өкүнгөн учурлар болобу? Эгерде сизде мунун баарын кайра баштан кечирүү мүмкүнчүлүгү болсо эмнени өзгөртөт элеӊиз?

- Азыр кайсы бир нерсеге өкүнгөн убак эмес, анткени эч нерсени өзгөртө албайсыӊ. Бирок ошентсе да, мен 2014-жылы Бразилияда өткөн чемпионаттан кийин күчүмдү топтоп, кызматтан кетишим керек болчу. Сан-Паулодогу конгрессте мени 6 конфедерациянын бешөөсү кызматымда калышыма көндүрүштү. Алар бийликке Европадан адам келип, УЕФА бардык дүйнөлүк футболду көзөмөлгө аларынан коркушту. УЕФА ФИФАны 209 улуттук футболдук федерациялар толук кандуу мүчөсү болгон эл аралык федерация эмес, 6 конфедерациядан турган холдинг катары көрдү. Мындай өӊүттө, Европа бардык дүйнөлүк футболду – акчаларды, оюнчуларды өзүнүн көзөмөлүнө оӊой эле алып коймок. Мындай кырдаалда менде тандоо жок эле, ошондуктан калып калдым.

Дагы өкүнгөнүм, менин өз мекеним Швейцария таштап койду жана мени коргоого алган жок. ФИФАда жаӊжал башталган учурда, швейцариялык ЖМКлар мага карата абдан агрессивдүү болушту. Анын ичинде, мен тоолордогу кичинекей кантондон (территориалдык-административдик аймактык бирдик, - ред.) болом. Элдер, бизди тоодон түшкөн жана колдору менен тамак жешет деп айтышат. Бул эң жөнөкөй логика.

- 2010-жылы дароо бир учурда эки чемпионатты: 2018 жана 2022 тандоо болгонун катачылык деп эсептейсизби?

- Анда ички ишеним болгон, бир чемпионат Россияда өтөт деген – Чыгыш Европадагы өлкө эч качан турнирди кабыл алган эмес. 2022-жылдагы дүйнөлүк биринчиликтин кожоюну катары АКШны көрүп жатышкан. Мындай жол менен, дүйнөлүк чемпионаттарды дүйнөнүн эки башкы саясий күчтөрү алышмак. Франциянын президенти Николя Саркози Катардын азыркы эмири ханзаада (Тамим бин Хамад Аль Тани, -ред.) менен жолугушканга чейин баары жакшы эле жүрүп жаткан. Кийин Саркози Платиниге, 2022-жылы Катарга барсак жакшы болмок деп айтыптыр. Ошондо, чемпионат Катарда өтүшү керектиги айтылды. Бул бардык ишти чаташтырды. Төрт европалык добуш АКШдан Катарга өтүштү. Болбосо америкалык өтүнмө 12:10 менен утмак. Биз эки сонун чемпионатка: Россия-2018 жана АКШ-2022ге даярданууну пландап жатканбыз. Анын ордуна биз, ФИФАдагы кризис тууралуу айтып жатабыз.

- Россия дүйнөлүк чемпионатты өткөрүү укугунан ажырап калышы мүмкүнбү?

- Мындай болбойт. Россия дүйнөлүк чемпионатты өткөрөт. ФИФА бул өлкөгө турнирди бекиткен, эч кандай өзгөрүүлөр болбойт.

- Ошентсе деле, батыштагы прессада, айрыкча британиялык басылмаларда чемпионатты Россиядан алып алуу чакырыктары байма бай жазылып келет.

- Англичандар өздөрүн ийгиликке жетпей калгандар катары көрсөтүп жатышат. Ооба, алар бул сонун оюнду, fair-play принциптерин ойлоп табышкан, бирок чемпионатты өткөрүүчү өлкөлөрдү тандоодо Англиянын өтүнмөсү бир эле добуш алуу менен биринчи эле айлампадан өтпөй калган. Чемпионат Англияда өтүшүн эч ким каалаган эмес, алар болсо буга мени күнөөлүү кылгылары келип жатат.

- Россиянын дүйнөлүк чемпионатка даярдыгын кандай баалайсыз?

- Россиянын даярдыгы жакшы гана эмес, мыкты. Колдоо эӊ жогорку мамлекеттик деӊгээлде ишке ашып жатат. Мен тышкы иштер министри Сергей Лавров менен жолугуштум, жана албетте президент Владимир Путин менен жолуктум. Владимир Владимирович – Йозеф Йозефовичтин мыкты досу (күлүп). Бир жолу мен Путин менен жолукканымда, ал турнир Россияда өтүшүн абдан каалаганын айтып, бул мүмкүнбү деп сурады. Мен, мүмкүн деп жооп бердим. Бул континенттерди алмаштыруу концепциясында жазылган. Ошондой эле, дүйнөлүк чемпионатты араб өлкөлөрүнүн бири өткөрүшүнө макул болгом, бирок албетте, Катар сыяктуу анчалык кичинекей өлкөдө эмес.

Кыйын учурларда мен президент Путинден толук колдоо алып турдум. Ал мага абдан жардам берди. Өз кезегинде, мен аны бардык дискуссиялык моменттерде колдойм.

- Россияда биринчи жолу качан болдуӊуз?

-1973-жылы, Москвадагы Универсиадага келгенимде. Кийинки жолу 1980-жылы Олимпиадага келдим, андан кийин 1985-жылы жаштардын дүйнө чемпионатына келгем. Менде ошол убактардан эсте калгандар көп. Бутуна ролик конькилерин кийип алгандай араӊ эле кыймылдаган Брежневдин Кремлдеги кабыл алуусу. Горбачев учурундагы кургак мыйзам эсимде. РФСнын мурдагы президенти Вячеслав Колосков менен мончого барганыбыз.

Мен орус тилин үйрөнө баштадым. Бирок, тилекке каршы, уккандан көрө, чет тилде окууга туура келип жатат. Испан, португал, немис, француз тилдеринде - маселе жок. Мен орус тилиндеги акцент менен айта алам, бирок кириллица менен окуу... мүмкүн эмес! 2018-жылы өтүүчү дүйнө чемпионатына чейин үйрөнүүгө сөз берем.

4

- Мутко азыр спорт министрлигин да, Россиянын футболдук союзун да жетектегенине кандай карайсыз?

- Менин көз карашымда, бул анча жакшы эмес чечим, анткени Мутко футбол үчүн гана эмес, спорттун бардык түрүнө жооп берет. Бирок, мен бул чечимдин бардык шарттарын жана Мутко бул кызматтарды канчага чейин айкалыштырат билбейм.

- ФИФАнын аткаруу комитетинде Мутконун ролу кандай?

- Аткаруу комитетинде Мутконун бедели жогору, ал жакшы жигит – ачык, бат тил табыша алган. Аны ФИФАнын мүчөлөрүнүн көбү сыйлашат.

- Кийинки жылдын февралында өтүүчү конгрессте эмне болот деп ойлойсуз?

- Азыр менин эӊ чоӊ каалоом – президенттик кызматка кайра келип, ушул конгрессти өткөрүү.

- ФИФАнын президенти кызматына идеалдуу талапкер кандай болушу керек?

- Ал ФИФАга кирген ассоциациялардын теӊинен көбү ФИФАсыз жашай албасын түшүнүү керек. Уюмдун президенти алардын кызыкчылыктарын эске алышы керек, УЕФАнын артынан ээрчибей. Дүйнөлүк футбол – бул Чемпиондор лигасы гана эмес экенин түшүнүшү зарыл. Мурас мен үчүн маанилүү, анткени ал ФИФАны башкаруудагы менин саясатымды улоочу болушу керек. Көпчүлүк талапкерлер ушундай деп эсептейм, Платиниден башкасы албетте.

- УЕФАнын башкы катчысы Джанни Инфантино ФИФАнын президенттигине көрсөтүлүшүн кандай баалайсыз?

- Эгерде Инфантино шайлоого барса, Европанын мүмкүнчүлүктөрү болот. Көпчүлүк ассоциациялар аны жактырышпайт. Бирок ал мага абдан жагат. Анткени ал дагы мен төрөлгөн кантондо (Вале, - ред.) төрөлгөнү үчүн.

- ФИФАнын жаӊы президентине башкы жолдомоӊуз кандай болот?

- Мен ага айтам: ФИФА – дүйнөдөгү эӊ баалуу уюм экенин унутпа. Бир жагынан, биздин оюн – мектептерде, университеттерде сый-урматты тарбиялаган мыкты ыкма. Футбол – бул эмоциялдарды берген оюн. Бул абдан маанилүү, мисалы, Сирия үчүн, анын өспүрүмдөр курамасы тандоодон өтүп, Чилидеги дүйнө чемпионатында чыкты. Футбол үмүт берет: бүгүн сен утулсаӊ, эртеӊ утушуӊ мүмкүн. Футбол экинчи шансты жана позитивдүү ойлонууга мүмкүнчүлүктү берет. Ал адамдарды бириктирет жана дискриминация менен күрөшүүгө жардам берет. Футбол - элдер ортосунда көпүрө курууга жардамдашат. Анын маӊызы ушунда...

Маектешкендер: Олег Кошелев, Артем Кузнецов, Максим Филимонов

ТАСС, Цюрих

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 2307
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
×