При поддержке MegaCom

Бөлүмдөр
Шаршемби, 23-август
68.74    80.7    1.16    KZT 0.21

Кыргызстандын алгачкы «темир адамы» К.Келсинбеков келечекте триатлондун үч эселик Ultraman дистанциясын багындырууну көздөйт (маек)

Turmush -  Жай айынын соңунда Франциянын Виши шаарында кезектеги Ironman («Темир адам») дүйнөлүк триатлон жарышында мекендешибиз Канат Келсинбеков 17 саатка созулган триатлондо 12:49:47 мыкты көрсөткүч менен «темир адам» наамына татыган алгачкы кыргызстандык болуп калган эле. Ал мындай татаал дистанцияны кантип багындырганы жана Ironman спорттук жарышына кандайча катышып калганы тууралуу BBC Кыргыз кызматына маек курду.

Маалымат:

Ironman - триатлон жарышы. Аталган спорттук иш-чара Дүйнөлүк триатлон корпорациясы тарабынан 1978-жылдан бери уюштурулуп, жыл сайын АКШ, Канада, Австралия, Азия жана Европа өлкөлөрүндө өткөрүлүп келет.

Жарыш аныкталган бир күн ичинде гана өткөрүлүп, жалпысынан үч деңгээлден турат: 3,86 км сууда сүзүү, 180,2 чакырымдык веложарыш жана 42,195 чакырымдык марафон. Баса белгилей кетчү нерсе, жарышта эч кандай тыныгуу каралган эмес. Сууда сүзүү жарышын белгиленген убакыт ичинде ийгиликтүү жыйынтыктаган катышуучу эч кандай тыныгуусуз веложарышка түшөт. Андан кийин кайрадан эле тыныгуусуз марафон улантылат.

Жалпы жарыш үчүн катышуучуларга жалпысынан 17 саат убакыт берилет. Эртең мененки саат 7:00дө Ironman жарышынын алгачкы толкуну старт алат. 3,86 км сууда сүзүүгө 2 саат 20 мүнөт убакыт каралган 180,2 чакырымга созулган веложарыш кечке маал 17:30да жана 42,195 км марафон түн жарым дегенде гана аяктайт.

Ironman дүйнөлүк чемпионаты 1978-жылдан бери Гаваиде (АКШ) өткөрүлүп келет. Анткен себеби эң алгачкы Ironman чемпионаты дал ошол Гаваи жергесинде 1978-жылдын 18-февралында өткөрүлүп, анда жалпысынан 15 спортчу ат салышкан. Акырында финишке 15 катышуучудан 12си жеткен.

Ironman абдан татаал спорт жарышы болуп саналат. Ар бир этапка каралган убакыттын ичинде жетишпей калган спортчу автоматтык түрдө дисквалификацияга учурайт. Көптөгөн спортчуларга стимул, максат жана аты атап тургандай темирдей эркти талап кылган спорт жарышы дүйнөдөгү эң престиждүү спорт иш-чараларынын бири болуп эсептелет.

151021172726_kanat_kelsinbekov_640x360_kanatkelsinbekov_nocredit

- Канат мырза, алгач сизди соңку жеңишиңиз менен куттуктайлы. Айтсаңыз, Ironman триатлон жарышына кандайча катышып калдыңыз? Буга чейин башка өлкөлөрдө өткөрүлгөн Ironman спорт жарышына катышып көргөнсүзбү?

- Ооба, үстүбүздөгү жылдын 9-майында Испаниянын Майорка (Ironman 70.3 Mallorca 2015) аралында болуп өткөн Ironman жарышында финишке келгем. Ал эми Францияда өткөн узун дистанциялык триатлонду багынтуу чечимин былтыр кабыл алгам. Ошол таптан бери катуу даярданып, бир жылдан ашык машыгып жүрдүм.

- Бир күн ичинде, тактап айтканда 17 сааттын алкагында 3,86 км сууда сүзүү, 180,2 км веложарыш , андан соң 42,195 кмге созулган марафондо эч кандай тыныгуусуз мындай узак дистанцияны багындыруу оңойго турбаса керек. Сиз канча убакыт жана кайсы жерде машыктыңыз? Кыргызстандабы же чет өлкөдөбү?

- Албетте, бул тынымсыз эмгектин үзүрү. Анткени мындай дистанция катуу даярдыкты талап кылаары шексиз. Мен өткөн жылдын август айынан баштап учурдагы машыктыруучум Евгений Хабаров менен жарышка катуу даярданып баштадым. Тоолуу аймакта машыгуу ар бир спортчу учун эң мыкты шарт болгондуктан, триатлонго эки ай калганда машыктыруучум менен биргеликте Ысык-Көлгө сапар алдык. Көлдүн абасы жана деңиз деңгээлинин бийиктиги ар бир спортчуну өзүнө тартат, кыскасы машыгуу үчүн идеалдуу регион десем жаңылбайм.

12119049_1131697503507385_191014607251960707_n

- Билишимче эң акыркы этап, т.а 42,195 км чуркоо абдан татаал. Анткени эртең менеки саат 7:00дө башталган жарыштын жыйынтыктоочу жана финишке жолдомо берүүчү акыркы толкуну дал ушул марафон да. Сиз үчүн кайсы толкун оорчулук жаратты, сууда сүзүү, веложарыш же чуркообу?

- Сууда сүзүү же ошол эле веложарыш мен үчүн оорчулукту жараткан жок, бирок кандай гана даярдык болбосун, аталган, эки этаптан кийин шайың кескин ооп калат. Чуркоодо алгачкы 25 чакырымды жакшы өттүм, андан кийин албетте кыйын болду. Жай кадамга өтүп, кайрадан чуркап отуруп 17 саатка созулган жарышты 12:49:47 көрсөткүч менен финишти багындырдым.

- Жарышка чейин кандайдыр бир коопсуздануу болдубу Сизде? Балким, мынчалык узак жана татаал дистанцияны 17 сааттын ичинде жетишпей калсамчы деген?

- Албетте болду, бирок старттык ок атылгандан кийин, көз алдымда жана бүтүн аң сезимимде - узак убакытты, катуу эмгекти жана машыгууну талап кылган максатым эле, дал ошол максат мени сүрөп жатты.

151021172812_kanat_kelsinbekov_2_640x360_kanatkelsinbekov_nocredit

- Өлкөбүздө велоспорт үчүн шарттар кандай?

- Биринчиден Кыргызстандын тоолуу жаратылышы велоспорт үчүн идеалдуу, бирок чоң көйгөй бул асфальт болуп келүүдө.

- Кыргызстанда велоспорт жана жалпы эле спорт кандай абалда? Сиздин жеке оюңуз.

- Тилекке каршы ушул тапка чейин өлкөбүздө велоспорт пайда боло элек, т.а жокко эсе. Кыргызстанда расмий велоспорт федерациясы бар, бирок федерациянын ишмердүүлүгү бир гана профессионалдуу велоспортчу Евгений Ваккер менен гана чектелет. Федерация тарабынан буга чейин эч кандай веложарыштар өткөрүлө элек.

Ал эми жалпысынан спорт Кыргызстанда абдан аксайт, абдан кейиштүү абалда деп айтаар элем. Анткени мамлекет спорт жаатына тиешелүү көңүл бурмайынча өлкөбүздөгү спорттун өнүгүшү эмес, Олимпиада оюндарындагы медаль ийгиликтерин багынтуу мүмкүнчүлүктөрү тууралуу айтуу абдан кыйын.

12144957_1131697496840719_8340094857192203503_n

10526044_1131697506840718_8239754469330826283_n

- Келечектеги спорттук пландарыңыз кандай?

- Буйруса, жакынкы келечекте Ironman триатлон жарышынын экстремалдык Norseman, андан соң ошол эле триатлондун үч эселик Ultraman деп аталган дистанцияларын багындыруу.

Маекти уюштурган: Рашана Кубанычбекова, Австрия

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 1885
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
×
Урматтуу окурман, мекенибиздин аймактагы «турмушунан» кабар алганыңыз үчүн ыраазычылык билдиребиз.
Куш кабарыбыз маалыматтык чаңкооңузду канааттандырса «Нравится» эн белгисин басуу менен сиз үчүн кылган ишибизге дем бериңиз!
Жабуу