Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 23-октябрь
68.58    80.93    1.19    KZT 0.2
Баракелде

Туңгуч балерина Бүбүсара Бейшеналиева менен «Өмүргө тете бир түн»... (маек)

Turmush -  Өмүргө тете бир түн... Бул өтүп жаткан өмүрдө канчаны баштан өткөрбөдүк, эмнени гана көрбөдүк. Ошолордун ичинен өмүргө так калтырган өчпөс бир күн, же бир түн болот көрүнөт деп башталат «Өмүргө тете бир түн» документалдуу повести.

2013-жылы басылып чыккан «Өмүргө тете бир түн» документалдуу повести 2004-жылы жарык көргөн «Канда айланган махабат» чыгармасынын толукталган 2-чыгарылышы катары көптөгөн окурмандарын тапты.

2Анын автору — Кыргызстанда травматология жана ортопедия илими боюнча туңгуч кандидат, эмгек сиңирген врач, саламаттыкты сактоонун отличниги жана акын-жазуучу Касымбек Тазабеков үчүн андай түндөрдүн бири кыргыздын туңгуч балеринасы Бүбүсара Бейшеналиева менен аңгемелешкен түн эле. Балеринанын өмүр таржымалы, жашоосу, чыгармачылыгы жана албетте анын махабат баяны тууралуу маалыматтарга кызыккан окурман катары бул китептин кандайча, эмне болуп жазылып калганы жөнүндө автор менен маектештик.

- «Мен бул чыгарманы башкы каармандар Муртаза менен Бүбүсаранын өз ооздорунан угуп, алардын уруксаты менен жазып, ушундай улуу адамдардын ортосундагы таза сүйүүнү келечекке жеткиргим келди», - деп чыгарманын жаралуу тарыхында айтыптырсыз. Сиз каармандардын кимисинен кененирээк, толугураак маалымат ала алдыңыз, башкача айтканда кимиси сизге өздөрүнүн махабаты тууралуу көбүрөөк айтып берген?

- Муртаза да дарыгер, мен да дарыгер болуп, ал тургай Москвада 3 жыл аспирантурада чогуу окуп калдык. Жолугуп калган учурларда ал мага Бүбүсара экөөнүн сүйүүсү тууралуу көп айтып калчу. Кийин Бүбүсарага жолукканымда, эжеке сизге ашык болгон «медиктин» махабаты жөнүндө сырыңызды билем деп укканымды айтып берсем ал ооба уккандарыңдын баары эле туура, сен баарын билет турбайсыңбы деп тастыктап, өзү да кошумчалап айтып берген эле.

- Муртаза Асанов китеп чыккандан кийин окуп калган экен. Ал киши сизге бул китепте жазылгандар тууралуу, деги эле чыгарма жөнүндө кандай оюн айтты эле?

- Мен чындыгында китеп жарыкка чыгып, жок дегенде көзү тирүүсүндө каармандарымдын бирөөсү окуп калса деп шаштым. Муртаза болсо китепти окуп алып аябай сүйүнгөн. Ал ар дайым Бүбүсараны сүйүп келген. Ал тургай мен андан Бүбүсара экөөнүн махабаты тууралуу жазсам, жубайы билип калса эмне болот деп сураган элем. Ал болсо:«Жашыра турган эч нерсе деле жок бул тууралуу менин туугандарым, аялым жана 1 айылдаштарым баары билет. Ал тургай азыр да үйгө Бүбүсаранын сүрөтүн илип койгом», - деп уруксатын берген эле. Ошондуктан китеп чыкканда ал аябай сүйүнүп, мага ыраазычылыгын билдирген.

- Бүбүсара менен жолугушууңузду башкача бир сезимдер менен сүрөттөптүрсүз. Окурмандын оюна автор да ашык болгон окшойт деген ой келет экен?...

- Бүбүсарага ашык болбогон киши калган эмес. Ал чындап эле ашкан сулуу жана да керемет өнөрдүн ээси болуп, ар дайым эл көзүндө жүргөндүктөн баары ага суктанышчу. Ага ашык болбой коюу мүмкүн эмес эле.

Ошондой эле бул темада адабиятчы, котормочу, мамлекеттик жана коомдук ишмер, Осмонакун Ибраимов «Азаттык» радиосунун сайтына «Өмүргө тете бир түн» чыгармасы тууралуу ой-пикирин жазган. Ал анда «Мен бул чыгарманы окуганда, оюма Ч.Айтматовдун «Жамийласындагы» Данияр менен Жамийланын сүйүүсүнө жан үрөп чын дилинен колдоп, бирок ичинен жеңесине ашык болгон кайниси Сейиттин образы көз алдыма тартылды. К.Тазабеков да дарыгер менен балеринанын сүйүүсүн даңазалагысы келип, бирок ошол эле учурда өзү да ашык болгон сыяктанат», - деп баа берген экен.

- Бүбүсара десе оюбузга дароо бийлеп жаткан сулуу балерина келет. Сизге замандаш катары жашап, аны менен жүз көрүшүп калуу  учурлары буйруган экен. Айтыңызчы, Бүбүсара Бейшаналиевага тиешелүү кайсы мыкты адамдык сапатты баса белгилеп айтаар элеңиз?

- Анын периштедей жүзү бир тең, анан да адамгерчилиги бийик эле. Ал СССРдин Эл артисти, СССР Жогорку Советинин депутаты болуп жүрсө да, анын ушунчалык элпектиги, бийик адамгерчилиги, адамга кылган мамилеси менин ичимди жылыткан. Керемет үнү менен жагымдуу да сүйлөй билчү.

- Китеп алгач 2004-жылы чыкканда «Канда айланган махабат» деген аталышта чыккан экен. Эмне себептен 2013-жылы 2-басылып чыгышында китептин аталышы толугу менен «Өмүргө тете бир түн» деп өзгөртүлдү?

- Бул да болсо менин Бүбүсарага болгон махабатым болсо керек деп ойлойм. Аны менен мени тагдыр эки жолу көрүштүрдү. Биринчиси көргөнүмдө Москвадан жолугуп калып Муртаза бизди тааныштырган. Ал эми экинчи жолугушуу бир канча жылдар өткөндөн кийин болгон. Анын баласы Эрмек мен иштеген ооруканага жатып калып, уулун көргөнү келгенде көрүштүк. Ошондогу анын мага кылган мамилеси, ачык-айрымдыгы, башынан өткөн махабат баянын айтып бергени, баары менин көз алдымда. Андай эсте калгыс өмүргө тете учурлар дайыма эле боло бербейт. Ал менин Бүбүсара менен акыркы жолугушуум болгон экен.

11

- Сиз М.Асанов менен Б.Бейшеналиеванын махабатын, деги эле алардын өмүрүнүн айрым барактарын коомчулукка жеткирүүнү максат кылыптырсыз. Бирок китеп 500 гана нускада чыгыптыр. Мынчалык аз сандагы нуска менен элдин калың катмарына жеткирүү кыйын го?...

- Жалпысынан 7 проза жана 3 ыр китеп чыгардым. Убагында элдер китеп окубай да калышпады беле. Анын үстүнө элге жагабы, жакпайбы, эмне болот деп ойлондум. Андан сырткары акын-жазуучулар китепти өз чөнтөгүнөн чыгарышат эмеспи.

- Өзүңүздүн кесибиңиз боюнча травматолог-ортопедсиз. Бирок адабият айдыңына да башбагып, «Кыдырназар бий», «Унутулган сүйүү каттары», «Самса кыздын махабаты» ж.б чыгармаларды жаратууңузга эмне себеп болду?

- Мен бардык чыгармаларымда болгон окуялар жөнүндө жаздым. Мисалы «Өмүргө тете бир түндө» эч нерсе кошуп же кемиткеним жок. Каармандардын өзүнөн уккандарымды гана жаздым. Мен экөөнү тең көрүп калган адам катары айтаарым, бири аялдардан чыккан ашкан сулуу болсо, Муртаза да эркектерден чыккан абдан сулуу жигит эле. Анан да экөөнүн адамгерчилиги, бийиктиги, алардын сүйүүсүнүн тазалыгы сөз кылганга татыйт деп эсептейм.

12

13

Жашырып коюуга мүмкүн болбогон улуу махабат баян тууралуу окурмандарга жеткирген Касымбек Тазабеков мындан мурда «Канда айланган махабат» чыгармасы тууралуу курган маегинде «Адашкан медик» менен Бүбүсара Бейшеналиеванын улуу достук мамилеси сакталып калганын айтып берген.

Мурунку маектен:

Канда айланган махабат Тагдыр мени Муртаза менен үч жыл бою Москвада аспирантурада окуп жүргөндө жолуктурду. Анын жөнөкөйлүгү, адамкерчилиги, кулк-мүнөзү анан калса адам суктанаарлык кебете-кешпири, сулуулугу кимди болбосун өзүнө магниттей тартаар эле. Мына ошол мезгилде жаштык кезди элестетип баштан өткөн махабат баянын ортого салмай.

«Адашкан медик» катары Муртаза окуусун таштап, Бүбүсараны «жакындан көрүп» жүрүү үчүн бий искусствосунун бир жылдык стажировкасынан өтүп, сахнада Бүбүсаранын тегерегинде бийлеп да чыгат. Акыры ага сүйүүсүн билдирет.

Акылдуу сулуу ага же «жок» да дебей, же «бар» де дебей алоолонгон жаш жигиттин тунук сүйүүсүн акырындык менен жоошута баштайт. Туура жолго багыттайт.

Айтса-айтпаса төгүнбү деп Муртаза кайра окуусуна кирип, аны ийгиликтүү аяктагандан кийин райондон иштеп да келет. Кийин илимин өркүндөтүү үчүн Москвада аспирантурада окуйт. Ошол мезгилде Бүбүсара ооруп калып, Муртаза окуп жаткан институтка туш келет. Мына ошентип экөө кайрадан жолугушат. Бүбүсарага операция да жасалат. Операция убагында ага Муртаза өзүнүн канын куйгузат, операцияга катышат. Операция ийгиликтүү аяктагандан кийин экөөнүн достук мамилеси улана берет.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 8165
Комментарии
Обсуждения закрыты
Нет аватара
SSSS123456
16:26, 09 октября 2015
Көп окулду
Учурда окулуп жатат
×