При поддержке MegaCom

Бөлүмдөр
Шаршемби, 23-август
68.74    80.7    1.16    KZT 0.21

Футбол боюнча Кыргызстан курамасынын машыктыруучусу А.Крестинин: Стадиондогу койлордон Австралия менен 2:1ге чейин (маек)

Turmush -  Футбол боюнча Кыргызстандын улуттук курама командасынын башкы машыктыруучусу Александр Сергеевич Крестинин менен россиялык sport-express.ru басылмасынын журналисти Игорь Рабинер, машыктыруучу Кыргызстанга кантип келип калган, жана 5 жыл аралыгында кандай өзгөрүүлөргө жетишти, ошондой эле анын кыялдары тууралуу маек курду.

Александр Крестинин, 37 жашта, Краснодарда төрөлгөн. Учурда балдардын шаардык футбол академиясынын директорунун орун басары болуу менен Краснодарда жашайт. Дээрлик карьерасынын баарын – бир топ клубдарды алмаштыруу менен экинчи россиялык лигада өткөргөн, мисалы, Юрий Жирков менен тамбовдук «Спартакта», ошондой эле 1999-жылы «Кубань» клубунда.

larg

Ал эми өткөн жылдан тарта, азыр дүйнөлүк чемпионат – 2018дин азиялык тандоо туруна катышып жаткан Кыргызстандын футбол боюнча улуттук курамасын машыктырып келет.

«Койлорду алып, талааны тегиздегиле!»

2010-жылы Кыргызстанга футболчу катары келгем. Жаракатымдан улам Тюмень, Оренбург жана Подмосковье менен сезонду өткөрүп жибергенден кийин, тандоо жок болчу – бирок бул вариантты башында мен дагы, жубайым дагы караштырган эмеспиз. Бирок учуп келип, Оштон 160 чакырымды өтүп 17 миӊ калкы бар, 30 жыл мурун шаар макамын алган Кочкор-Атага келдик, - эки күндөн кийин кийимдеримди чогултуп: «Мен үйгө кеттим» дедим.

Жаратылышы айтып болгус, бирок шарттары... Каралбай калган профилакторий, кыш – жылытуу менен ысык суу жок. Бардык оюнчулар бөлмөлөрүндө жылыткычты бир убакта иштетишет, анан албетте, электр жарыгы үзүлөт. Машыгуулар, тамактануу – таш доору. Атүгүл жылдыргыч дарбазалар да жок болчу, кийин менин чиймем боюнча жазашты. Чөптү тегиздегич, чөп кырккыч – эч нерсе жок. Эмне үчүн газонду таптап текшилебей жатышат десем, «Чөптүн баары кыркылып калбайбы!» дешет.

Профессионалдуу келишимдер жок – эч нерсени түшүндүрбөгөн эки барак кагаз. Болушу керек болгон типтүү келишимдерди мен Россиядан алып келдим. Мага: «Саня, бул Азия. Бул жакта кагазга караганда адамдык мамилелер көбүрөөк мааниге ээ» деп айтышты. Мен болсо: «Ишенем. Бирок бардык документтер орду менен болушу үчүн иштөөгө көнүп калгам» деп жооп бердим.

Кыскасы, мунун баарын карап, команданын жетекчиси Медер Сыдыковго бардым да, кетеримди айттым. Менин болсо ал убакта бир жыл мурун алган машыктыруучулук «С» категориям бар болчу. Анан ал менден сурады: «Сенде лицензия бар да. Балким, ойногон машыктыруучу болуп көрөсүӊ? Анан өзүӊ баарын алмаштырып аласыӊ. Мен колдойм. Ошондо баш тартпайсыӊбы?».

Мына бурулуш.

Украиналык мурдагы машыктыруучу менен достук мамиледе макулдашышыптыр - анан мен ойногону келип, кокусунан «Нефтчи» клубунда ойногон машыктыруучу болуп калдым, бирок Бакудан эмес. Аны менен катар менин алдыма тапшырма коюшту – чемпиондук үчүн күрөшүү! Чемпионат болгону 6 командадан турса да, «Нефтчи» эч качан алдыӊкы үчилтикке илинбептир. Бирок менин жогото турган эч нерсем жок эле, анан 32 жаштагы мен, ишти колго алдым. Команданын жетекчисинин жардамы менен менде демөөрчү – «Кыргызнефтегаздын» президенти менен түз байланыш пайда болду.

«Макул, силер тапшырма койгула, бирок адамдык шарттарды камсыздаш керек» дедим. Жылытууну киргизишти, ремонт жасашты. Азыр ал профилакторий жакшы иштеп жатат, ал жакта нефтянканын жумушчулары тамактанышат, дарыланышат. Тамактануу менен маселени чечиш керек болчу, биз 13 ашпозчуну алмаштырдык!

la

Талааны жасадык, чөп чапкыч менен тегиздегич сатып алдык, газонду оюн башталарга бир күн калганда кыркууну үйрөттүк. Жылдырма дарбазаларды жасадык. Бардык футболчулар менен мен алып келген профессионалдык келишимдерди түздүк. Жеӊиштен кийин эртеси күнү оюнчуларга сый акылар төлөнүшүн талап кылдым – абдан оор болду. Бирок, дароо чечилбеген дагы бир көйгөй бар эле. Атүгүл ушундай да болорун элестете алчу эмесмин.

Эмне болгон көйгөй?

Шаардын борбордук стадионунун талаасына биринчи жолу чыкканымда, чөптүн узундугу топ көрүнбөгүдөй бийиктикте болчу экен. Ал эми эӊ таӊ калычтуусу – анда койлор оттоп жүрүптүр. Мунун баарын көрүп, таӊ калдым: «Кандайча?!». Ал эми алар болсо: «Бул стадиондун директору койлор бир нерсени жей алыш үчүн чөп бийик өссүн деп айткан» деп түшүндүрүштү. Мен шок болдум: «Койлорду алгыла, талааны тегиздегиле!» дедим.

Алыштыбы, тегиздештиби?

Биз шаарда жүргөндө баары жакшы болчу. Кийин Бишкекке эки жумага кеттик, ал алыс – 520 чакырым жол, андан дагы ашууларды ашып. Көзөмөлдөй албайсың. Келсек – кайра баягы. Койлор дагы, чөп дагы. «Директор кайда?», ал мага: «Акеси, баары жайында, сен эмне ачууланып?» деди. Ал бул жайытка кызыктар болгон.

Ошондо, менин сөзүм жетишпей жатса, бул жакка демөөрчүнү кийлигиштириш керек экенин түшүндүм. Ага келип, койлор боюнча айттым. Ал башын мыкчып, ошол эле жерден маселе чечилди. Кийин койлор болгон жок.

А директор өзүнүн кызматында калдыбы?

Калды. Бирок баягыдай кылган жок, жакшы иштей баштады. Тамашалар жаман экенин түшүндү. Азыр эстеп – мунун баарын кантип кармай алдым түшүнбөйм. Муну үйрөнүүгө болбойт, жана мындай шартта ийгилкке жетишүү үчүн өзгөчө жан дүйнө менен иштеш керек. Бирок мен «суусап» тургам, менде артка чегинүү үчүн башка жол жок болчу.

Оюнчулар: «Мурда плов жеп, барып, утуп алчубуз!»

Футболчулар ишке жөндөмдүү болушканбы?

Кайдан? Аларды акыркы принцип менен чогулттук – трансфердик мезгил жабылган да, ал эми ойной турган эч ким жок. Балдарга: «Кимде тааныш футболчулар болсо - алып келгиле, баарын карап көрөбүз» деп айтып жаттым. Жыйынтыгында жарым жылдан кийин жазында эч кимге кереги жок болгон 5 адам биринчи жана жаштар курамаларына кирип калышты.

Оюнчулардын 90%ы спирт ичимдиктерин ичишпейт – мусулмандар. Бирок тамактануу менен башка көйгөй болду. «Оюн башталаарга 3,5 саат калганда паста жеш керек» деп айттым. Алар болсо: «Сергеич, биз плов жебей кое албайбыз! Мурда плов жеп, барып, утуп алчубуз» дешти. Мен кармана албадым: «Кимди уттуӊар? Эмнени ойночу элеӊер? Ал футбол эмес!» дедим. Кыйналышты, бирок көнүштү.

l

Кыргызстанда футболчулар канча табышат?

Мыкты легионерлер – айына 2 миӊ доллар. Сый акыларды эске алганда. Жергиликтүүлөрдө – азыраак.

Жыйынтыгында ошол сезондо канчанчы орунду ээледиӊер?

Биринчи.

Бирок кантип?!

Өзүм түшүнбөйм. Экинчиде келатканбыз, биринчини адаттагыдай эле ээлеген Кыргызстандын эӊ бай клубу «Дордойдон» бир аз артта калып жатканбыз. Айлампалардын ортосундагы тыныгууда бир нече жумага Краснодарга учуп кеткем. Анан бул жактан чалышты: «Саня, команданы турнирден алып салганы жатышат» деп. «Эмнеге?» десем, «Акча жетишпей жатат. Биз бул жактан отуруп эсептедик, эгерде ушундай график менен кете турган болсок, төлөгөнгө акча жетпейт» дешти. «Токтогула, бирок өзүӊөр тапшырма койбодуӊар беле, жана ага смета киргизгенсиңер!» дедим.

Келдим. Келишимдерди көрсөтүп, футболчулар сотко берерин жана бул акчаларды барыбир аларын айтып түшүндүрдүм. Клуб жана демөөрчү үчүн бул уят болорун айттым. Келишимди юристке көрсөтүштү, ал болсо 1,5 саат ары-бери кармалап отуруп, жыйынтыгында: «Ооба, футболчулардыкы туура» деди. Акчаны кайдан-жайдан табышты.

Мен жаздан бери ойногон жокмун – жаракат алгам, кийин машыктыруучу гана болууга акыры моюн сундум. Анан конокто «Дордой» менен негизги оюн болмой болду, ал эми команданын жарымы жаракат алышкан. Балдар: «Сергеич, чык!» деди. Ал эми мен болсо машыга баштаганыма эки эле жума болгон. Макул болдум, бирок ойлодум – азыр чыгып, өзүмдүн оюнчуларымдын алдында уят болом деп. Жыйынтыгында жеӊиштүү гол киргиздим!

Андан кийин үйдө «Дордойду» уттук да, чемпион болдук. Шаарча ушундай кубанып жатты. Бизди жакшы көрүп, сыйлап жатышты, атүгүл согуштан да коргоп жатышты.

Кандайча?

2010-жылы Ошто жана анын айланасында куралдуу жаӊжал болду, бир топ адамдар өлүштү. Бирок бизди бүтүндөй калк коргоого даяр болду. Профилакториянын алдында милиция нөөмөттө болду, автоматтар менен кароол турду. Жаӊжал Кочкор-Атага чейин жеткен жок: шаардын жашоочулар азаматтар, баррикада курушуп, согушкерлерди өткөрүшкөн жок. Бирок бизден 3 чакырым гана алыс жерде тополоӊ болуп, адамдарды өлтүрүп атышты. Мына ошол учурда үйдөгүлөр тынчсызданып жатышты...

111

Жубайыӊыз менен балдарыӊыз Кыргызстанга сиз менен барышкан жокпу?

Жубайым келген, бирок ошол учурда ал жок болчу. Ал эми балдарым Краснодарда окушат – бирөөсү 17де, экинчиси 13 жашта. Мен эрте үйлөнгөм, 19 жашымда, жашоо стилим ушундай болорун дароо эскерткем. Мүмкүнчүлүк болгондо, үй-бүлөм мени менен көчүп жүрүштү – бирок бул жакка эмес.

Болбой калган авиакырсык

Азыр улуттук курамада иштеп жатып, Кочкор-Атага барып турасызбы?

Мүмкүнчүлүк болбой жатат. Мартта Афганистан менен болуучу жолдоштук беттешке Ошко учуп барганбыз, тийип кетүүгө убакыт болот го деп ойлогом. Бирок, 30-мартта тарыхта биринчи жолу ошол чөлкөмдө кар жаады. Ошко коноордо пилот учуу-конуу тилкесинин башталышын өткөрүп жиберип, ортосунан коно баштаптыр, токтотуу үчүн узундук жетпей калып, талаага чейин өтүп кетиптирбиз.

Ошол учурда жашоо менен коштоштуӊузбу?

Мен уктап жаткам. Ойгонуп, карасам ажиотаж болуп жатыптыр. Иллюминатордун терезесинен карасам, бир нерсе жайында эмес - асфальт жок, аэропорттун имараты көрүнбөйт. Анан ошол жактан мага баарын түшүндүрүштү. Бактыга жараша, эч нерсе болгон жокпуз. Ал жакта өрт өчүрүүчүлөр да келишип, жамандыкка даярданып алышыптыр. Мындай шартта оюн болобу, жокпу, ал дагы түшүнүксүз болуп жатты, Кочкор-Атага да ошол боюнча жеткен жокмун.

7bf349773762fc1e8b1ab3d67f6e0ecd

Сизди курамага кантип чакырышты?

2010-11-жылдары «Нефтчиде» иштеп жүргөнүмдө, федерациянын мурдагы жетекчилиги ошондо эле кураманы башкарууну сунуштаган. Бирок мен шарт койдум – өзүмдүн келишимим менен эмес, команданыкы менен деп. Алар даяр эмес болчу, мен айттым: «Барыбыр ушуга келесиӊер, ал эми азыр жөн гана убакытты жоготосуӊар». Анан Краснодарга кетип калдым – ырас, өзүм качандыр бир кезде бүтүргөн Краснодар крайынын футбол академиясында жумуш чыкты.

2012-жылы федерацияга жаӊы, жаш жана прогрессивдүү жетекчилик келди. Адамдар көп нерсени өзгөрткүлөрү келишет – жана үч жылда прогресс эбегейсиз болду. Өткөн жылы чалышып: «Сунуштаган нерсеңе барууга даярсыңбы?» деп сурашты. Мен Ысык-Көлгө учуп келдим, ошол жактан баарын макулдаштык.

Сиз эмнени сунуштадыӊыз эле?

Мисалы, матчтар алдында команда 10 күндүк сборго отуруш керектигин. Плюс төрт күндөн кийин бешинчиге дагы бир оюн – башкача айтканда, кураманын карамагында футболчулар 2 жума болушат. Клубдар албетте, муну анча жактыра беришпейт, бирок биз курама деӊгээлинде бир нерсеге жетишкибиз келсе, жол бирөө – команданын катышуучуларынын өз ара жакшы уюшкандыгы, анткени бизде жылдыздар жок. Эгерде бул шарт кабыл алынбаса, курамага келмек эмесмин.

Дагы - команда матчтарга даярданууда чет жактарга сборлорго чыгышы керек дедим. Эми азыр даярдыктар үчүн шарттар – жомоктогуддай. Иордания менен тең чыгууга Бахрейнде даярдандык, Бангладешти утууга – Эмираттарда, Кытайдагы жолдоштук беттештер алдында – Таиландда окуу-машыгууларда болдук. Шериктештик кубогунда Россияны утуп алган (буга байланыштуу өлкөдө кандай майрам болгонун көрсөӊөр болмок!) жаштар курамасы бул турнирге Катарда даярданды. Мына ошол жакка бардык акчалар кетип жатат, айлык маянага эмес.

Тапшырманы аткарганы үчүн бонустар да бар, чынында, бирок менин демилгем менен өзүнчө матчтар үчүн сый акылар жок. Өз өзүнчө жеӊиштер үчүн 100дөн алгандан көрө, 3-4 миӊди дароо алган жакшы. Бирок жалпысынан энтузиазм менен иштеп жатабыз. Өлкөдөгү финансылык абалды билем, ал анча жакшы эмес. Менин келишимимди акырында талкууладык: жөн эле колду кайрый бергенди туура эмес көрдүм. Алар канча бере алса, ошончону беришти.

1413882678_krestinin-vnutr

А тапшырмалар кандай жана аны чечүү канчалык реалдуу?

Азиянын Кубогуна баруу. Тандоо системасы оор. Азыр 5тен командадан түзүлгөн 8 тайпа бар. Тайпадан биринчи орунду алгандар жана экинчи орундагы мыкты 4 команда финалдык турнирге автоматтык түрдө өтөт жана 2018-жылы өтүүчү дүйнөлүк чемпионатка чыгуу үчүн күрөштү улантышат. Ал эми экинчи орунду алган калган 4 команда (начар деп эсептелген) үчүнчү жана төртүнчү менен биригип – Азия Кубогуна гана илинүү үчүн ойношот.

Негизинен, тайпадагы абалды айтсам, экинчи орунду ээлөө, атүгүл аны менен мыкты 4 команданын ичине кирүү толук мүмкүн. Бирок негизги тапшырма – Кыргызстан буга чейин ойной элек, Азия Кубогуна илинүү.

Жакында эле таап алып, командага тартышкан, Кыргызстанда төрөлгөн немис улутундагылар жардам берип жатышат дешүүдө?

Ооба, алар азыр үчөө. Бул балдар төмөнкү немецтик дивизиондордон болсо да, бизге абдан жардам берип жатышат, анткени ал жакта футболдук билим башкача. Сергей Евлюшкин да бар, бирок аны менен көйгөй жаралып жатат, анткени ал Германия курамасы (U-19) үчүн ойнойт, ошол себептен ФИФА эмнегедир бизге аны кошууга тыюу салды. Таӊ калычтуусу, Казакстанда Александр Меркел менен да ушундай абал, бирок аларга уруксат беришти.

Эч кандай түшүндүрмөлөр болгон жок – азыр ушул маселени чечүү менен алектенип жатабыз. Бала «Вольфсбургда» ойногон, Германиянын өспүрүмдөр арасындагы чемпионатында мыкты оюнчу деп таанылган. Азыр Германиянын үчүнчү дивизионунда. Дагы бир оюнчуну Белгиядан таптык, азыр сүйлөшүүлөр жүрүп жатат.

Сиз легионерлердин көп санына умтуласызбы же тескерисинчеби?

Кыргызстандын чемпионатынын деӊгээлинен алып караганда, балдарга ачык эле айткам: «Менин тапшырмам – баарыӊыр кетип, күчтүрөөк чемпионаттарда футболдук билим алышыӊар» деп . Кыргызстандагы биринчиликте болуп жаткандар, мени, машыктыруучу катары канаатандырбайт. Клубдардан оюнчуну алып жатып, 2-3 күн керектүү функционалдык абалга келтирүүгө туура келет.

Слуцкий менен Кононовдун такшалмасынан өтсөк!

«Локомотивдеги» Антон Коченков Бишкекте төрөлүп, чоӊойгон. Аны менен сүйлөшүүгө аракет кылбадыӊарбы?

Биз байланыштабыз. Ал каршы эмес, бирок баары Россиядагы легионерлердин лимитине көз каранды. Кийинки сезондон баштап, Кыргызстан да курамында болгон Бажы биримдигинин мүчөлөрү чет өлкөлүк деп саналбай калат, ошондо Коченков, жана ФНЛдин дагы эки оюнчусу боюнча маселени чечүү бир кыйла жеӊил болуп калары болжолдонууда. Азырынча бизде Россиядан бир гана легионер – «Волга» менен «Анжиде» ойногон, «Тюмендин» оюнчусу Валерий Кичин бар.

Россиялык машыктыруучулардын кимиси менен жакшы таанышсыз?

Николай Южанин, Сергей Балахнин менен. Экинчиси менен 90-жылдары эле «Ростсельмашта» ойноп жүргөндө жолуккам, анда ал машыктыруучулардын бири болчу. Алар тараптан чоӊ колдоо, анын ичинде маалыматтык колдоо алып турам.

Кураманын машыктыруучусу болгон Балахнин аркылуу Леонид Слуцкийге да чыкса болот да.

ЦСКАда анын такшалмасында болгум келет! Өзүмдүн Краснодарымда Олег Кононовдо дагы, анын иши мага абдан жагат, бирок аны менен жеке тааныш эмесмин. Билим топтоп, такшалмаларга чыгууга аракет кылам. Жакында эле, армавирдик «Торпедодо» Валерий Карпиндин машыктырууларын байкап көрдүм. Куала-Лумпурда машыктыруучулардын семинарында ДЧ-2014тү талкууладык, ал жактан Карлуш Кейрош, Бернд Штанге, азыр Кытайды машыктырган Ален Перрен менен тааныштым. Жерар Улье лекциясы менен келди, бул абдан пайдалуу болду.

Кыргызстандын курамасы Австралия сыяктуу каршылаш менен болгон матчта атаандаша алганы Сиз үчүн күтүүсүз болдубу?

Жок. Биз жолдун башталышында элебиз, биздин окуу-машыгуулардын жана олуттуу даярдыктардан жооп болоруна ишенгем - качан, ошону гана билген эмесмин. Мен ойлонулган жана чабуул жасалган футболдун жактоочусумун – ошондуктан, Кононовдун ишин көрүү жагымдуу.

Австралия менен болгон матчка билеттери бар көптөгөн адамдар кире албай калганы чынбы?

Тилекке каршы. Атүгүл менин жубайым трибунага экинчи таймда гана кире алыптыр! Мурда Бишкекте мындай масштабдагы оюндар, ажиотаж болгон эмес – буга дагы даяр эмес экен. Трибунага билеттери жоктордун баары кирип алышыптыр, кимдир бирөөсү достук менен, башкасы бийлик органдары аркылуу, айрымдары жөн гана дубалдардан секирип түшүптүр. Бирок андан бери коопсуздук чараларын ойлонуштурушту, эми мындай кайталанбашы керек.

lar

Краснодарда алардын жердеши улуттук курама менен иштеп жаткандыгын билишеби?

Футболдогу адамдар билишет. Күйөрмандар билбесе керек. Бирок мен өзүм «Кубань» менен ойноп, 99-жылдары экинчи дивизиондо «Түштүк» зонасында биринчи орунду ээлегем. «Краснодарда» бир аз убакыт мурда менин уулум машыкты.

Эмнеге калып калган жок?

Мен методист катары академияда жогорку курактагылар менен кантип иштеп жатышкандыктарына макул эмесмин. Капелло туура айткан, ал жакта дүйнөдөгү мыкты шарттар түзүлгөн. Бирок азыр балдар менен иштерге сербиялык адис жооп берет. Эгер 12 жашка чейин болсо баары сонун, бирок кийинкилери менен болуп жаткандарга такыр макул эмесмин. Балам менин көзөмөлүмдө биздин академияда болгону жакшы деп эсептейм.

Тамбовдо жолугушкан Юрий Жирков менен мамилеңиз кандай?

Жакшы. Өткөн жылы жолугушканбыз. Ал мурдагыдай эле - футболго катуу күйөрман. Тамбовдо биз машыгуулардан кийин көп жолу кездешип калдык - бирөө берет, экинчиси тебет. Юра катуу айрымаланчу - ал эми мен келгенде, анын сүйүктүү «Спартагы» аны кароодон кийин кабыл албай койгондугуна капа болду. Бирок колдорун таштап койгон жок, бир жыл жакшы ойноду - мейли ЦСКА болсо да каарманын тапты.

large

«Кубань» үчүн экинчи чечендик согуш башталганда ойнодуңуз, ал эми каршылаштар Түндүк Кавказ республикаларынын командалары – махачкалалык «Динамо», «Ангушт», «Моздок», «Иристон» болушту... Көңүлдүү болгонбу?

Ананчы. Оюнга Махачкалага чартер менен бир жолу учтук – баруу кооптуу болгон. Уттук, аэропортко келип 1-2 саат оутрудук... Көрсө, Чеченстанда согуш жүрүп жатыптыр, учуулар толуп калган экен - жаракат алгандар бар учактар конуп жатты. Назраниде ойногондо Нальчикте жашадык, оюн болор күнү барып жаттык, Ингушетиянын борборунда түнөш кооптуу болчу.

Албетте, мындан да жогору деңгээлге жете албаганым өкүнүчүтүү - анткени мында мүмкүн болбогон эч нерсе жок экенин сезчүмүн. Бирок, ишти жакшы түшүнгөн агент жетишпей калды деп эсептейм. Анын үстүнө тагдыр эмес го – 17 жашымда биринчи дивизиондо краснодардык «Колос» үчүн мыкты машыктыруучу Валерий Яремченкодо ойнодум, эгерде губернаторду алмаштыргандан кийин команда бөлүнүп кетпеген болсо, менин карьерам таптакыр башкача өнүкмөк деп ойлойм.

Машыктыруучу катары жетишесиз деп үмүт кылабыз. Беделдүү клубдук карьера жөнүндө кыялданасызбы?

Биз курама менен жолдун башталышында элебиз – бирок, албетте, кыялданам. Чоң ырахат алган курамадагы иште өзүмө көңүл бурууга аракет кылам. Эгерде мен бул жакта эмнеден баштаганымды салыштырсак, бул өзү чоң прогресс...

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 5467
Комментарии
Обсуждения закрыты
аватар
T-guljan
09:01, 29 сентября 2015
Сонун! @}->-- Рахмат сизге Александр Сергеевич!
Көп окулду
Учурда окулуп жатат
×
Урматтуу окурман, мекенибиздин аймактагы «турмушунан» кабар алганыңыз үчүн ыраазычылык билдиребиз.
Куш кабарыбыз маалыматтык чаңкооңузду канааттандырса «Нравится» эн белгисин басуу менен сиз үчүн кылган ишибизге дем бериңиз!
Жабуу