Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 23-октябрь
68.58    80.93    1.19    KZT 0.2
Баракелде

Министр М.Турганбаев: Саясатта жеке кызыкчылыгын көздөгөндөр бар, айрымдарына «кекиртегине чыккан сөөк» болуп турам (маек)

Turmush -  Кыргызстандын ички иштер министри Мелис Турганбаев ички иштер органдар системасындагы реформалардын жүрүшү, жарандык коомдун Жол кайгуул кызматынын инспекторлоруна сын пикирлери, ЖККдагы коррупциялык көрүнүштөрдү жоюу боюнча пландар, ошондой эле алдыдагы парламенттик шайлоодо коопсуздукту камсыздоо тууралуу маек курду.

Turganbaev Melis

- Мелис Токтомамбетович, акыркы учурда социалдык түйүндөрдө, YouTube баракчаларында элдин бүйүрүн кызыткан ЖКК кызматкерлери катышкан видеолор чыгып жатат. Деги эле ошол сын-пикирлерди жалпысынан кандай баалайсыз?

- Эми сын-пикирлер айтылып турушу керек. Негизи эле иштеген жерде, иш жүрүп жаткан жерде сын пикир көп айтылат экен.

Бул маселенин бардыгы, бир эле күндө чыга калган жок. Жыйырма жылдан бери чогулуп калган нерселер. Учурда жарандык коомдор, массалык маалымат каражаттарынын мүчөлөрү, журналисттер, бардыгы менен ачык иштегенге аракет кылып жатабыз. «Ушундай терс көрүнүштөрдү байкасаңар бизге маалымат бергиле, биз чукул чараларды көрөбүз» деп кызматташууга чакырып жатабыз. Бирок, кыргызда бир жакшы макал бар эмеспи, «Бир карын майды бир кумалак чиритет» деген, ошондой «кумалактар» жалпы милициянын абройуна шек келтирип жатат. Кыргызстандагы министрликтердин арасынан ИИМ миңдеген кызматкерлери бар эң чоң курамдарынын бири болгондуктан, бардыгынын аркасынан жүрө албайт экенсиң. Бирок, мыйзам бузган, чектен ашкан учурлары болсо мыйзам чегинде аеосуз жазалап жатабыз. Өзүбүз да кармап, 40тан ашык жазык ишин козгодук, 100дөн ашык кызматкерибизди иштен кетирдик. Ошонун ичинде Жол кайгуул кызматкерлери да бар. Мына, Коррупцияга каршы кызмат, Башкы прокуратура менен биргелешип, кайсы жерде колу таза эмес кызматкерлер болсо, ошолорду чогулуп барып кармап жатабыз. Ага өзүбүз да кызыкдарбыз. Бирин-экин кызматкердин жоругу менен бүт милициянын кылган ишин чийип коюуу – менимче туура эмес. Кээ бирлери атайылап «бөйрөктөн шыйрак чыгарышат».

Мага, менин кылган иштериме эрегишип, жумуштарымды көрө албаган, же болбосо кандайдыр бир нерсеге кызыкдар тараптар бар. Мына шайлоо да жакындап калды, саясатта да жеке кызыкчылыгын көздөгөндөр бар, алардын айрымдарынын «кекиртегине чыккан сөөк» болуп турам. Себеби, мен өзүм принципиалдуу кишимин. Чындыкты айтам, мыйзамдуулукту сактайм.

- Сын-пикирлердин келип чыгышы милициянын начар иштегениндеби же себеби эмнеде?

- Буга чейин айтып өткөндөй, коомчулук менен ачык иштегенден улам болуп жатат. Иште ачыктыкты камсыз кылууну көздөп, ИИМдин сайты, менин жеке баракчам, андан сырткары жер-жерлердеги коомдук кеңешчилерим аркылуу маалыматтарды алып турам. Алыстагы Баткенден баштап, биягы Нарын, Көл, Оштун бардык айылдарында экиден-үчтөн коомдук жардамчыларды дайындагам. Алар милиция кызматкерлери кандай иштеп жатышканы, эмне иш алып баргандыгын бизге билдирип, реформаларды акырындык менен алга жылдырып жатабыз.

- Реформанын жүрүшү азыр соңуна чыгып баратат десек болчудайбы же дагы канчага уланат?

- Мен сиздерге бир нерсени айта кетейин, реформа толук кандуу болушу үчүн акча каражаттары менен камсыз болушу керек. Ушул тапта биздин бюджетте каралган каржынын эсебинен гана реформаларды жасап жатабыз. Базаларыбызды бекемдеп алдык, курулуштар жүрүп жатат. Моралдык абал да жакшырды. Жол кайгуул кызматында дагы жаңылануу иштерин жасап жатабыз. Мисалга, азыр биз аралаш кайгуулду, Жол кайгуул милиция дегенди түзгөнбүз. Алар үч нөөмөт менен Бишкекте, Ош шаарында МАИ жана эки патрулдук посттук кызматтар иштейт. Жаңы түзүлгөн топтун ыкчам аракеттери менен шаарда 500дөн ашуун кылмыштын бети ачылды. Көчөдөгү бейбаштык иштери жана башка ар кандай кылмыштар тууралуу маалымат берилген жерге 5 мүнөттөн 7 мүнөткө чейин убакытта жетип барып, иликтөө иштерин жүргүзүп жатышат. Ошто, Чүйдө да түзгөнбүз. Мына ушулардын кылган иштерин карап, түзүмдүк курамда түп тамырынан бери өзгөртүүлөрдү жүргүзөлү деп жатабыз.

ШИИБдин жетекчиси болуп иштеп турганымда, шаарда биринчилерден болуп түнкү батальон дегенди түзгөн болчумун.

Шаарда күнүгө 50 экипаж, анын ичинде: бир милиция кызматкери, эки патрулдук кызматкер, автоматчан кызматкерлер менен шаардын көчөлөрүн кыдырышып, ири партиялардагы баңгизаттарды таап, көптөгөн кылмыштарды бетин ачышты. Мурун курамында 50дөй киши болчу, азыр 100дөн ашык, 120 киши иштеп жатышат. Санын дагы көбөйтөлү деп турабыз. Азыр биз көчөдө турган Жол кайгуул кызматын да ошондой Жол кайгуул милициясы кылып түзсөкпү деген ойдобуз. Өлкө, өкмөт башчылары ар кайсы жакка барганда ошол трассаларды тейлеп турган өзүнчө батальондорубуз бар. Ошонун бардыгын ЖККнын карамагына калтырып туруп, Жол кайгуул милициясы кылалы деп жатабыз. Акырындап отуруп ЖККда иштегендердин 60-70%ын жаңырттык.

- Өзгөрүүлөр кадр алмаштыруу менен гана аяктайбы?

- Тескерисинче, улантылат. Жакында Кытайга барып бир жакшы аппаратты алып келели деп турабыз. Кытайда да биздикине окшоп, жарандык коом менен жол полициясынын ортосунда ар кандай пикир келишпестик учурлар болгон экен. Аны чечүү үчүн атайы видеокамерасы, диктофону, GPS тутуму бар аппаратты ишке киргизишкен.

Чип салып коюп, биздин кызматкер кайсы жерде иштеп жаткандыгын биз онлайн-режимде компьютерден карап көзөмөлдөп турабыз. ЖКК өзүнүн бөлүнгөн районунда иштеп жатабы, кандай иштеп жатат, бүт бардыгы көрүнүп турат. Андан тышкары жанакыдай чуулгандуу учурлар диктофонго, видеокамерага түшүп, бардыгы ачык-айкын болот. Азырынча 500 даанага тапшырык жөнөттүк. Алгач Чүй, Бишкек, Ош шаарларын камсыз кылабыз. Анан акырындык менен ар бир ЖКК кызматкерине беребиз. Мына ошондо коррупция дагы, калган сүйлөшүүлөр дагы токтойт го деп ойлом.

Учурдан пайдаланып айтып койгум келет, былтыркыга караганда адам өлүмү боюнча жол кырсыктардын саны 5%дан 7%га чейин азайды. Административдик айыптар да быйыл 2-3 эсе көбүрөөк чогултулду. Башкача айтканда, мамлекетке 200 миллиондон ашык акча каражатын чогултуп бердик. Андан сырткары, туристтик мезгил убагында Ысык-Көлдө рейд кылып, ЖККнын ишин маал-маалы менен өзүм көзөмөлдөп жаттым. Келген конокторубуздун бири да ЖККнын иши боюнча жаман сөз айткан жок.

- Сиз айтып кеткен реформа боюнча. Мисалы, буга чейин өкмөттүк эмес уюмдар, активисттер «бизге Грузиядагыдай реформа керек» деп көп айтып келишти. «Бир күндө МАИнин баарын таратып жибериш керек, ошондо гана оңолот» дешти. Сиздин жеке пикириңизде, ошол Жол кайгуул кызматынын бардыгын таркатып жиберүүгө мүмкүнбү?

- Эми биз реформаны акырындык менен изилдеп чыгып туруп, жасап жатабыз да. Мына, ички иштер министрлигин реформалоо башкармалыгы ачылды. Ал жерде укуктук башкармалык, андан сырткары, донорлор менен иштеген эл аралык башкармалык дагы бар. Акырын акырындан ага барышыбыз керек.

Бүгүнкү күнү биздин материалдык-техникалык жабдуубуз, автоунааларыбыз жетишпейт. Акчаларды бөлүп берсе, унааларды, аппаратураны, рацияларды, алкотестерлерди, радарларды, видеокаттагычтарды (видеорегистраторлорду) алып, жаңы шарттарды түзүп берсек, азыр болуп жаткан коррупциялык жана башка терс көрүнүштөрдүн бардыгы жоюлат деп ойлойм. Ушуну менен катар ЖККга 15% бонустук тутум кылып жакшы иштегендерге акчалай сыйлык берип турушубуз керек.

- ИИМдин академиясындагы абал кандай болуп жатат? Быйыл милиция кызматын каалап, окууга тапшыргандардын саны көппү?

- Ал жакта бир катар кыскартуулар болду. Курсанттардын санын да, мугалимдердин да санын кыскарттык. Быйыл 120 курсант алдык, алар жалпы республикалык тестирлөөдөн 110дон кем эмес балл алган балдар. Мурда 200-300 бала алышчу, саны бар сапаты жок эле. Мына азыр сапатка көңүл буруп жатабыз. Кирүү экзамендердин бардыгына журналисттер, жарандык коомдордон катышты. Биздин өзүбүздүн коомдук байкоочуларыбыз да бар. Окуу тутумунда конкреттүү реформаларды жүргүзүп жатабыз. Мугалимдердин бардыгы азыр ал жерге конкурстук негизде кабыл алынат.

- Милициянын азыркы учурдагы жалпы абалына кандай баа бересиз?

- Министрликти реформалоо боюнча 8 жыйын болуп өттү. Көз карандысыз «Эл пикир» борбору ЕККУ менен биргеликте өздөрү жер-жерлерде сурамжылоо жүргүзүшүп, бүгүнкү күндө милицияга болгон элдин ишеними 62% деген бүтүм чыгарышты. Демек, жылыш ачык байкалып турат.

Чынын айтканда, мурда милицияны жамандап эле отурушчу, азыр ар бир жерге барсак, милиция туурасында жакшы сөздөрдү айтышат. Бирок, жүрөк өйүткөн маселе баягы эле милиционердин финансылык абалы. Мисалы, милиционердин паегу бир күндө 30 сом болсо, түрмөдө отургандардыкы 80 сом, жада калса кызматтык иттердин да паегу биздикинен жогору. Эң төмөнкүсү эле биздики. Ушуну Коргоо министрлиги менен теңдеп бергиле деп, суранып эле келатабыз, жакшы көңүл бурулбай жатат. Жок дегенде 60 сом кылып койсо, кызматкерлерибиздин айлыктарына 5000 сом кошулуп калат экен.

Жакшы жылыштар тууралуу айта турган болсом, жакында көп курулуштар бүтөт. Кызматкерлерге атайы кызматтык үйлөрдү бергени жатабыз. Президент дагы биздин кызматкерлердин аткарган иштерине ыраазычылыгын билдирип, үйлөрдү куруп берүү маселесин алдыңкы планга коюп, социалдык жагынан да абалын жакшырталы деген оюн айтууда.

- Айрымдар ЖКК кызматкерлери жеке менчик унаалары менен жүрүп жатышат деп сын айтышууда. Муну кандай түшүндүрүп бере аласыз?

- Эми мындай да. Бишкек шаарында 12 унаа бар. Курамдагы калган 200дөн ашык адам жөө иштемек беле? Унаа болуш керек да, эки жакка барышы керек. Бирөө сүзүп качат, аларды кубалаш керек. Өзүнүн унаасы менен иштеп жаткандарга мыйзам жол берет. Уруксат экени «Ички иштер органдары жөнүндө» мыйзамда, ар бир кызматкер «өз автоунаасын кызматтык максатта колдонуп, айдаса болот» деп кашкайып жазылып турат. 2005-жылы бир туура эмес токтом чыгарылып калыптыр, жеке менчик унаалары менен иштебесин деген токтом чыккан. Убактылуу токтомго караганда башкы документ болгон мыйзамдын чегинде иштешибиз керек. Бирок, ошентсе да жеке менчик унаасы менен күзөткө чыккандарга бир шарт коелу деп жатабыз. «Бул кызматкерибиз өзүнүн унаасы менен иштеп жатат, мамлекеттик номуру, фамилиясы мындай» деп жазылган, сүрөт чапталган уруксат берүүчү документ жасатып беребиз.

- 2010-жылы криминалдык күчтөрдү колдонгон учурлар кездешкенин баары айтып жүрүшөт. Элдерди коркутуп, үркүтүү менен добуш бердиртип, мурдагы режимден калган ыкмалар иштеди деп. Бул жылдагы шайлоо кандай болот? Ушундай көрүнүштөр кайталанбайбы? Дегеле криминалдык абал кандай?

- Бүгүнкү күндө абал коопсуз деп ишендирип кете алам. Партиялардын криминалдарды шайлоого колдонушуна бөгөт коюлат, ага жол бербейбиз. Бардыгы көзөмөлдө. Негизи шайлоо – «жыгылган күрөшкө тойбогондордун» оюну экен. Кээ бир саясатчыларыбыз уттуруп койсо кызаңдашы мүмкүн. Бирок, биз башаламандык уюштурууга жол бербейбиз. Шайлоо күнү жер-жерлерде, участоктордо күнү-түнү милиция кызматкерлери күчөтүлгөн режимде кызмат өтөтшөт. Андан сырткары, бул багытта элдик кошуундар, жарандык коомдор, коомдук ишмерлер, аксакалдарыбыз да иш алып барышат. Бүт бардык жактар менен сүйлөшүп, ишти координациялап жатабыз. Эч жерде кызматкерлерди шайлоого аралаштырбайм.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 3947
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
Учурда окулуп жатат
×