Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 23-октябрь
68.58    80.93    1.19    KZT 0.2
Баракелде

Философия илимдеринин кандидаты, профессор Д.Жапаров: Кыргызстан келечекте техниканын мамлекети болушу керек (маек)

Turmush -  Философия илимдеринин кандидаты, профессор Жапаров Дүрбѳлѳң Сыдыкбаевич 1944-жылы Ысык-Кѳлдүн Ак-Суу районунда Үч-Кайнар айылында туулган. Кыргыз Улуттук университетинин орус филология бѳлүмүн бүтүргѳн. Коомдук илимдер академиясынын президенти, «Жаңы айдыңдар» интелектуалдык гезитинин башкы редактору, билим берүүнүн отличниги.

Учурда Б.Бейшеналиева атындагы Маданият жана искусство университетиндеги социалдык-гуманитардык кафедрасынын башчысы.

Төмөндө Д.Жапаровдун учурдагы мектептердеги билим берүү багытынын жалпы абалы жѳнүндѳ аңгеме – маегин сунуштайбыз:

- Дүрбѳлѳң агай, илимдин адамы катары айтсаңыз, ѳсүп келе жаткан мектеп окуучулары азыркы кезде карама-каршы келген эки баалуулуктун ортосунда турат. Бирин индустриялык, экинчисин маалыматтуулук деп жүрѳбүз. Мына ушул эки нерсе боюнча мектептерде билим берүүнүн абалы кандай болушу керек?

- Ооба, дүйнѳдѳ ѳзгѳрүүлѳр болуп кѳрбѳгѳндѳй тездик менен ѳсүүдѳ. Сиз берген суроонун ѳзѳгүндѳ жакшы дан жатат. Азыркы убакта адам аң-сезимине ашыкча баа берилип, бүтүндѳй ѳзгѳрүүлѳргѳ дуушар болуп жатканы да бекер эмес. Илимдин жана техниканын абалы ушунчалык жетишкендикке дуушар болуп, жаңыча ачылыштардын тездик менен ѳсүп жаткандары талашсыз чындык. Мен муну менен эмнени айткым келип жатат, билим берүү деңгээлинде кайсыл гана тармак болбосун кечээки илимий – педагогикалык иштер, азыркы кездин билим деңгээлине салыштырганда кызыксыз жана азыркы талапка таптакыр жооп бербейт. Билим берүүнүн баалуулугу азыркы талапка жооп бергидей болушу керек. Анткени, мектеп жашындагы балдардын аң-сезимин бѳлѳк баалуулуктар, бѳлѳк нерселер башкарып алып, кызыгууларын таптакыр башка ойлор чулгап алган. Ал кызыгуу айлана-чѳйрѳгѳ байланыштуу жана кѳз карандысыз болууда. Алардын жаңы кызыгуулары барган сайын ѳзгѳрүлүп, дүйнѳ таанымдары таптакыр башкача. Акыл сезими ѳсүүдѳ, начар нерселерди четке кагып, жаңы пайда болуп жаткан нерселерди ѳзүлѳрүнүн чѳйрѳсүндѳ бат-бат кабыл алып, жаңылап туруусун каалашат. Жаңыча жашоо – дайыма жаңы адамдарды пайда кылууда, ал эми биздин мектептердеги билим берүү жагдайы – жаңыча ойлонуунун ѳз бет алдынча болуусуна кедергисин тийзүүдѳ. Баягы эле эскиче билим берүү, эскиче ойлонуу, ѳзүлѳрүнүн ойлорун таңуулоо жана башка жаңы нерсе жок, тескерисинче ашыкпаш нерселер биздин кѳз алдыбызда болуп эле жатпайбы.

- Жаңы жагдайда билим берүүнүн классикалык жаңы жактарын ачык-айкын багыттап айта аласызбы?

- Биздин мектептерде, билим берүүнүн жаңыча окутуунун тажырайбасына багыт бере албаганында болуп жатпайбы. Окутуунун кандай гана сапатын жакшыртпасын, кандай гана билим берүүнүн кѳлѳмүн кеңейтпесин, мындан ѳзгѳрүлүп жаткан жаңы доорго карата биздин балдарыбыздын кѳз караштарын ѳзгѳртѳ албай жатканында. Азыркы жашап жаткан жагдайыбыз бул жагынан «сенектикке» жол берилип, ѳнүгүп жаткан ѳлкѳлѳргѳ салыштырмалуу кѳп жагынан артта калуудабыз. Ошондуктан, бул абалдан чыгуу үчүн – жалпы билим берүү жагынан окутууну азыркы талапка ылайыктап, жаңыча билим-илим жана техникалык жактан окутууну ѳзгѳчѳ кѳңүл буруу керек. Билим берүүнүн жаңыча стратегиялык багытын иштеп чыгып, уникалдуу кѳз карашта – астыга койгон кѳп жылдык программаларды кабыл алып, билимди, илимди ѳрчүтүшүбүз абзел.

- Азыр бизде билим берүүнүн социализимден берки калган жагы дагы деле болсо жашап, калыптанып, саясатташкан жагдайлар аң-сезимибизде жашап жатпайбы, аны кантебиз?

- Ѳлкѳбүздүн тагдыры, балдарыбыздын тагдыры жаңыча билим берүүгѳ байланыштуу. Ушундай нерселерге ар бирибиз маалыматтын доорунда жоопкерчилик менен мамиле жасашыбыз керек. Ѳткѳн доорду сындай бергенибиз болбойт, бардыгы ѳз учурунда болду. Убагында советтик доордун билими учурдун талабына жооп берип келди, азыр болсо учурдун талабы таптакыр башка. Азыр техниканын, технологиянын үстѳмдүк кылып жаткан маалы. Ошондуктан жаңы доорго жаңыча мамиле жасоо, жаңы муундарды даярдоо талапка ылайыктуу. Билим берүүнүн жаңыча мезгилин учурга ылайыктоо зарыл. Эскирген окуу прогараммаларын алмаштырып, билим берүүнүн информатикалык жолуна ѳтүп, улустардын кѳлѳмдѳрүн ѳзгѳртүүбүз керек. 21-кылым башталды, бирок жаңыча багыт алалбай жатабыз. Балдарыбыз болсо эскиче окууга таптакыр кызыгын кетирди, жаңыча компьютердик окууга баш коюп жатканда, мугалимдердин жаңы заман бап менталитетин даярдаш азыркы учурдун талабы. Биздин кедергибизге тийгизип жаткан, азыркы билим берүү абалыбыздын кѳйгѳйү ушул – бир чечкиндүү астыга жылуучу багытты кѳргѳзѳ албай жатканыбызда. Мектептер аралык жаңы маалымат доорунда – гипотетикалык жаңы багыттардын сунушталган долбоорлорунун аныктамасы керек. Мен окумуштуу катары жаңы сунуштарды кѳтѳрүп, айтып эле келе жатам. Анын ичинде: жаңылануунун жаңыча кѳз караштары, ѳзүнчѳ билим алуу, анын мазмундук ѳзгѳрүшү жана багыт берүүсү, мектеп окуусунда – жаш кезинен тарта кесипти тандоого жѳндѳмдүү билимге ээ болуу жана коомго пайдалуу иштерге ѳзүн аныктоо жѳнүндѳ бир канча ойлорду айткам. Анда, балдар мектепте окуп жүргѳн кезинде эле ѳзүлѳрүн ойлонууга жѳндѳмдүү болору, экономикалык жана ѳндүрүштүк керектѳѳлѳрдүн коомго канчалык пайдасы тиерине ѳз алдынча багыт аларын, жеке ѳзүмчүлдүк кѳз караштан бошонуп, балдар жаш кезинен тарта турмушка болгон жигердүүлүгү артып – коомду кантип алдыга жылдыруунун жол-жоболоруна жѳндѳмдүү болуп чоңойорун аныктаган жагдайларым ж.б. ушуга окшогондорум бир канча.

- Биз окуган мезгилде, андан мурдараак – тагыраагы 1966-жылдарга чейин 11 жылдык окуу, андан кийин 10 жылдык окуулар болуп келбедиби. Эгемендүү болгонубузда кайрадан 11 жылдык киргизилди, мындан тышкары бала-бакчаларда да жарым жылдык даярдоо окуулары бар. Ушулар канчалык ѳзүлѳрүн актай алат, деги ушулардын азыркы учурда зарылдыгы канчалык, балким бѳлѳк реформалар керектир?

- Мен жана сѳзүмдѳ айтпадымбы, ѳткѳн доордун ѳз учурунда билимдүү жаштар керек болду деп. Ал доор бѳлѳк, азыркы доор бѳлѳк, ѳткѳндү баалабай туруп, жаңыны жаратуу мүмкүн эмес. 11-классты бүтүргѳндѳн кийин, бүткѳн окуучуга «тракторист-механизатор» деген күбѳлүк берилчү эмес беле. Ошо кездеги дың жерлерди, айдоолордун бардыгын ошолор айдачы да, туурабы? Ошо кездеги билимге, илимге, айыл чарбасына реформа жүргүзгѳн ѳкмѳт башчы Н.С.Хрущев ѳткѳн кылымдын 60 жылдардын башында кызматтан кеткенден кийин, анын: «механизация-механизация плюс химизация» деген ураандары четке кагылып, анын 11 жылдыктын ордуна 10 жылдык кийрилип, кѳп нерселер жок болуп кетти. Андан бери далай ѳзгѳрүүлѳр болду – Союз урады, эгемендүү эл болдук. 11 жылдык туура экен деп, ойлонбой туруп аны кийридик, аягы эмне болду? Ашыкпаш чыгымдар кѳбѳйдү, канча деген китептерди басып чыгарууга эмне деген каражат талап кылынып жатат.

Азыр 11-класстын балдары китеп беттерин ачпайт, кулактарынын чѳнтѳк телефондорунун укмаларды илип алып мектепке барбай, интернет клубдарда порнофильмдерди кѳрүп жаткандары четтен чыгат. Айыл жерлериндеги мектептерге болсо компьютерлер жетпейт, жетмек тургай таптакыр кѳрбѳгѳндѳрү андан кѳп. Алтын, күмүш медалдар менен бүтүп келген окуучулар жѳнѳкѳй «тесттен» ѳтпѳй калууда. Бир мисал келтирейин: дүйнѳдѳгү эң кѳп факультеттери менен айрымаланган Чехословакиянын Прага университети, 1970-жылдары мектептерге 9 жылдык окутууну киргизген. 9 жылдыкты бүтүргѳндѳр 3 жылдык колледждерге кирип, аны бүтүрүп, тандаган кесиби боюнча каалаган университетке ѳтѳ алышкан. Колледжден аларга билим берүү менен катар техникалар боюнча ойлоп-табуучулук, илимий изилдѳѳчүлүк программаларын окуткан. Ошентип билим алган студенттер, ойлоп табуучулугу менен жасаган техниканын ѳзгѳрүштѳрү аркылуу ѳнѳр-жай ѳндүрүшүнѳ киргизилип, ѳзүнүн ѳлкѳсүнѳ албан кирешелерди киргизишкен.

Сиздин сурооңузга жооп, эгерде кыргыз эли келечекте техниканын мамлекети болушу керек десек, эң негизгиси – мектептерде окуп жаткан балдардын биринчи муктаждыгын ачык - айкын багыттап берүүбүз зарыл. Бул багыт – табийгый илимдин, техникалык багыты болушу керек. Эгерде жалпы билим берүү мектептерде 9 жылдык билим берүүгѳ ѳткѳн болсо, анда биз жаңы билим берүү багытына жаңыча 1-класстан 9-класска чейин сабактардын программаларын «Жаңы айдыңдар» гезитинин 2014-жылдын май-июнь айындагы №6 санынын 2-бетине сунуштаган элек.

Ал эми бүгүнкү күндѳ мектептердин багыты жок, ушундай парадокс. Биз сунуш кылган багыт – тарыхыбызды, менталитетибизди, аң-сезимибизди ѳзгѳрүшүн эсепке алышыбыз керек, тилекке каршы анте албай жатпайлыбы. Биздин эл, акылдуу эл, ар неселерди бат эле үйрѳнүп алганга жѳндѳмдүү жана таланттуу, анткени биздин тарыхый менталитетибиз ушундай.

- Бѳлѳк ѳлкѳлѳрдүн ѳткѳн жолун, окуу тажрыйбаларын чанбастан пайдаланса болот деген ойду айтып жатасызбы?

- Эмнеге пайдаланга болбосун, болот! Мына биздин депутаттарыбыз, ѳкмѳт башчылары, анын ичинде билим-илим, маданият жана башка кѳптѳгѳн ѳкүлдѳрүбүз чет мамлекеттерге барып, командировкалар үчүн миллиондогон акчаларды коротуп жатат, бул чындык. Бирок, мага түшүнүксүз жагдайлары ѳтѳ арбын. Мейли илим болобу, мейли билим болобу – бир кенедей тажырыйба же реформа жасай алышкан жок, ѳкмѳт чиновниктери алгылыктуу сунуштарды сунуштап чыга алышпады. Сиз, журналист катары жаңы реформалар болуп жатканын укканыңыз барбы, менин бул жагынан таптакыр маалыматым жок, билбейм. Ал эми биздин республикабызда, илимде – эмне деген ѳзгѳрүүлѳр болуп жатканынан менин таптакыр эле маалымат айдыңынан кабардар эмесмин, балким мен жаңылып жаткандырмын.

Дүйнѳлүк масштабда – нанотехнология менен биотехнологияда кандай дүркүрѳгѳн ѳнүгүү, ѳсүү болуп жатат, ага жетиш үчүн ѳлкѳ ичинде билим-илим саясаты ѳтѳ жогору болушу керек. Ѳнүккѳн ѳлкѳлѳр: Америка, Германия, Кытай, Англия, Жапон, Россия, Сингапур ж.б. мамлекеттердин билим берүү жагдадары – мектептен баштап, жогорку окуу жайларында реформа күчтүү болгонунун аркасында жетишип жатат. Ал эми экономиканы алдыга жылдырыш үчүн илим – билимдин деңгээли ѳтѳ жогору болушу керек. Бир мисал, Сингапур деген мамлекетти алып кѳрѳлүчү, кыска убакта бүтүндѳй ѳлкѳ ичинде тармактар боюнча кандай секириктерди жасады. Эмнеге бизде ошондой ийгиликтерди жасашка болбойт?..

Мындан үч жыл мурда, Бишкек шаарында Алмаз Абеков деген жигит – мектептерге сабак берүүнүн эң мыкты заманбап тажырыйбасын ойлоп тапкан. Мугалимдер бир жерден – борбордук компьютердик класстан туруп, сабактарды анимациялык кѳргѳзмѳлѳр аркылуу ѳтүүнү киргизген. Мында, эч кандай лабароториялык – химиялык реакцияларды жүргүзүүнүн кереги жок эле, электрондук – компьютер аркылуу анимациялык кѳргѳзмѳлѳрдүн жардамы менен сабактар ѳтүлчү. Ошол учурда, Аламүдүн районундагы Виноградная айылындагы орто мектептерге сабак ѳтүлүп жатканын кѳргѳн ѳлкѳбүздүн президенти Роза Исаковна Отунбаева колдоого алып, мындай тажырыйбаны мектептер арасында жайылтууну айткан. Азыр, билим-илим берүү министрлиги ошо кездеги заманбап сабактарды андан ары улантып кетмек тургай, таптакыр эстеринен чыгарып коюшканы таң калыштуу.

- Сиздин алысты кѳрүп, келечек жѳнүндѳ сѳз кылып жатканыңыз ѳтѳ орчундуу экен. Ушул эле учурда айылдык мектептерде билим берүүнүн ордуна, «ремонтко акча бер», «мектеп рэкетчилиги» жана дагы ушул сыяктуу кѳйгѳлѳр кѳп эмеспи. Компьютерлерди билбеген мугалимдерибиз да арбын, ушул мселелерди кантебиз?

- Биринчиден, мектеп аралык реформаларды коркпой-үркпѳй жасаш үчүн жогорку эшалондогу чиновниктердин саясий эрки керек. Илгеркидей, бир улуттун оозун карап отурган заман ѳттү да кетти. Реформа, реформа! деп кыйкыра бергенден, реформа ѳзүнѳн-ѳзү жарала бербейт. Ал үчүн атайы ѳкмѳт кабыл алган алгылыктуу илим-билим жѳнүндѳ чоң программа иштелип чыгып, 5 жылдык план катары кабыл алынып, кийирүү зарыл. Акча, рэкетчилик маселеге келгенде, мыйзамдын иштебегенинен болуп жаткан нерсе. Компьютерди билбеген мугалимдер милдеттүү түрдѳ үйрѳнүүсү зарыл, каалабаса ѳзүлѳрүнүн жеке иши. Андайлар, талапка ылайыктуу жооп бербесе, ѳзүнѳн-ѳзү эле иштебей калат. Ордуларына талапка жооп бере турган бѳлѳк кадрлар келет...

- Ырахмат маегиңизге!

Маектешкен Кайнарбек Бийлибаев.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 5784
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
×