Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 23-октябрь
68.58    80.93    1.19    KZT 0.2
Баракелде

Жаңы Кылмыш-жаза кодексинде соттолгондугун алып салуу институту алынды — бул коррупциялык институт, - Л.Сыдыкова

Turmush -  

Кылмыш-жаза кодекси биздин өлкөдөгү маанилүү нормативдик укуктук акттардын бири. Эксперттер менен Кылмыш-жаза кодексинин жаңы редакциясы иштелип чыкты. Анын өзгөчөлүктөрү жөнүндө Кыргыз-Орус-Славян университетинин проретору, эксперттик топтун жетекчиси Лейла Сыдыкова айтып берди.

- Кылмыш-жаза кодексин реформалоо боюнча жумушчу топ тарабынан кандай иш жүргүзүлдү?

- Жумушчу топ тарабынан Кылмыш-жаза кодексин оптимизациялоо жүргүзүлдү. Кылмыш-жаза кодексин реорганизациялоо боюнча биринчи кадам - «кылмыштык жорук» түшүнүгүн киргизүү. Кылмыш — чоң эмес, орто, оор, өзгөч оор — так чектелиши керек. Анткени оор эмес кылмыштар үчүн сөзсүз эркинен ажыратуу керек эмес.

Бул кылыктар жоруктар жөнүндөгү өзүнчө кодексте белгиленди. Алар кылмыштуу бойдон калышат. Бирок зыяндын деңгээли чоң эмес болгондуктан айып төлөтүү же оңдоочу иштер менен чектелүү жетиштүү.

Биз соттолгон кылмыш жорук үчүн укутук кесепеттерден кетүүнү каалайбыз. Соттолгондук орто, оор жана өзгөчө оор кылмыштар үчүн гана калат. Бул коомдогу криминалдык катмарды көбөйтпөө үчүн кылынды.

Реформанын экинчи аспектиси- декриминализация.

Бизде өмүр бою эркинен ажыратууга теңдешкен 20-30 жыл эркинен ажыратуу мөөнөттөрү бар. Соттолуучулардын мындай категориясы эч качан оңолбойт. Алар «мага мунун эмне кереги бар, мен 30 жыл отурам» дешет.

Биз чоң мөөнөттөрдөн кетип, максималдуу мөөнөттү 15 жыл, миниммалдуу мөөнөттү — 6 ай деп белгиледик. Бирок кылмышка жараша 20 жылга чейин каматууну калтырдык. Ошондой эле оор жана өзгөчө оор кылмыштар үчүн өмүр бою эркинен ажыратуу калтырылат.

Үчүнчү аспект — категоризация киргизүү менен жаза берүү системасында реформа жүргүздүк. Мисалы адамды 6 жылга чейин эркинен ажыратышты. Сот минимум 3,5 жылдан 5 жылга чейинки мөөнөт бере алат. Соттук кароого кенен ыйгарым укук берилет. Бул коррупциялык норма.

- Дагы эмне кылынды?

- Биз өзгөчө бөлүмдү толугу менен «которуп» чыктык. Жаңы кылмыштар — медициналык кылмыштар киргизилди. Дарыгерлердин жоопкерчилиги абдан жогорулады.

Адамдын эркиндиги жана конституциялык укуктарына каршы кылмыштар боюнча бөлүм каралып чыкты. Эми ал дагы конкреттештирилди.

Кыйноолор кызматтык кылмыштар адамга каршы кылмыш категориясына өткөрүлдү.

- Мунапыс жокко чыгарылат деп жатышат?

- Мунапыс — бул мамлекеттин гумандуу көрүнүшү. Бирок бизде мунапыс башка мааниге өтүп кеткен — ал жаза абагын бошотуунун каражаты болуп калган. Эч кандай гумандуулук жок болчу. Мунапыс баардык адамдарга тиешелүү болушу керек. Бизде ал айрым категорияларга гана тиешелүү болуп калды.

Биз мурдагы советтик жана чыгыш европа мамлекеттеринде колдонулган бул институттан баш тартууну каалаганбыз. Европанын соцмамлекеттеринде мунапыстан баш тартышты. Мисалы Польшанын Конституциялык соту мунапыс жөнүндөгү конституциялык эмес норманы тааныды.

Советтик укукта тарбияланган биздин юристтер бул институттан баш тартуу керектигин түшүнө албай жатат. Алар реформага каршылык жаратышты. Биз бул чатакты чечүү үчүн «Мунапыстын жалпы принциптери жөнүндөгү» мыйзам долбоорду даярдадык. Анда кайсы категориядагы адамдарга мунапыс колдонулары белгиленген. Мыйзам долбоор президенттин Аппаратында турат. Аны президенттин алдындагы соттук реформа боюнча Кеңеш карашы керек. Биз анын баасын күтүп жатабыз.

Эгер мыйзам долбоор жактырылса, анда Кылмыш-жаза кодексинде мунапыс болбойт. Бирок конституциялык көзөмөлдөө институту катары калат.

Биз мунапыс жылына бир гана жолу колдонулушу керектигин жаздык. Эгер адам айып төлөөгө же оңдоочу иштерге тартылса, анда мунапыс колдонулбайт.

- Кылмыш-жаза кодексинин жаңы редакциясында дагы кандай жаңылыктар бар?

- Биз соттолгондугун алып салуу институтун алып салдык. Бул дагы теңчиликтин принциптерин бузган коррупциялык институт.

Мисалы 3 адам бирдей кылмыш кылышса, жаза өтөгөндөн кийин бирөөсү сотко берип, соттолгондугун алып салат. Калган экөөсү соттолгон деген макам менен калып калат. Эгер соттолгондугу алынса, анда бул категориядагылардын баарысыныкы алынышы керек. Бул жерде дагы чечим кабыл алуу үчүн соттук кароого кенен аянт калат.

Агы рецидив түшүнүгүн алдык. Адам фактылык кылгандары үчүн жооп бериши керек. Ал мурда соттолгонбу же жокпу биз эмнеге бул нерсеге байланып жатабыз? Бир нече кылмыш кылганы үчүн адам жооп берет. Башкача айтканда мөөнөтү көбөйөт. Рецидив институтунда эч кандай маани жок. Эгер адам атайын эмес 2 кылмыш жасаса ал кандай рецидивист болот?

Жаңы Кылмыш-жаза кодекси көп институттар боюнча таптакыр жаңы. Ал жакта жаза берүүнүн жаңы эрежелери киргизилген.

 

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 4944
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
Учурда окулуп жатат
×