Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 23-октябрь
68.58    80.93    1.19    KZT 0.2
Баракелде

Көк бөрүчү Т.Эсенаманов: Көк бөрү ЮНЕСКОго эч бир өлкөнүн атынан кирбей да калышы мүмкүн (маек)

Turmush -  Улуттук көк бөрү оюну байыркы көчмөн кыргыздардан ата-бабадан келе жаткан оюн. Бул оюн учурда Борбор Азиянын дээрлик бардык өлкөлөрүндө ойнолот жана ар кимиси өз эрежеси менен ойнойт.

Көк бөрү ЮНЕСКОнун материалдык эмес маданий мурастар тизмесине Кыргызстандын эмес, башка өлкөнүн атынан кирип калышы мүмкүн. Азыркы тапта көк бөрүнү өзүнүкү кылып каттатуу үчүн 4-5 өлкөдөн арыздар түшкөн.

Көк бөрү боюнча улуттук команданын мүчөсү Турат Эсенаманов бул тууралуу «Баракелдеге» маек курду.

20150728_120658

- Көк бөрү ЮНЕСКОнун тизмесине Кыргызстандын эмес, башка өлкөнүн атынан кирип калышы мүмкүн деп жатасыз. Себеби эмнеде?

- Казактар азыр жанталашып, биз киргизип кетели деп жатышат. Өткөндө боз үйдү киргизгенде ошондо эле көк бөрүнү кошо киргизип кетсек болмок деген идея болгон. Кийин биз көк бөрүгө арыз бергенден кийин казактар берди, анан түркмөндөр, тажиктер, афгандар берип жатышат.

Менин күйүп-бышып жатканым себеби, Казакстан күчтүү мамлекет, эгер быйыл көк бөрү өтпөй калса, анда кийинки жылы казактар сөзсүз өткөрүшөт, 100% кепилдик менен айта алам. Анан президент казактардан болот. Убагында Борбор Азия өлкөлөрү чогулуп, Болот Шер-Ниязды президент кылышкан, анткени көк бөрүнүн эрежелерин кыргыздардан таап чыгышкан, ошондуктан эл аралык федерациянын президенти кылып Болот Шер-Ниязды тандашкан. Анан кийин эмне болду түшүнбөй калдым, азыр Борбор Азия федерациясынын президенти казактардан.

- Бирок Кыргызстандын маданият министри иштер өз нугу менен аткарылып жатканын айтууда...

- Ооба, маданият министрлигинен расмий кат алдым, жакынкы аралыкта мамлекеттер, өкмөттөр аралык деӊгээлде каралат деп жазып коюптур. Макул каралсын, бирок ага ким жоопкерчиликти алат, кийин баары бири бирине шылтап коюшат, мен муну билип эле турам.

ЮНЕСКОнун отуруму ноябрь-декабрда болгону жатат, бирок ага чейин барып ЮНЕСКОнун кишилери менен сүйлөшүп туруш керек болчу, колдоо сурап.

Мына ачык эле айтты ЮНЕСКОнун кыздары, толук, теңинен көбүн Карганбек Самаков иштеп койгон, ЮНЕСКОнун кишилери менен сүйлөшүп келгенбиз деп. Ноябрда барганда биздин атыбыздан толук кирип калмак, баары макул болуп. Эгер бул жылы биздин атыбыздан өтпөй калса, анда президентти, премьерди, маданият министрин жана башка катышы барлардын баарын эл - өздөрүн көк бөрү кылып тартышат.

- К.Самаковдун өзүнө жолугуп көрбөдүңүздөрбү?

- Барып жолугалык десек макул болушкан жок, үй түрмөдө сүйлөшкөнгө болбойт дешип. Мага Кудайдын эмне азабы, мен жөн гана коңгуроо кагып коеюн дедим, анткени бул кыргыздын мурасы, ата-бабадан келе жаткан оюну, биз муну жоготпошубуз керек.

Эгер быйыл өтпөй калса, анда казактар өздөрүнүн атынан киргизип алышат, биринчиден акчалуу мамлекет, экинчиден авторитеттүү мамлекет.

- Ошондо мамлекет көк бөрүгө тийиштүү деңгээлде көңүл бурбай жатабы?

- Биздин мамлекет көк бөрүгө көңүл бурбай жатат, эгер ушуга жакшылап көӊүл бурулганда бул дүйнөлүк аренага чыгып, дүйнөлүк оюн болмок. Азияда 22 мамлекет бар, мисалы, көк бөрү ЮНЕСКОго биздин атыбыздан кирсе анда дүйнө эли көк бөрүнү биздин эрежелер менен ойноп калышмак. Өткөндө биздикилер Казакстанга барып ойноп, утулуп калышты, анткени алар өздөрү эреже коюп коюшкан.

180 мамлекет кол коюп кирип жаткандан кийин кайсы мамлекетке барсак, көк бөрү биздики демекпиз жана биздин эрежелерди коймокпуз.

Президент аябай жакшы ойлонуп иш кылса. Атүгүл маданият министрлиги сурап койбойт экен. ЮНЕСКОго тапшырып койгонбуз, өтсө өттү, өтпөсө жок дегендей мамиле.

Ооба, азыркы бийлик коррупция менен күрөшүп иштеп жатат, бирок өлкө башчы ушуну киргизип койсо, менин убагымда ЮНЕСКОго кирген деп бийик сүйлөп, кыргыздын тарыхында калмак. Кыргыздын ар бир тоюнда улак тартылат.

Биз Карганбек Садыковичтин (Самаков) оюн угалы десек, ага жолуктурбай коюшту. Соттон мурун кыргыздын маселесин биринчи орунга койсок, барып келсин, ЮНЕСКОго киргизсин, андан кийин деле сот болсунчу. Качып деле кетпейт го... Эгер өткөрүп келсе канчалаган кыргыз элинин ыраазычылыгына ээ болмок, бул бир адамдын, жеке өзүнүн же менин, же сиздин кызыкчылык эмес да, бул жалпы элдин кызыкчылыгы. Азыр бул кишини камакта дешип, эч кандай бизге маалымат бере албасын айтышты.

Кыргыздын улуттук мурасына мындай мамиле улана берсе көк бөрү биздин атыбыздан кирбей калышы мүмкүн, дегеле эч бир мамлекеттин атынан кирбей да калышы мүмкүн...

- Кандайча?..

- Анткени, жаныбарларга ырайымсыз мамиле кылгандык үчүн деген негизге такап, башка мамлекеттер колдобой коюшу мүмкүн дешти. Кандай кылып киргизиш керек? Жолун табууну ойлондум. Мисалы, биздин ата-бабалар көк бөрү деп карышкырларды тартышкан. Карышкылар малдарын кырып баштаганда, сүр көрсөтөбүз деп карышкырларды тарта башташкан. Анын териси катуу болот, өлбөйт оңой менен, бирок ошону катуу тарткылап атып акыры өлтүрүшкөн. Биз ушуну менен көк бөрү биздики экенин далилдей алабыз. Казактар эмне үчүн далилдей албайт? Анткени, көк пар дейт, көгүн айтышты көк – асман деп, ал эми «пар» эмне десе түшүндүрүп бере алышпайт. Бизде болсо көк бөрү - карышкыр деп туура аталыш бергенбиз жана түшүндүрүп, далилдей алабыз. Андан кийин кыргыздар карышкырлар жоголуп, азая баштаганда улакка өтүшкөн, анткени анын териси карышкырдыкындай катуу, канча тартсаң да үзүлбөйт. Анан ой келди, эгер жаныбарларга ырайымсыз мамиле деп өткөрбөй кое турган болсо, эчкинин терисин тышына каптап, ичине чынжыр салып, кадимкидей улактын кейпин (чучело) жасап, кайыш жип менен бекем байлап анан ошону тартыш керек.

- Анда ЮНЕСКОнун отурумуна барардын алдында ушуларды даярдап алыш керек турбайбы?

- Ооба, биз азыр дароо киргизгидей болуп барышыбыз керек. Илгерки ата-бабалар көк бөрү, улак тарткан учурларын, анан азыркы мыйзамдарга такап, жаныбарларга ырайымсыз мамилени токтотолук деп ушундай улактын кейпин жасап оюнда колдоно баштадык деп тасма кылып тартып алышыбыз зарыл. Карышкырды кантип тарткан, кинодо көрсөтүп беришибиз керек. Жаныбарларга кордогон мамиле кылбайлык деп ушуну ойлоп таптык деп айтышыбыз керек.

- Бирок ичи чынжырга толгон «улакты» тартыш кыйынчылык жаратпайбы?

- Чынжыр эттей эле булкуй берет, аны кандай кылып жасашты бүт ойлонуштургам. Биздин маданият министрлиги 10 мүнөттүк тасма тартык деп жатат, билип атам алар улакты союп туруп тартып коюшту.

Биринчи карышкырды тарталык, түссүз кино, илгерки заманды чагылдырып, андан кийин ата-бабалар улак тарткан деп аны көрсөтөлүк дагы 10 мүнөттүк. Анын азыркы заманга ылайык, биз мындай улак тартканга болбойт, жаныбарлардын укугун коргошубуз керек деп, чынжырларды орогондон баштап көрсөтүп беришибиз керек. Анан ЮНЕСКОго киргизгенден кийин, эл аралык мелдештерде чынжыр менен жасалган улак колдонулушу керек. 

- Эл аралык мелдеш демекчи, көк бөрүнү Азия, Олимпиада оюндарына киргизүү тууралуу айтылган эле. Бул жаатта кандай иштер болуп жатат?

- Эгер көк бөрү 7-8 мамлекетте ойнолсо, аны Азия оюндарына киргизүүнү айтышкан. Түркияда, Түркмөнстан, Казакстан, Тажикстан, Өзбекстан, Кыргызстанда жана Иранда улак тартышат. Биз азыр биринчи ЮНЕСКОго киргизип алышыбыз керек болуп жатпайбы, ал эми Азия, Олимпиада оюндарына кириш үчүн бул бир мамлекеттен чыккан жана ошол оюн баарына тараган болуш керек. Мына «Бүткүл Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарын» деле алсак, түрк тилдүү 18 мамлекеттин ичинен бизде биринчилерден болуп өттү, бул дагы өз кезегинде чоң жетишкендик болду.

- «Көчмөндөр оюндарында» кыргызстандык көк бөрүчүлөр 1-орунду алышты, көк бөрүгө түшө турган команда кантип тандалат?

- Ар бир облуста тандоо турлар болот. Мисалы, Таласта 13 айыл өкмөтү бар, ал жакта ар апта сайын көк бөрү болуп турат. Ошондой оюндардан билинет кайсы ат, кайсы бөрүчү жакшы ойнойт. Райондор аралык турнирде дагы тандалат. Көк бөрү федерациясынын ар бир облуста башкармалыктары бар, ошолор аркылуу тандалат. Жакшы ойногондор тандалып, тандалган тайпа болуп республиканын деӊгээлине чыгат. 22 баладан курама команда деген сыяктуу эле чогулат.

- Көк бөрүчүлөрдүн жаш курагы чектелгенби?

- Жаш курак чектелбейт. Негизи ошону да киргизишибиз керек, азыр Кыргызстанда чеги жок. 13-14 жаштагы балдар тартып жатканын көргөм, 38-40ка чейин деле тартып жүргөндөр бар. Бирок канчалык жаш болсо, ошончолук каны кызуу, оюнга суусап турган болот, мисалы футболдо деле көбүнчөсү жаштарды алып чыгышат, анан жеңишке жетет. Ал эми улуу муун тажрыйбалуу келет. Айтат элем, жаш куракты чектебей алы-күчү барлар тарта берсин. Мен деле азыр жашым 38ге таяп калса да, анда-санда той-аштарда түшө калам, барыбир адамды тартып турат.

20150728_120654

- Көк бөрүдөн бизнес кылса болобу?

- Ооба, сатып алуу, сатуу дегендер болот. Жамбылда чоң той болгон. Таластан 4 баланы сатып алып кетишкен. Ар бир оюнда 10 миӊ доллар төлөнгөн. «Кабыланда» «Лексус» деген аты бар, казактар 100 миӊ долларга сурашкан экен, берген жок.

Казактар жакында чоң той өткөрүшөт. Кыргыздарда болгон мен-мен деген кыйын аттарын сатып алып жатат. Биздикилер акчага муктаж, ошондуктан жакшы аттарды сатып жиберип жатышат.

Ич ара бири биринен сатып алуулар деле болот. Команданын бюджтине акча түшүп турушу керек, ошол үчүн биздин балдар башка жактарга барып ойноп келишет. Казакстарда мамлекет көк бөрүчүнү камсыздап турат, атүгүл аты сатылып кетпеши үчүн ага акча бөлүп турушат. Ал эми бизде баары өз каражаттарынан. Бизде чын чынына келгенде аттын өзүн тойгузуш үчүн ага чөп тартып келеин десеӊ унаа жок, анан айла жок өзүнө араба чегерип аласың, анан эмне кыласыӊ? Болбосо көк бөрүгө түшкөн атты бир гана көк бөрүгө пайдалансаң жакшы болот.

Бул жагынан Кыргызстан көп акча тапса болот, ал үчүн көк бөрүгө мамлекет көп көңүл бурушу керек. Мисалы, Казакстанда же Афганистанда той болуп, биздин атыбыздан ойноп берип койбосуңарбы, мынча төлөп беребиз десе, Кыргызстан көп акча тапмак.

- Коомдун өзгөрүшү менен азыр ар бир спорттун түрү боюнча кыз-келиндер да күч сынашып келишет. Көк бөрүнү кыздар арасында да жайылтса болобу?

- Бул кыргызда болгон эмес, бирок азыр кыз менен эркектин укугу бирдей да, ЮНЕСКОго көк бөрүнү киргизип алып туруп, анан кыздар да ойносо болот десек болот. Анткени бизде кыздар да ат минген, атка бекем отурушкан. Албетте, кыз киши 35 кг салмакты жерден алып жулкуп көтөрө албайт, кыздар үчүн салмагын азайтып койсо болот, ал биздин колубузда да. Кыздар ашып кетсе 15-20 кг тарта алышат. Анан реклама кылып биздин кыздар тартып атат, кыйын болсоӊор казак кыздары тарткылачы демекпиз. Тажиктер, афгандар, түрктөр, баарына... Эми бул келечектин иши го.

- Рахмат маегиңизге, ишиңизге ийгилик.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 1990
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
×