При поддержке MegaCom

Бөлүмдөр
Шаршемби, 23-август
68.74    80.7    1.16    KZT 0.21

Өкмөттү сапаттуу маалымат менен жабдуу максат кылып коюлган, - СИУИнун директору Т.Султанов

Turmush -  Бул жылы Кыргызстандагы илимий изилдөө борборлорунун көч башында турган Стратегиялык изилдөөлөр боюнча улуттук институт (СИУИ) 50 жылдык мааракесин белгилейт. Жарым кылым мурун ошол учурдагы Өкмөттүн Мамлекеттик пландоо уюмуна караштуу Кыргыз ССР Министрлер Кеңешинин токтому менен Эсептөө борбору - СИУИ баштапкы үлгүсү ачылган. Ал кезден бери Институт бир нече жолу кайрадан уюштурулса да, түпкү маңызы өзгөргөн эмес. Институт мамлекеттин кызыкчылыктары үчүн илимий изилдөөлөрдү жүргүзүп келет. Бул өзгөртүүлөр турмуш-тиричиликтин ар түрдүү тармактарында иштердин абалын ар тараптуу талдоолордун негизинде өкмөттүн чечимдерин натыйжалуулугун жогорулатуу, теория менен практиканы бири бирине бириктирүү үчүн ишке ашырылган.

Экономика илиминин жана практикасынын өнүгүшүнө чоң салым кошкон К.Оторбаев, Т.Койчуев, көрүнүктүү Ш.Мусакожоев, К.Сооданбеков, А.Термечиков, К.Умурзаков сыяктуу советтик жана кыргыз илиминин таанылган алптары өз кезектеринде институтту башкарып келишкен.

Элүү жылдыктын алдында КР СИУИ мүдүрү Талант Султанов менен маегибизди сунуштайбыз.

- Сизди СИУИ элүү жылдыгы менен куттуктайбыз жана Институтка чоң ийгиликтерди жана ачылыштарды каалайбыз. Изилдөөлөрдүн темаларын ким кантип белгилегени жөнүндө айтып берсеңиз. Сиздин оюңузча, булар бүгүнкү күндө канчалык актуалдуу жана керектүү?

- Куттуктоо сөзүңүзгө ыраазычылык билдирем. 1965-жылы Кыргызстанда биринчи жолу системалык негизде колдонмо мүнөздөгү изилдөөлөрдү жүргүзгөн институт курулган. Ошол кезден азыркы күнгө чейин дээрлик ар бир ири же орто долбоордо кесиптештеримдин, СИУИ илимий кызматкерлеринин эмгегинин үлүшү бар. Алар эсептөөлөрдү, изилдөөлөрдү жүргүзүп, өз сунуштарын беришкен. Алгач өнөр жайларды эмгек ресурстарына ылайык, аба-ырайы жана башка өзгөчөлүктөрдү эске алуу менен жайгаштыруу, өндүрүштө сандан сапатка өтүү сыяктуу, жана башка маселелер козголгон.

Азыркы учурда изилдөө темаларынын басымдуу көпчүлүгүн өкмөт сунуштайт. Өкмөт бизге тапшырмаларды берип, иштеп чыгарылган продукциябызды күнүмдүк жумушта пайдаланат.

Изилдөөлөрдүн айрым бир бөлүгүн өзүбүз сунуштайбыз. Бир жыл ичинде канча илимий кызматкер канча изилдөө жүргүзгөнү боюнча так маалымат жок, бирок, былтыр элдин оозунан түшпөгөн маселелер боюнча 40 чакты изилдөө жүргүзүлгөн. Изилдөө иштери энергетика тармагында тариф саясатын оптималдаштыруу, коррупция жана жоготууларды кемитүүнүн эсебинен бул тармактагы абалды жакшыртуу жолдору, миграция, суверендүү рейтингди алуу маселелери, диний жана улуттар аралык абал, өлкөнүн жолдору, Кыргыз Республикасынын Бажы Биримдигине кирүүнүн ар түрдүү аспектилери, ж.б. маселелер боюнча жүргүзүлгөн. Изилдөөлөрдүн бир бөлүгү ачыкка жарыяланган эмес, бул жагдай маселелердин өзгөчөлүктөрүнө байланыштуу болгон.

Ошондуктан, суроонун акыркы бөлүгүнө жооп берип жатып, төмөндөгүдөй айткым келет: биз изилдөөлөрүбүз, сунуштарыбыз практикалык жактан пайдалуу.

- СИУИ ишмердигинин негизги багыттары жана акыркы жылдары жүргүзүлгөн эң кызыктуу изилдөөлөр жөнүндө айтып берсеңиз.

- СИУИ өлкөнүн социалдык-экономикалык жана коомдук-саясий өнүгүшүнүн негизги маселелери боюнча өкмөттүн ишин колдоо үчүн аналитикалык маалыматтарды берүүнү көздөйт.

Биздин кызматкерлер аналитикалык талдоо каттарын даярдашат, атайын изилдөөлөрдү жүргүзүп, сунуштарды иштеп чыгышат, алар андан ары өлкө жетекчилигине өткөрүлөт. СИУИ долбоорлорго байкоо жүргүзүү жана баа берүү боюнча өлкөнүн социалдык-экономикалык өнүгүшүнө керектүү программаларды жана стратегияларды иштеп чыгууда жана ыктымалдуу сценарийлерди жана тобокелдерди кыска мөөнөттө алдын ала эсептеп чыгууда катышат

Баарыбызга белгилүү болгондой, былтыр энергетика тармагында абдан курч абалга туш болгонбуз. Буга байланыштуу, биздин Институт бул тармак боюнча отчётту, беш-он жыл ичинде бизди кандай өзгөрүүлөр күтүп турганы боюнча прогноздорду даярдаган. Отчёт активдүү талкууланып, кризистик абалдан чыгуу боюнча саясаттарды иштеп чыккан тийиштүү органдар тарабынан практикада колдонулган.

Талант Султанов. 2013-жылы бирдин айында КР СИУИ мүдүрү болуп дайындалган. Талас шаарынын орто мектебинин бүтүрүүчүсү. 1999-жылы Сан-Франциско университетинде (АКШ) “Эл аралык мамилелер” адистиги боюнча бакалавр даражасын алган. 2006-жылы Колумбия Университетинин “Эл аралык финансы” магистрдик программасын. Вашингтондо Дүйнөлүк Банкта эксперт болуп иштеген, ДБ сыйлыгына татыктуу болгон. 2012-жылы КР Финансы министрлигинин Коомдук Байкоо Кеңешине мүчө болуп шайланган.

Изилдөөнүн маалыматтарын алып караганда, төмөндөгүдөй абалды көрүү мүмкүн: бүткүл дүйнөдө электр энергиясынын баасы акыркы жылдары өскөн же өсүү тенденциясына ээ болгон. Бизде болсо, 2008-жыл менен салыштырганда 40% төмөндөгөн (АКШ доллары менен эсептегенде). Керектөөчүлөр электр энергиясынын баасы өз наркынан төмөн болушу керек деп эсептейт, демек инфляциянын алкагында да баалардын көтөрүлүшүнө каршы. 2009-жылдан бери баанын көтөрүлүшү үчүн бюджеттин эсебинен төлөнүп жаткан жөлөкпулду эске алгылары келбейт. Баса, баа ошол бойдон көтөрүлгөн эмес. Ал эми бул жөлөкпулдар төлөнбөгөндө, электр энергиясын өндүргөн жаңы өндүрүштөрдү куруп, кошуналарды бизге электр энергияны саткыла деп сураныштын кереги жок болмок.

Эмне үчүн тарифтердин төмөн болушу зыян? Биринчиден, бул ысырапкорчулукка алып келет. Экинчиден, баалар өздүк нарктан төмөн болгондо эч бир инвестор акчасын ишке салгысы келбейт. Эгер экономикабыздын энергияны пайдалуу колдонуусун алып карасак, кандайдыр бир продукция өндүрүү үчүн башка өнүккөн өлкөлөргө салыштырмалуу алты эсе көп энергия коротконубуз билинет. Ошол эле кезде энергияны абдан көп короткон өнөр жайларыбыз да жок. Эң кызыгы, тарифтердин жакындагы өзгөрүүлөрү, электр энергиясынын сезилерлик даражада (айрым эсептер боюнча 30% чейин) үнөмдөлүшүнө алып келген.

Инвестициялар боюнча кеп кылганда, биз энергия өндүргөн жаңы жайларды курушубуз керекпиз. Бул жылы КР биринчи жолу электр энергиясын экспорттоочусунан импорттоочусуна айландык. Иш чөйрөсү электр кубатын колдонуу уруксатын кыйынчылык менен алып жатат. Электр энергиясын алуудагы кыйынчылыктар Ишкердикти жүргүзүү жеңилдиги индексинде өлкөбүздүн позициясынын бир топ начарлашына алып келген.

Тарифтер адилеттүү болгондо жеке менчик инвестор энергетика тармагына акчасын жумшаганга даяр болот. Бирок, өлкөбүздөгү абалда эч ким иштегиси келбейт, анткени салынган каражаттар жөн гана акталбай калат. Дагы белгилей кетчү нерсе, бул маселе өтө саясатташып, манипуляция куралына айланган. Бул маселе толугу менен экономикалык мүнөзгө ээ, аны базардын куралдары менен чечиш керек. Маселенин саясат жана курулай төш кагуунун тегиздигинде чечилиши, бизде электр энергиясы кагаз бетинде гана арзан болушуна, чындыгында ал жетишсиз болуп, жарыгы жок отуруп калууга алып келет.

Бул жылы Кыргызстандын Евразия Экономикалык Биримдигине (ЕАЭБ) мүчө болушу өлкөбүздүн эң маанилүү кадамдарын бири болуп саналат. Былтыр СИУИ чоң изилдөө ишин аткарган – экономикалык, саясий, социалдык-маданий ченемдерде SWOT-анализ жүргүзүлгөн, мында бул биримдикке кирүүнүн жана кирбей коюунун артыкчылыктары жана кемчиликтери белгиленген.

Кыргызстандын ЕАЭБ мүчөсү болушу өлкөгө жаңы мүмкүнчүлүктөрдү, анын ичинде коңшу мамлекеттер менен өз ара пайдалуу кызматташуу жолдорун ачарын белгилегим келет. Өлкөдө чет өлкөлүк инвесторлорго жагымдуу шарттар түзүлөт, чоң базарга (180 млн керектөөчүгө) жол ачылат, либералдуу саясий жана экономикалык чөйрө, төмөн салыктар, сапаттуу жумушчу күчү жана арзан энергия пайда болот.

Суверендүү кредиттик рейтингди алуу перспективасы боюнча “ой чабыт” жүргүздүк. Бүгүнкү күндө Кыргызстан мындай рейтингди албаган КМШ чөлкөмүндөгү жалгыз өлкө болуп, Африка жана Океания өлкөлөрүнүн арасында рейтинг албаган өлкөлөрдүн катарында.

СИУИ акыркы эки жылдын ичинде дүйнөнүн ири рейтинг агенттиктери менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп, бул рейтингди алуу абдан керектүү болгондугу тууралуу ишендирүү иштерин аткарган. Азыркы учурда өлкө рейтинг баасын алганы турат, бул жылы өлкөгө көбүрөөк инвестицияларды алып келүүгө мүмкүнчүлүк берген өлкөлүк рейтингди биринчи жолу аларыбызга ишенип турабыз. Суверендүү кредиттик рейтингди алуу пайдалуу шарттар менен узак мөөнөттүү чет өлкөлүк инвестицияларды тартуу үчүн маанилүү өбөлгө болгондугун белгилеп кетким келет. Кыргызстан шарттарында, азыркы учурда өлкөдөгү инвестициялык жагдай инвестициялардын агымынын төмөн деңгээли жана насыя алуунун кымбаттуулугу менен мүнөздөлгөнүнө байланыштуу бул өтө актуалдуу.

Мындан тышкары, суверендүү кредиттик рейтингдин жоктугу, чет өлкөлүк инвесторлордун тобокелчилик сыйлыгына башынан эле мүмкүн болгон эң жогорку өлкөлүк тобокелди салганына алып келет, мындан улам пайыз үстөктөрү мүмкүн болушунча жогорулайт да, банктар, ишканалар, калк насыяларды кымбат алганга аргасыз калат. Чет элдик инвестициялардын пайыз үстөктөрүн төмөндөтүү үчүн Кыргызстан суверендүү кредиттик рейтингди алууга мажбур.

Кыргызстанга суверендүү кредиттик рейтингдин берилиши төмөндөгүдөй артыкчылыктарды берет: ресурстарды тартуу жеңилдиги, насыя алуунун арзандашы, инвесторлордун спектринин кеңейиши, өлкөнүн оң мүнөздөгү имиджинин түзүлүшү, өлкөнүн өнүгүшүнө көз карандысыз баа берүү, реформалардын жүрүшүн байкоо мүмкүнчүлүгү, жана жалпысынан алганда өлкөнүн өнүгүшү үчүн кошумча шарттарды түзүү.

Кыргызстандын жашырын кредиттик рейтингди алышы, суверендүү кредиттик рейтингди алуудагы биринчи кадамы болуп саналат. Жашырын кредиттик рейтинг – муну түзүү тапшырмасын берген өкмөткө гана бериле турган, ачыкка жарыяланбаган, эл аралык рейтинг агенттиктери берген рейтинг болуп саналат. Бул вариант өнүгүп келе жаткан, суверендүү кредиттик рейтинги жок, өлкөнүн инвесторлор үчүн милдеттенмелери канчалык жагымдуу болгондугун билгиси келген өлкөлөр үчүн ылайыктуу.

Алдыңкы банктар, тоо кен тармагы, байланыш, энергетика жана транспорт ишканалары Кыргызстандын мындай рейтингди алышына кызыктар боло болушат.

Ошондой эле былтыр биз ISOC менен биргеликте Борбор Азияда биринчи жолу интернет-симпозиумду өткөрдүк, Зордук-зомбулуктуу экстремизмдин алдын алуу боюнча глобалдык саммитке катыштык, Кыргыз-Германиялык жогорку техникалык мектепти куруунун концепциясын иштеп чыктык.

- Азыркы учурда Кыргызстан ПЖС+ статусун алганы турат. СИУИ бул багытта кандай иштерди жүргүзүүдө?

- Кыргызстандын Преференциялар жалпы системасын (ПСЖ+) алышы өлкөбүзгө товарларыбызды Европа Биримдигинин (ЕБ) базарларына төмөн же нөлдүк бажы үстөктөрү менен алып барууга мүмкүнчүлүк берет. СИУИ Экономика министрлиги жана башка мекемелер менен бирге анализ жүргүзүп, ЕБ өкүлдөрү, КР мамлекеттик органдары жана бизнес чөйрөсү жолугушуп, ПСЖ+ статусун алуунун керектүүлүгү тууралуу талкуу жүргүзгөн. Өлкө башчысы Алмазбек Атамбаевдин Европага аткарган иш сапарынын алдында Кыргызстан ПСЖ+ системасына кирүү үчүн арызын жиберген. Дүйнөдө 14-15 гана мамлекет мындай мүмкүнчүлүккө ээ, б.а. Европага товарларды жиберүү үчүн биз өндүрүшүбүздү бутуна тургузуп, мүмкүнчүлүктөрүбүздү мүмкүн болушунча колдонушубуз зарыл.

Баа үстөмдүгүнө ээлик кылуу ПСЖ+ мүчөлүгүнүн негизги артыкчылыгы болуп саналат. Бардыгын мурун, бажы акылары салынбаганы үчүн, Кыргызстанда өндүрүлгөн товар, ЕБ базарына ПСЖ+ схемасы менен келгенде, Россияда же Кытайда (же ПСЖ+ системасына кирбеген башка өлкөдө) өндүрүлгөн товардан бир топ арзан болот. ЕБ базары пайдалуу шарттар менен ачылганы аркылуу, бул келишим потенциалдуу инвесторлор жана чет элдик компаниялар үчүн да жагымдуу болот, анткени алар Кыргызстанда катталып гана калбастан, ЕБ өлкөлөрүнө өз товарларын экспорттоо үчүн өндүрүштү баштоону каалашат.

Кургатылган мөмө жемиштер, иштетилген айыл чарба өнүмдөрү, тамеки, кийим, жыгач, таш, башка заттардан жасалган кооздук, жасалга жана башка буюмдар Европага экспорт үчүн эң ылайыктуу продукция болуп саналат. Иштетилген, оролгон, даяр продукция үчүн сертификат жана ЕБ өлкөлөрүнө экспорт үчүн уруксат алуу жеңил болот.

Кытай Эл Республикасы тарабынан сунушталган “Жибек Жолунун экономикалык алкагы” концепциясы да биз үстүндө иштеп жаткан кызыктуу концепциялардын бири болуп эсептелет. Бул концепция тарыхый Улуу Жибек Жолуна жайгашкан өлкөлөр арасында ар түрдүү соода, экономикалык, маданий алакаларды түзүүгө мүмкүнчүлүк берет. Эл аралык укук жана ишеним ченемдерин иштеп чыгууга көмөктөшүү, мамлекеттик-жеке менчик кызматташтыкты өрчүтүү, контейнердик ташуулардын жана товарларды жеткирүү чынжырларынын коопсуздугун жогорулатуу, паспорт жана башка жол документтеринин ишенимдүүлүгүн камсыздоо иштери “Жибек Жолунун экономикалык алкагы” кызматташтыгынын негизги багыттары болуп саналат.

Бул долбоордун ийгиликтүү ишке ашырылышында Кытай менен Кыргызстанда түз байланыштыра турган контейнердик коридорду куруу пландалууда. Жакынкы өлкөлөр аркылуу транзиттен көз карандылык азаят, бул да Кыргыз Республикасынын транспорттук коопсуздугун күчөтөт. Натыйжада жылына 72 млн АКШ долларын түзгөн, Казакстан, Өзбекстан, Тажикстанга төлөнгөн транзит акыларын үнөмдөө мүмкүнчүлүгү пайда болот. Жаңы жумушчу орундары түзүлүп, жүк ташуу жана жүктөрдүн транзити үчүн алынган бажы акыларынын эсебинен бюджеттик төлөмдөр көбөйөт. Эгер бул концепцияга мүмкүн болушунча жакшылап даярдансак, өлкөбүз экономикалык жакты мыкты жетишкендиктерге жетет деп ойлойбуз.

- Эл аралык өнөктөштөрүңөр ким жана алар менен кантип алака түзөсүңөр?

- Биз башка өлкөлөрдүн стратегиялык институттары, аналитикалык борборлорундагы кесиптештерибиз менен жигердүү иштешебиз. Бизди билишет, Борбордук Азиядагы алдыңкы аналитикалык борбор катары таанышат. СИУИ Россия, Кытай, Түркия, Афганистан, Иран, Борбордук Азия республикаларындагы өнөктөштөр менен туруктуу кызматташтыкты жүргүзөт. Америкалык жана европалык аналитикалык борборлор менен кызматташтыкты жөнгө салдык. Бул бизге биринчиден өлкөлөр арасында кызматташуунун жолдорун биргеликте табууга мүмкүнчүлүк берет, башкача айтканда аналитикалык борборлордун деңгээлинде жаңы мүмкүнчүлүктөрдү таап, андан кийин буларды жетекчиликтерибиздин назарына көтөрүп чыгабыз. Экинчиден, биргелешкен изилдөөлөрдү жана иш-чараларды өткөрүүгө жакшы мүмкүнчүлүктөр түзүлөт.

Былтыр, Американын көп миллиондогон телеаудиториясы көрө турган Кыргызстандагы окуялар жөнүндө оң маанайдагы репортажды даярдоо үчүн, АКШнын алдыңкы каналдарынын бири – “Эй-Би-Си (ABC)” каналынын чыгармачыл тобу СИУИ чакыруусу боюнча биздин өлкөгө келген. Ошондой эле, Британиянын абройлуу, абдан таасирдүү “Экономист” гезитинде чыгып, окурманга чөлкөмдөгү жана дүйнөдөгү күн тартибинин негизги маселелери боюнча өз позициябызды билдирдик.

Былтыр СИУИ өткөргөн чоң иш-чаралардын бири катары Бишкекте өткөрүлгөн Шанхай Кызматташтык Уюмунун (ШКУ) IX Форумун белгилей алабыз. Мында Евразия континентинин аналитикалык борборлордун мүдүрлөрүнүн деңгээлинде 11 өлкөнүн делегациялары, аймактагы өлкөлөрдүн ТИМ өкүлдөрү катышкан. Форумда катышуучулар жаңы геоэкономикалык жагдайды, ШКУ өлкөлөрү арасында экономика, маданият, билим берүү тармактарында кызматташуу маселелерин талкуулашкан.

Ошондой эле, СИУИ ШКУ, Жамааттык Коргонуу Келишими Уюму өлкөлөрүнүн жана Азия Өнүктүрүү Банкынын аналитикалык борборлор форумунун мүчөсү болуп саналат.

Жакында Түрк Кеңешине мүчө өлкөлөрдүн (Азербайжан, Казакстан, Кыргызстан жана Түркия) аналитикалык борборлору кызматташуу меморандумуна кол койгондугун да белгилегим келет. Менин оюмча, “ой чабыт борборлору” аналитикалык борборлор арасында кызматташтыкты өнүктүрүшү керек. Бул документ түрк тектүү мамлекеттердин аналитикалык борборлору арасында кызматташуунун жаңы этабын белгилеп, алардын ишмердигинин өндүрүмдүүлүгүн жогорулатарына үмүт кылам.

Дагы бир мисал катары, Россия Федерациясынын мурунку тышкы иштери министри башкарган Эл аралык иштер боюнча россиялык кеңеш (ЭИРК) сыяктуу россиялык аналитикалык борборлор менен кызматташтыгыбызды көрсөтсөк болот. Аталган кеңешке учурда кызматтагы министрлер кирет. Азыркы учурда ЭИРК менен бирге “Кыргыз Республикасынын Бажы Биримдигине кирүүсү: миграция маселелерине таасир” аттуу жумушчу дептерин түзүүнүн үстүндө иштеп жатабыз, бул иш 2015-жылдын май айында бүтүшү керек.

Бул жумушчу дептерде миграциялык процесстерди мүнөздөө, миграция маселелери, миграциялык абал, Кыргызстандын ЕАЭБне кириши менен эки өлкөнүн миграциялык саясаты сыяктуу аспектилерди карап чыгуу пландалган.

Кыргыз Республикасы жана Россия Федерациясынын бул маселелер боюнча практикалык сунуштарды иштеп чыгуу бул иштин негизги ролу болуп саналат.

Мындан тышкары, “Жибек Жолунун Экономикалык Алкагы” жана ЕАЭБ аналитикалык борборлор форумунун толук укуктуу катышуучусубуз.

Жалпы жонунан, эл аралык багытта СИУИ абдан активдүү иштеп жатат. Биз чөлкөмдүн алдыңкы аналитикалык борборлорунун бири болууга умтулуп, алдыбызга дагы көптөгөн, чоң дымактуу максаттарды коёбуз.

- Институттун кайсы конкреттүү иштери толук жүзөгө ашырылып, өзүнүн пайдалуу салымын кошкон?

- Биз Туруктуу өнүктүрүүнүн улуттук стратегиясын ишке ашыруу боюнча Өкмөттүн программасын жана планын иштеп чыгууда активдүү катышканбыз, биздин сунуштар бул программанын негиздеринин бири катары кабыл алынган. Жогоруда белгиленгендей, суверендүү кредиттик рейтингди алуу – ишибиздин практикалык натыйжаларынын бири болуп саналат.

Кыргыз Республикасында Диний, миграциялык саясат концепциясын иштеп чыгууда катыштык, азыркы учурда БУУӨП менен бирге КРда улуттар аралык мамилелер концепциясынын үстүндө иштеп жатабыз.

Ошондой эле, СИУИ калктын мамлекеттик органдардын ишмердигине болгон ишеним индексин эсептөө ыкмасын иштеп чыккан. Улуттук статистикалык комитет менен бирге биздин институт калктын мамлекеттик органдардын ишине канчалык канагаттанганы же канагаттанбаганына туруктуу негизде байкоо жүргүзөт.

Эл аралык индекстерде жана рейтингдерде Кыргызстандын орундарын аныктоо иши биз дайыма жүргүзгөн, абдан кызыктуу долбоорлордун бири. Элүүдөн ашуун эл аралык рейтингдерди изилдейбиз. Буларда коррупция деңгээли, иш жүргүзүүнүн жеңилдиги, социалдык кызматтарды колдонуу жеңилдиги сыяктуу багыттар боюнча өлкөнүн орду чагылдырылган. Бул отчёт жыл сайын жаңыланат, анын негизинде мамлекеттик органдарыбыз жана коомчулук Кыргызстан жүргүзүп жаткан реформалар канчалык натыйжалуу болгондугун көрө алат.

СИУИ Кыргызстанда аз сандагы мамлекеттик аналитикалык борборлордун бири, ал эми башка мамлекеттерде мындай борборлор өтө көп, алар белгилүү багыт боюнча, мисалы экономикалык же саясий маселелер боюнча гана адистешкен болушат.

2013-жылдан бери квартал сайын даярдалган эки журналды басып чыгарабыз. Илимий-популярдык “Ориентир” журналында илимий кызматкерлерибиз өз изилдөөлөрүн жарыялай алышат, “Стратегия” журналы рецензияланып чыгат. Бардык илимий иштерибиз жана аналитикабыз СИУИ баракчасында орун алган.

Биздин максат – изилдөөлөрдө мүмкүн болушунча калыс болуу жана пайдалуу сунуштарды берүү. Өкмөттүн бизге берген мандаты мына дал ошондо жатат, биз Өкмөттү белгиленген маселелер боюнча көз карандысыз бааланган маалыматтар менен камсыз кылышыбыз зарыл. Чындык ой-пикирлердин атаандаштыгында гана чыгат. Жалгыз бир туура чечим болбойт. Чечим чыгарган киши алдында түркүн-дүйүм ой-пикирлерди көрүп турушу зарыл, анткени ар бир чечим алсыз жана күчтүү жактары менен болот.

- Изилдөөлөрдүн көз карандысыздыгын жана калыстыгын кантип камсыз кыласыз?

- Изилдөө иштеринин жүрүшүндө тышкы көз карандысыз эксперттер катышат. Башында жыйынтык кандай болорун да билбейбиз. Жалаң гана артыкчылыктар чыкчудай кылып изилдегиле деп бизге айтышпайт. Көз карандысыз эксперттерибиз болгон чындыкты бетке айтышат, ал дайыма ыңгайлуу боло бербейт. Кээде биз өз көз караштарыбызды, пикирлерибизди жактаганга мажбур болобуз, анткени бизге каршы ой-пикири болгон оппонент тарап да бар. Жыйынтыкта бул да жакшыны гана алып келет, мында алдыңдагы абалды толугу менен көрсөң болот.

Мунун үстүнө Кыргызстан эркин мамлекет, биз эксперттерге мындай-тигиндей жаз деп кысым көрсөтсөк, алар биз менен иштешүүдөн баш тартышат.

Ошондуктан, СИУИ отчёттору жана сунуштары өлкө үчүн максималдуу түрдө пайдалуу жана калыс болушу бизге максат кылып коюлган.

- Сөз аягында, СИУИ келечектеги пландары жөнүндө четин чыгарсаңыз.

- СИУИнун перспективалуу изилдөөлөр тизмесинде төмөндөгүдөй маселелер орун алган:

Экономикада: КРда информациялык-коммуникациялык технологиялардын (ИКТ) жана интернеттин өнүгүшү (ISOC менен бирге); Мамлекеттик мүлктү жана мамлекеттик ишканаларды натыйжалуу башкаруу (ММБФ менен); Коррупциянын алдын алуу (Коргоо Кеңеши менен); Энергетика; Эл аралык рейтингдерде Кыргызстандын орундарын жакшыртуу; Эмгек алакалары – экономиканын көмүскөдөн чыгарылышы (ЭМ менен); Жибек Жолунун Экономикалык Алкагынын концепциясын изилдөө.

Социалдык тармакта: аймактарда социалдык-экономикалык абалды байкоо (улуттар аралык мамилелер, жаштар; БУУӨП менен); Миграция (эмиграция, иммиграция, жана ички миграция; Миграция боюнча эл аралык уюм, Эл аралык эмгек уюму, КР министрликтери жана мекемелери менен бирге); Саламаттыкты сактоо жана дени сак жашоонун пропагандасы (тамеки, алкоголь, баңгизаттарына болгон суроо-талаптын азайтылышы); Билим берүү тармагында реформалар.

Саясий тармакта: Зордук-зомбулуктуу экстремизмдин алдын алуу; Суу маселелери.

Маегиңиз үчүн чоң рахмат. Иштериңиздерге ийгилик!

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 908
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
Учурда окулуп жатат
×
Урматтуу окурман, мекенибиздин аймактагы «турмушунан» кабар алганыңыз үчүн ыраазычылык билдиребиз.
Куш кабарыбыз маалыматтык чаңкооңузду канааттандырса «Нравится» эн белгисин басуу менен сиз үчүн кылган ишибизге дем бериңиз!
Жабуу