Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 23-октябрь
68.58    80.93    1.19    KZT 0.2
Баракелде

Кыргызстандагы эң популярдуу пластикалык операциялар кайсылар? (фото)

Turmush -  11 жыл бирге окуган классташыңарды бир жылдан кийин эле тааныбай калган учур болду беле? Ооба, болгон дегендер аз эмес чыгар. Акыркы жылдары Кыргызстанда пластикалык хирургиянын кызматына талаптар жогорулап келет. Бишкектин пластикалык хирургу Калыбек Курманбекович бул тууралуу кененирээк айтып берет.

11166027_862019930536374_1945374320_n

Мен кесибим боюнча — жалпы хирургмун, ал эми пластикалык хирургия менен 15 жылдан бери алектенип келем. Биздин кесипте кардардын өмүрүн сактып калуу биринчи орунда турат, бирок эстетика да чоң мааниге ээ. Башында мен моралдык канааттануу албагандыктан абдан ыңгайсыз болчу, бирок кийин кардарлар мага келип, алардын жашоосу кандай өзгөргөндүгүн айтып беришип, ыраазычылык билдиришкенде мен өз ишиме канааттандым.

11168993_862019807203053_1539063055_n

Бүгүнкү күндө Кыргызстанда пластикалык хирургия дээрлик чет өлкөдөгүлөрдөн кем калбайт. Өзүнүн сырткы келбетин өзгөртүү максатында Казакстандан көп адамдар келишет. Анткени бизде сапаттуу жана арзаныраак. Бир гана көйгөй кымбат баалуу жабдууларга байланыштуу, бирок ага карабастан биз клиниканы тиешелүү жабдуулар менен камсыз кылууга аракет кылабыз.

Операциядан мурда биз сөзсүз түрдө кардар менен консультация жүргүзөбүз. Хирург кардардын өмүрү үчүн жооптуу, ошондуктан бардыгын жогорку деңгээлде аткаруу керек. Кээде кесипкөй эмес адистер дарыгерлик ката кетирип, кардарлар кайрадан бычак алдына жатууга туура келген учурлар болот. Ошондуктан оорукана менен хирургду туура тандоого кеңеш берер элем, силердин чечимиңерден көп нерсе көз каранды. Кээде бизге идеалдуу келбетке ээ, бирок көөдөнүндө көйгөйү бар адамдар келет. Биз аларды операциядан баш тарттырууга аракет кылабыз.

11164176_862019787203055_242441878_n

Биз Орто Азияда жашап, монголоиддик келбетке ээ болгондуктан блефорапластикага (сурма жасатуу боюнча операция) талап жогору жана көп жасалган операция болуп эсептелет. Негизинен айымдар кайрылат, бирок кээде коомго белгилүү мырзалар да кайрылган учурлар болот.

11166065_862019800536387_595434896_n

2-орунда чоң (делдейген) кулактарга жасалуучу операция турат. 3-орунда төштү имплантациялоо турат. Бул боюнча акыркы кездерде көп кайрылуу болууда.

11134193_862019870536380_1574199869_n

Ал эми, кийинки орунда бетинин терисин тарттыруу боюнча жасалган операция турат. 5-орунда болсо липосакция турат. Аны негизинен арыктоонун ыкмасы катары кабыл алышат, бирок бул туура эмес. Бул операцияга негизинен 30 жаштан ашкан жана төрөттөн кийинки айымдар кайрылышат. Калды алдыруу боюнча да операциялар көп жасалат, бирок муну жеңил операция деп айтууга болбойт. Мындан тышкары, бизде жынысын алмаштыруу боюнча оор операция жасалат. Бул өтө актуалдуу эмес, бирок практика жүзүндө ишке ашкан. Мындай кадамга ички дүйнөсү менен тышкы келбети шайкеш келбеген адамдар барат. Же кандайдыр бир психологиялык себептерден улам өзүлөрүн кандай болсо, ошондой сезе алышпайт.

11173602_862019850536382_22571043_n

Операциядан кийин дарыгердин көрсөтмөлөрүн аткаруу өтө маанилүү. Мисалы, блефорапластикадан кийин жыйынтык дароо көрүнбөйт. Алгачкы күндөрү бет шишип, көк ала болот. Буга даяр болуу керек. Кардарлар көп учурда бул учурду эстен чыгарып, кийинки күнү ызы-чууга түшүшөт. Мындан тышкары, алкоголдук ичимдиктерди ичүүгө таптакыр тыюу салынат. Ага баш ийбеген кардарлар албетте тескери жыйынтыкка ээ болушат. Бир жолу бир кардарыбыз курбулары менен жаңы кулагын ушундай белгилеген экен, ал айым кайрадан операцияга жасатууга мажбур болду (күлүп).

11173571_862019827203051_1311792294_n

Адамдын сырткы келбети менен ички дүйнөсү төп келиши керек. Ошондуктан көзү жана дене мүчөсү келишимдүү болсо эле ал сулуу эмес. Баарынан мурда адам өзү менен өзү болушу керек. Эгерде жан дүйнөсү талап кылса, келбетин өзгөртүүгө кадам таштасын.

11160410_862019813869719_361526777_n

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 5031
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
Учурда окулуп жатат
×