При поддержке MegaCom

Бөлүмдөр
Шаршемби, 23-август
68.74    80.7    1.16    KZT 0.21

Кыргыз ССРнин эл артисттери Б.Алиев жана К.Курманалиеванын уулу М.Алиев: Алардын белгилүү актерлор экендигине жиним да келчү

Turmush -  Кыргыз элинде үлгүлүү жана бактылуу жубайлар катары таанымал Кыргыз ССРинин эл артисти, актер Бакир Алиев жана жубайы Кеңеш Курманалиева жөнүндө чыгармачылыкта белгисиз, бирок спортто аты чыккан кенже уулу Мырзабек Алиев айтып берди.

20150407-IMG_4342

Үй-бүлөңүз тууралуу айтып берсеңиз

Мен, Мырзабек Алиев Кыргыз ССРинин эл артисттери Бакирдин Алиев жана Кеңеш Курманалиеванын кенже уулумун. Мен ата-энемдикинен башка жолду тандадым. Бүгүнкү күндө каратэ боюнча Кыргызстандын улуттук курама командасын машыктырам. Эки баланын атасы жана мыкты айымдын жолдошумун.

20150407-IMG_4396

Ата-энеңиздин жолун жолдогуңуз келди беле?

Чынын айтсам, жок. Анткени алар дайыма гастролдордо кетишчү, а мага бул жакчу эмес. Башка балдардай эле алардын жанымда болуп, көңүл бурууларын каалачумун. Кийин чоңойгондо баары туура болгондугну түшүндүм. Артист эле эмес, каратист болуу да оюма келген эмес. Негизи кесибим боюнча архитектормун, бирок жашоону алдын ала айтып болбойт. Ошондуктан азыр алдыңарда каратэ боюнча машыктыруучу катары отурам.

20150407-IMG_4371

Каратэ сиз үчүн эмне?

Бул менин жашоо образым. Каратэ жөнүндө ойлор менен ойгонуп, ошол ойлор менен уктайм. Башкы машыктыруучу болуу — күчтүү болуу, эмгекти сүйүү жана жоопкерчиликтүү болуу демек. Ар бир мелдеш толкунданууну жана айтып бергис сезимдерди жаратат. Жакынкы келечекте курама команда Кыргызстандын спорттук куржунуна дагы жеңиш алып келет деп үмүттөнөм. Мен каратэни абдан жакшы көрөм, анткени менин тарбиялануучуларым көп. Аларды өз балдарымдай көрөм, демек, алардын балдары менин неберелерим (күлүп).

20150407-IMG_4387

Кесибиңизге ата-энеңиз кандай карады эле?

Алар эч качан мага өзүлөрүнүн идеяларын таңуулашкан эмес. Бизде толук тандоо эркиндиги болгон, ошондуктан бардыгы жакшы кабыл алышкан. Атам мага эч качан актер болушун керек деген эмес. Ал болгону өз кесибимди сүйүп, аны сапаттуу аткарууга кеңеш берчү. Болбосо ийгилик болбойт, канааттандырарлык жылыш да, жыйынтык да болбойт.

20150407-IMG_4318

Бакирдин Алиев кандай ата эле?

Атам узун эмес, арыкчырай болчу. Бирок анын күчтүү эркине таң берүүгө болот. Анын комедиялык ролдорунан улам көпчүлүк тамашакөй деп ойлошчу, чынында ал оор басырыктуу жана көп сүйлөбөгөн адам болгон.

Ал мага жана бир туугандарыма абдан туура тарбия берген. Ошондуктан биз чоңойгондо максаттарыбызга жеттик. Менин атам чыныгы самурай деп ишенимдүү айта алам. Алардын көп учурда жаныбызда болбогондугу бизди өз алдынчалыкка үйрөттү жана жашоодо баарына өзүбүз жетише алдык. Мисалы, менин улуу агаларым мага жана карындашым Салтанатка ата-эне ордуна ата-эне болушту.

444515

Ата-эненин мээриминин жетишсиздиги сезилчү беле?

Чынын айтсам, мен аларга балалыгым менен таарынчумун. Алардын белгилүү актерлор экендигине жиним да келчү. Ошондуктан мен жашоомду бул тармак менен байланыштыргым келген эмес. Бирок кийин эс тартканда алардын өз кесиптерин кандай жакшы көрүшкөндүгүн түшүндүм, алар сахна жана тасма менен жашашкан. Алар жакынкы чет өлкөлөрдүн дээрлик бардыгын кыдырышкан. Атам жада калса, Америкада да болгон. Эң кызыктуусу ата-энем 60 жылдан ашуун бирге болушкан.

20150407-IMG_4327

Ата-энеңиздин мамилелери тууралуу айтып берсеңиз.

Жогоруда айткандай, алар дайыма чогуу жүрүшчү. Чогуу тасмага тартылышчу. Белгилей кетсек, алар «Чиркин өмүр», «Сүйүү жаңырыгы», «Караш караш окуясы» жана башка тасмаларда тартылышкан. Алар үлгүлүү жана бири-бирин сүйүп, сыйлаган жубайлардын өрнөгү болушкан.

20150407-IMG_4301

Апабыз күчтүү болгонуна карабастан атамдын көзү өткөндөн бери бираз алдан тайып калды. Баарыбыздан да ага оор болсо керек, ал теңин жоготту эмеспи. Ал экөөнүн Ташкенттен кантип таанышышканын, кантип бири-бирин жактырып калышканын эстейт. Атамдын жакшы жолдош болгондугун белгилегим келет. Атамдын апама кыйкырып, кол көтөргөндүгү эсимде жок. Бул жагынан мен атама окшошконго аракет кылам.

Бакирдин Алиевдин кандай адаттары бар эле?

Ал чай ичкенди абдан жакшы көрчү. Бала кезимде мен чай ичкенди көп жактырчу эмесмин, бирок азыр мен анын адатын өзүмө алдым окшойт. Байкелерим менен чогулганда сааттар бою сөзсүз чай ичип отурабыз.

Ошондой эле, атам тойлордо «Жигитмин» аттуу дайыма бир эле ырды ырдай берчү. Эми мен дагы иш-чараларда ушул ырды ырдайм, бул менин талисманым деп эсептейм. Атам дагы бир кайраттуу мышык жөнүндө жомок айтып бергенди жакшы көрчү. Аны менен ал күч, эмес күчтүү эрк негизги ролду ойнорун айткысы келген. Ал дайыма артист болуп төрөлгөм, артист болом өлөм дечү.

20150407-IMG_4294

Ал кайсы тамакты жакшы көрчү эле?

Ал беш бармакты жана көп этти жакшы көрчү. Ошол тамакты жасап берүүлөрүн көп өтүнчү. Андыктан биз да алмаштырылгыс улуттук тамагыбызды жакшы көрөбүз.

174312

Өзүңүздү атаңызга окшошмун деп эсептейсизби?

Мен ага окшош болгум келет. Ал 10 жыл бою көзү көрбөй жабыркаган, бирок бир да жолу анын даттануусун уккан жокпуз. Тескерисинче, биздин маанайыбызды көтөрүүгө аракет кылчу. Анын чыдамкайлуулугу жана көтөрүмдүүлүгүндө чек жок эле. Ошондуктан жаштарга күчтүү жана өз сөзү менен иш-аракеттерине жооп берген адамдардан үлгү алууларын каалап кетким келет.

Aliev_bakirdin

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 1947
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
Учурда окулуп жатат
×
Урматтуу окурман, мекенибиздин аймактагы «турмушунан» кабар алганыңыз үчүн ыраазычылык билдиребиз.
Куш кабарыбыз маалыматтык чаңкооңузду канааттандырса «Нравится» эн белгисин басуу менен сиз үчүн кылган ишибизге дем бериңиз!
Жабуу