Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 23-октябрь
68.58    80.93    1.19    KZT 0.2
Баракелде

Жаш зергер Д.Анарбек уулу: Жасаган буюмдарыбызды Алма-Атага туруктуу жиберип, иштешкени жатабыз (маек, видео)

Turmush -  Бүгүнкү коногубуз зергер, сүрөтчү Данияр Анарбек уулу. Кыргыздын белгилүү сүрөтчүсү, актер, каскадер жана көп кырдуу талант Сүймөнкул Чокморовду өрнөк туткан Данияр тасмага да тартылып, өзүн ар тараптан сынап көргүсү келет.

Данияр Анарбек уулу өзүнүн негизги ишмердүүлүгү – зергерчилик тууралуу «Баракелдеге» айтып берди.

- Данияр, зергерчиликке кызыгууңа эмне түрткү болду?

- Өзүм негизи сүрөтчүмүн. Көркөм сүрөт академиясынын лицейине окууга тапшыргам. Ал кезде көп кабаттуу үйдө байкемдикинде жашагандыктан камалып отуруп тажап, кайра айылга кетип, 11-классты бүтүрүп келгем. Келгенде деле кайра Көркөм сүрөт академиясына тапшырайын дегем. Бирок атам учурда сүрөтчүлөр бааланбай турганын айтып, колдогон эмес. Ошондой эле, байкемдин таанышы С.Чокморов атындагы кесиптик окуу жайында зергерчилик адистигин окуган экен. Ошондон улам кызыгып, көрүп көргөнү баргам. Зергер-модельер-дизайнер деген адистигин көрүп, мага ылайык келет деп ойлодум. Анткени мурдатан шырдактарга оюу чийип жүргөм. Демек оюулардын моделин жарата алам деп ойлодум. Бирок зергер болуп калам деп эч качан ойлогон эмесмин, түшүмө да кирген эмес. Окуудан таптакыр кыйналган жокмун.

- Өз алдынча иштегенде кыйынчылыктар болдубу?

- Окуу жайды бүткөндө алгач зергерчилик цехтеринде иштедик. Бирок досум Сүйүнбек экөөбүз өз алдыбызча иштөөнү чечкенбиз. Жаңы баштаган кезде шаймандардын жетишсиздиги көбүрөөк кыйынчылык жаратты. Бирок акырындык менен алып отуруп, чогултуп алдык. Өз алдынча иштеп кетүү өтө деле оор болгон жок.

- Өзгөчөлүгүңөр эмнеде?

- Биздин жасаган иштерибиз бири-бирине окшобойт. Мен ар дайым өзүмдүн ой-чабытым менен оймо-чиймелерди түшүрөм. Башкалардын оюуларын кайталабайм.

Негизинен күмүш менен иштейбиз. Учурда эл тарабынан да күмүшкө талап жогору. Ал эми алтынды көпчүлүк кымбат деп эсептейт.

- Бош убактыңда эмне кыласың?

- Сүрөт тартам, бирок акыркы кездерде бош убактым көп жок.

- Зергер болуу үчүн кандай сапаттарга ээ болуу керек?

- Чыдамкайлык, изденүү, бекем нерв, шык, бай фантазия, талыкпаган аракет зарыл.

- Ишмердүүлүктө изденүү кандай болот?

- Эгерде бирөөнүн жасаган иши мага жакса, мен аны өз ишимде кошуп кетүүгө аракет кылам. Эгерде мага бир оюу жакса, өзүм чийген оюуларда анын элементтерин кошушум мүмкүн.

IMG-20150407-WA0002 - Өзүңөр жараткан моделдерди башка бирөөнүн көчүрмөсүндө жолуктурдуңар беле?

- Жок, андай учур боло элек. Биздин жасаган кооздуктар бат өтүп, өз ээсин тапкандыктан аларга окшоштуруп жасалгандарды жолуктура элекпиз.

- Кардарларыңар кимдер?

- Бизге элдин баары кардар. Жакында жасаган буюмдарыбызды Алма-Атага туруктуу жиберип, иштешкени жатабыз. Учурда тапшырык бергендердин бардыгы менен иштешебиз.

- Атаандаштарыңар барбы?

- Өз алдынча үйрөнүп алгандар жасаган кооздук буюмдарын «Берекетке» арзан баада тапшырышып, биздин баабызды түшүргөн учурлар болот. Алар сапатсыз жасап, граммын 85 сомдон өткөрүшөт. Андыктан биздикине да ошондой баа сунушташат. Биз ага макул болбойбуз, бирок кээде биздикин граммын 100-110 сомдон сатып алган учурлар болгон.

- Бир айлык кирешеңер канча?

- Бир айлык кирешени эсептеп көргөн эмеспиз. Бирок ал тапшырыктарга жараша ар кандай болот. 2-3 саатта 2 миң сомдук же 4-5 миң сомдук буюм жасашыбыз мүмкүн.

Улуттук колоритте жасалган сөйкө, шакектер учурда турисстер үчүн чоң кызыгууну жаратат. Мисалы, европалыктардын кооздуктарынын өздөрү көнүп калган өзүнө мүнөздүү формалары бар. Ошол эле формага кыргыздын улуттук оймо-чиймелерин түшүрсө, абдан кызыктуу келип чыгат. Ошентип экөөнү аралаштырыш керек.

- Окубай туруп, ушул кесипти аркалап кетсе болобу?

- Болот, бирок ал үчүн табиятынан таланттуу болушу керек. Бишкекте илгери зергер болуп иштеген адамдын уулу азыр зергер болуп иштейт жана жакшы жасайт. Бирок окуп үйрөнгөн эмес, атасынан өткөн шыгы бар.

- Зергерчиликти үйрөткөн окуу жай тууралуу айтып берсең?

- Кыргыздын колоритин кармап турган, эң мыкты зергерлерди окутуп жаткан жападан жалгыз окуу жай - С.Чокморов атындагы кесиптик окуу жайы. Учурда зергер цехтерин иштетип жаткандардын дээрлик бардыгы ошол окуу жайдын бүтүрүүчүлөрү.

- Зергерлер эртеден кечке отуруп алып иштешет эмеспи, чарчаганда эмне кыласың?

- Ооба, зергерлер эртеден кечке отуруп алып иштегендиктен, дене чарч, бел ооруп кетет. Таэкван-до менен машыккан байкем бар болчу. Анын таасири менен мурда таэкван-до менен машыкчумун. Кийин калып калды. Бирок кайрадан машыгууга барып, улантайын деген ниетим бар.

- Болочок зергерлерге кайрылууң...

- Талыкпай эмгектенсе, ошого жараша үзүрүн көрөт. Агайлардын кеп-кеңештерин эске алуу керек. Кийин иштей келгенде чоң жардамы тиет. Сүрөттү жакшы тартуу керек. Туура окуп, туура жүрсө, жакшы зергер чыгат.

- Рахмат маегиңе, өнөрүң өркүндөй берсин!

Маектен кийин, каарманыбыз өз ишин аткарууга киришти.



Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 1245
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
×