Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 23-октябрь
68.58    80.93    1.19    KZT 0.2
Баракелде

ММК Фондунун төрайымы Г.Шакирова: Кош бойлуу аялдарга акысыз ММК Полисин берүүнү пландаштырып жатабыз (маек, 2-бөлүк)

Turmush -  Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондунун төрайымы Шакирова Гүлмира Абидиновна «Баракелдеге» Фонддун ишмердиги, андагы каралган программалар, ооруканалардагы бейтаптын укуктары жана жеңилдиктер тууралуу айтып берди. 

Ошондой эле, өзү, үй-бүлөсү жөнүндө суроого жооп берди, жана канча айлык маяна аларын ачыктады.

- Мамлекеттик-жеке менчик өнөктөштүгүнүн алкагында бир катар ишканалар (ЖЧКлар) менен меморандум түзүлгөн, алар менен иштешүү канчалык натыйжасын берүүдө?

- Азыркы мезгилде, Милдеттүү медициналык камсыдандыруу фондунун 2015–жылдагы иш планына калкка көрсөтүлгөн медициналык жардамдардын сапатын атаандаштык менен жакшыртуу максатында жана Мамлекеттик камсыздандыруу программасын ишке ашырууда жеке менчик медициналык уюмдарды тартуу менен Бирдиктүү төлөөчү тутумуна киргизүү каралган.

Бул иш-планды ишке ашырууда «Интелмед» жоопкерчилиги чектелген коому жана «Экспресс плюс» лабораториясы менен меморандум түзүлүп, лабораториялык тармакта кызматташууга кол коюлган.

Андан сырткары, ММК Фондунун буйруктары менен Мамлекеттик камсыздандыруу программасын ишке ашырууда ММК Фондунун лабораториялык кызмат көрсөткөн жеке медициналык уюмдар менен эриш-аркак кызматташуусун аныктоо жана Бирдиктүү төлөөчү тутумуна медициналык кызмат көрсөткөн жеке медициналык уюмдарды тартуу үчүн ведомстволор аралык жумушчу топтор түзүлгөн.

Бир нече жеке медициналык уюмдар менен Мамлекеттик камсыздандыруу программасын ишке ашырууда кызматташуу каралууда: жеке ишкер «Калмаматов», жоопкерчилиги чектелген коомдор «Кардио Азия плюс», «Эндомед универсал», Клиника «Аксон», Медициналык борборлор: «Гинеко», «Жармухамед», Кочкор-Ата шаарындагы жеке менчик көз оорулар борбору; Кочкор-Ата шаарындагы хирургиялык оорулар борбору.

Азыркы мезгилде, ММК Фонду менен жеке менчик медициналык уюмдардын Мамлекеттик камсыздандыруу программасын ишке ашырууда кызматташуусун тактоочу жобонун долбоору иштелип чыккан жана башкармалыктар менен макулдашууда.

Жакынкы мезгилдерде жеке медициналык уюмдардын жетекчилери менен биргеликте Мамлекеттик камсыздандыруу программасын ишке ашырууда каржылоонун механизмин талкуулап, иштеп чыгуу боюнча тегерек стол өткөрүүнү пландаштыруудабыз.

- Учурда мамлекет коррупция менен күрөшүүнү катуу колго алды. Өткөн жылы кургак учукка каршы ооруканалардан коррупциянын көптөгөн көрүнүштөрү чыкты, Фонд бул багытта кандай чараларды көрүп жатат?

- 2014-жылдын 12 айы үчүн жүргүзүлгөн аудиттердин жыйынтыгы боюнча мыйзам бузуулардын жалпы суммасы 59 664,5 миң сом болду, анын ичинде товарларды, жумуштарды жана кызматтарды сатып алуу боюнча 25 650,5 миң сом, эмгек акынын эсептөө жана төлөп берүү боюнча 8 379,8 миң сом, саламаттык сактоо уюмдарындагы бириктирилген бюджеттин каражаттарын максатсыз чыгашалар 371,4 миң сом, башка бузуулар (бурмаланган финансы отчеттуулук, ижара, товардык-материалдык баалуулуктар ж.б.) боюнча 24 262,8 миң сомду түздү.

13 саламаттык сактоо уюму боюнча текшерүүлөрдүн материалдары укук коргоо органдарына өткөрүлүп берилди, калган уюмдар боюнча Саламаттык сактоо министрлигинин финансылык бузууларды карап чыгуу боюнча комиссиясына тийиштүү чараларды кабыл алуу үчүн өткөрүлүп берилди.

Ооба, өткөн жыл ичинде коррупциянын көптөгөн көрүнүштөрү кургак учукка каршы ооруканалардан чыкты. Дары-дармек каражаттарын колдонуу боюнча текшерүүлөр жүргүзүлгөн 14 кургак учук оорукананын ичинен 7 оорукана боюнча укук коргоо органдары кылмыш иштерин козгоду. Бул ооруканаларда орулууларга бериле турган дарылар, бейтаптарга жетпестен колдонулду деп эсептен чыгарылган. Бардыгы негизсиз жокко чыгарылган дарылардын суммасы 2,2 млн сомду түздү.

Кээ бир үй-бүлөлүк дарыгерлер борборлорунда үй-бүлөлүк дарыгерлер бейтапты маалымдабай эле дары алууга рецепт жазып берүүлөр аныкталган. Жазылып берилген ММК рецептерин дарыгерлер дарыканаларга өткөрүшөт. Дарыкана бул рецептин төлөнүшү үчүн ММК Фондунун аймактык башкармалыктарына берет. Рецепт үчүн төлөнгөн акыдан дарыкана дарыгерлерге бонустарды төлөп берет. Бул фактылар боюнча материалдар укук коргоо органдарына өткөрүлүп берилди.

ММК Фонду коррупциялык көрүнүштөр боюнча Бирдиктүү төлөөчү тутумунда иштеген саламаттык сактоо уюмдарындагы коррупциялык схемаларды аныктоо боюнча методика иштелип чыкты жана бекитилди. Бул методикада ММК Фондунун кызматкерлери аудитордук текшерүүлөрдү жүргүзүүдө коррупциялык схемаларды аныктоонун ыкмалары көрсөтүлгөн. 

- 2015-жылга ММК Фондунун пландары кандай?

- Үстүбүздөгү жылы ММК Фонду алдында да, менин өзүмдүн алдымда да КР өкмөтүнүн Программасынын максаттарын жана милдеттерин аткаруу боюнча планда көрсөтүлгөн ири маселелер турат.

Медициналык камсыздоо маселелериндеги бир катар ченемдик-укуктук актыларды иштеп чыгуу алдыбызда турат.

Кош бойлуу аялдарга акысыз ММК Полисин берүүнү пландаштырып жатабыз. Кош бойлуулук боюнча каттоого турган аялдар ММК Полисин алганда Милдеттүү медициналык камсыздандыруунун Кошумча программасы боюнча дары-дармектерге жеткиликтүүлүгүн камсыздайт.

2015-жылга медициналык кызматтарды каржылоонун пландуу көрсөткүчтөрүн жана ченемдерин эсептөө жана бекитүү боюнча иш пландаштырылган. Бухгалтердик отчетторду «1С: Бухгалтерия», «1С: Финансылык отчеттулук» IT технологияларды колдонуу менен кабыл алууну пландаштыруудабыз. Бул технология ММК Фондунун жана аймактык башкармалыктардын денгээлинде эсепке алуу жана отчеттулукту автоматташтырууну камсыздоого мумкүнчүлүк берет.

Эне жана баланы коргоо жаатында медициналык жардамдын сапатын жакшыртуу үчүн стационардык жардам көрсөткөн саламаттык сактоо уюмдарын стимулдаштыруу мехинизмин киргизүү боюнча ишти улантабыз.

Амбулатордук деңгээлде жарандарды дары-дармек менен камсыздоо боюнча ММКнын жеңилдетилген программаларын ишке ашыруу максатында 2015-жылы 200,0 млн сомдой бөлүү пландаштырылып жатат, бул жарандарга медикаменттерди жеңилдетилген шарттарда алууга мүмкүнчүлүк берет.

Ошондой эле чет элдик жарандар жана Кыргыз Республикасынын территориясында туруктуу жашаган жана убактылуу жүргөн жарандыгы жок адамдарга медициналык камсыздандыруу полисин иштеп чыгуу жана киргизүү боюнча 2014-жылы башталган ишти улантабыз.

Калктын маалымдуулугун жогорулатуу үчүн медициналык-санитардык жардам алууда жарандардын укуктары жөнүндө калк арасында маалыматтык-түшүндүрүү иштерин жүргүзүү күчөтүлөт.

- Сиз буга чейин жалаң гана финансылык тармактарда иштеп келгенсиз. Медициналык Фондду башкаруудагы 3 жыл ичинде эмнелерге жетише алдыңыз? Кандай жыйынтыктарды көрсөттүңүз? Экономика менен медицина эки башка илим да...

- Туура, мен финансы тармагында 25 жылдан ашуун иштедим. Акыркы 3 жылдан бери ММК Фондун жетектейм. ММК Фонду бул бир эле убакта финансылык орган жана республикабыздын калкына көрсөтүлүп жаткан медициналык кызматтардын сапатын контролдогон орган. Уюмдун спецификасы мага, тажрыйбасы бар финансист катары, саламаттык сактоо жаатында калкка көрсөтүлгөн кызматтарга мамлекеттин сарптоолорун реалдуу баалоого жол берет. Анткени ММК Фондунун бириктирилген бюджети аркылуу 10,0 млрд сом өтөт, аны саламаттык сактоо уюмдарына туура бөлүштүрүп, анын максаттуу колдонулушун көзөмөлдөө зарыл.

Менин жетекчилигим алдында ММК Фонду бир кыйла ийгиликтерге жеткен, албетте чечиле элек маселелер да бар. Бирок жалпысынан алганда ММК Фонду акыркы үч жыл ичинде мамлекеттик органдардын натыйжалуулугун баалоодо алдыңкы позицияларды ээлеп жүрөт. Бирдиктүү төлөөчү тутумунда иштеген саламаттык сактоо уюмдарын каржылоодогу көйгөйлөр чечилди, медициналык кызматкерлердин айлыгы көтөрүлдү, ай сайын төлөнүп берилип жатат.

Медициналык кызматтарды алууда альтернативдүү варианттарды тандоо укугун бейтапка мүмкүнчүлүк берүү максатында Бирдиктүү төлөөчү тутумуна медициналык кызматтардын жеке менчик жеткирип берүүчүлөр тартылган, бул калк үчүн медициналык жана диагностикалык кызматтардын спектрин кеңейтүүгө жол берди.

2012-жылдан тартып Бирдиктүү төлөөчү тутумуна кургак учукка каршы кызматтардын 29 уюму өткөрүлдү. Бул жылы онкологиялык, психиатриялык, гематологиялык кызматтардын жана жүрөк хирургиясынын 11 адистештирилген саламаттык сактоо уюмунун өткөрүлүшү каралып жатат.

Милдеттүү медициналык камсыздандыруу каражаттарынын эсебинен медициналык жабдуу менен жабдылган 87 тез жардам машинасы 84 млн сомго сатып алынды, ошондой эле 2 санариптик флюроографиялык аппарат 9,8 млн сомго алынды.

- Үй-бүлөңүз тууралуу айта кетсеңиз? Бир айда тапкан кирешеңиз канча?

- Үй-бүлөм анча чоң эмес, уулум 16 жашта, кызым 12 жашта. Айлык акым 18 миң сом. Бизнесим жок. Ата-энем Ош облусунда жашайт, мүмкүнчүлүк болгон сайын барып жолугуп турам.

- Маегиңизге рахмат.

ММК Фондунун төрайымы Г.Шакирова: Ооруканаларда медкызматкер бейтапты кароодо кошумча акы албашы керек (маек, 1-бөлүк)

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 622
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
×