При поддержке MegaCom

Бөлүмдөр
Шаршемби, 23-август
68.74    80.7    1.16    KZT 0.21

ММК Фондунун төрайымы Г.Шакирова: Ооруканаларда медкызматкер бейтапты кароодо кошумча акы албашы керек (маек, 1-бөлүк)

Turmush -  Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондунун төрайымы Шакирова Гүлмира Абидиновна «Баракелдеге» Фонддун ишмердиги, андагы каралган программалар, ооруканалардагы бейтаптын укуктары жана жеңилдиктер тууралуу айтып берди.

Ошондой эле, өзү, үй-бүлөсү жөнүндө суроого жооп берди, жана канча айлык маяна аларын ачыктады.

- Гүлмира Абидиновна, Милдеттүү медициналык камсыздандыруу Фондунун учурдагы иши тууралуу айтып берсеңиз?

- Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фонду (мындан ары - ММК Фонду) КРнын базалык мамлекеттик жана милдеттүү медициналык камсыздандыруу жаатындагы мамлекеттик программаны ишке ашырган аткаруу бийлигинин мамлекеттик органы. Негизги максаты – ден-соолукту сактоо жаатында жарандардын укуктарын жана кызыкчылыктарын коргоо. Милдеттери саламаттык сактоо уюмдары, дарыканалар тармагы менен келишимдерди түзүү жолу аркылуу аткарылат, анда каржылоонун шарттары, милдеттүү медициналык камсыздандыруу программаларын ишке ашыруу боюнча медициналык, профилактикалык жана фармацевтикалык кызматтары каралат.

- ММК Фондунун милдеттүү медициналык камсыздандыруу полиси бар. Анын кандай артыкчылыктары бар?

- ММК полиси камсыздандырылган статуска ээ кылат жана ММК Фондунун аймактык башкармалыктары менен келишим түзгөн Бирдиктүү төлөөчү тутумунда иштеген өлкөнүн бардык саламаттык сактоо уюмдарында колдонулат. Полисти кайдан алууга мүмкүн, деген суроо жаралат. Полисти алуу үчүн катталган жердин тиешеси жок. Милдеттүү медициналык камсыздандыруу полиси бирдиктүү төлөөчү тутумуна кирген бардык саламаттык сактоо уюмдарында колдонулат.

- Ал эми Кыргызстанда убактылуу жүргөн чет өлкөлүк жарандар жана жарандыгы жок адамдарчы? Аларга полис кандай шартта берилет?

- Азыркы учурда чет өлкөлүк жарандар үчүн биздин республикабыздан ММК полисин алууга мүмкүнчүлүк жок. Бирок ММК Фонду тарабынан бул маселе каралууда. Монополияга каршы мамлекеттик агенттигинин макулдашуусу менен чет өлкөлүк жарандар үчүн ММК Полисинин наркы бекитилди. Азыркы учурда ченемдик-укуктук актыларга өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү боюнча иш жүргүзүлүп жатат.

Өкмөт аралык макулдашууларга ылайык чет өлкөлүк жарандардын өмүрүнө коркунуч пайда болгон шашылыш (экстренный) учурларда, травмаларда, төрөттө ж.б. учурларда убактылуу жүргөн мамлекеттин территориясында медициналык кызмат толук көлөмдө акысыз көрсөтүлөт.

Пландуу медициналык жардам Саламаттык сактоо министрлиги тарабынан бекитилген чет өлкөлүк жарандар үчүн баалардын прейскурантына ылайык акылуу негизде көрсөтүлөт.

- ММК Фондунун мамлекеттик кепилдиктер программасы боюнча дары-дармектер тизмегине кайсы дарылар камтылган? Бул программада медициналык кызматтар да каралганбы?

- Жыл сайын бекитилген Мамлекеттик кепилдиктер программасында амбулатордук, стационардык деңгээлде медициналык кызматтарды көрсөтүүнүн түрлөрү, көлөмдөрү жана шарттары жарандардын социалдык статусуна жана категориясына жараша көрсөтүлгөн.

Мындан тышкары, ММКнын Кошумча программасында амбулатордук деңгээлде дары менен камсыздоо боюнча камсыздандырылган жарандар үчүн, ошондой эле камсыздандырылган статусуна карабастан 5 дарт боюнча (бронхиалдык астма, 4-даражадагы онкологиялык оруулар, эпилепсия, параноиддик шизофрения, аффективдик бузулуулар) орулууларга жеңилдиктер каралган.

- Аталган программа калкка канчалык кеңири жеткен, билбегендер аны менен кайдан тааныша алышат?

- Албетте, Мамлекеттик кепилидктер программасына болгон кызыгуу күндөн-күнгө өсүүдө, муну биз ММК Фондунун жана анын аймактык башкармалыктарынын ишеним телефондоруна түшкөн кайрылуулардын саны боюнча билсек болот. Берилип жаткан суроолор медициналык кызматтарды алууда жарандар өзүлөрүнүн укуктарын билүүгө кызыга башташканын көрсөтөт.

ММК Фонду калк арасында кеңири маалыматтык кампания жүргүзөт, медициналык кызматкерлер, жергиликтүү өз алдынча башкаруу, өкмөттүк эмес уюмдар, айыл өкмөтү менен жолугушууларды өткөрүп турат, телевидение жана радио аркылуу чыгып сүйлөөлөр, газеталардагы интервьюлар берилип турат. Ошондой эле Мамлекеттик кепилдиктер программасы боюнча маалыматты ММК Фондунун foms.kg сайтындагы "Суроо-жооп" жана "Форум" рубрикаларына кирип, же 0312 66-05-29 ишеним телефонуна чалып, коомдук кабылдамага келип суроо берсеңиздер болот. Үй-бүлөлүк медицина борборунда жана үй-бүлөлүк дарыгерлер тобунда милдеттүү медициналык камсыздандыруунун бурчу болот, анда Мамлекеттик кепилдиктер программасы боюнча маалыматтык-көрсөтмөлүү материалдар (постерлер, буклеттер, эскертмелер) берилген.

- ММК Фондунун ишине кайтсак. Фонд медициналык мекемелерге кандай жардам берет?

- Бирдиктүү төлөөчү тутумунда иштеген саламаттык сактоо уюмдарынын бюджети төмөнкүдөй түзүлөт: стационарда – дарыланган учур боюнча, ал эми үй-бүлөлүк медицина борборунун жана үй-бүлөлүк дарыгерлер тобунун бюджети – 1 катталган жаранга жан башына ченемат (подушевой норматив) боюнча, а тез медициналык жардам жылына 1 бригадага ченемат боюнча түзүлөт.

Бирдиктүү төлөөчү тутумунда иштеген саламаттык сактоо уюмдарын каржылоо үстүбүздөгү жылдын бекитилген чыгымдар сметасына ылайык уюмдун ишинин акыркы жыйынтыгы боюнча жана жыл сайын бекитилчү каржылоонун базалык ченематтарынын негизинде жүргүзүлөт.

Колдонуудагы мыйзамга ылайык Бирдиктүү төлөөчү тутумунда иштеген саламаттык сактоо уюмдары мамлекеттик бюджеттин, милдеттүү медициналык камсыздандыруу жана кошумча төлөм каражаттарын колдонууда финансылык-экономикалык автономияга ээ. Ошондой эле саламаттык сактоо уюмдары көрсөтүлгөн медициналык-санитардык жардам үчүн болжолдуу түшө турган каражаттардан сарптоолордун тутумун жана чыгашалардын сметасын өз алдынча пландаштырышат жана бекитишет.

Мындан тышкары каражаттарды өзүлөрү каалаганындай бөлүштүрүүгө мүмкүнчүлүгү бар, б.а. бекитилген каражаттарды чыгашалардын экономикалык классификациясынын беренелери боюнча өз алдынча пландаштырууга мүмкүнчүлүгү бар. Бул саламаттык сактоо уюмдарына багыттар боюнча өзүлөрүнүн чыгымдарын сарамжалдуу бөлүштүрүүгө чоң мүмкүнчүлүк берет.

- Көпчүлүк бейтаптар медициналык мекемелерде өздөрүнүн укуктарын толук пайдалана алышпайт...

- Мамлекеттик кепилдиктер программасында камсыздандырылган жарандарга дарыгердин рецеби боюнча дарыканалар аркылуу жеңилдетилген шарттарда дары-дармектерди берүү каралган. Көрсөткүчтөр боюнча жеңилдетилген рецепт белгилүү бир дарыларга жазылып берилет. Дары-дармектердин тизмеги "Амбулатордук деңгээлде Милдеттүү медициналык камсыздандыруунун Кошумча программасы жана Мамлекеттик кепилдиктер программасы боюнча орду толтурулган дары-дармек каражаттардын маалымдамасында" берилген. Маалымдама ар бир дарыгерде жана жеңилдетилген рецепттер менен иштеген дарыканаларда болот. Бул Маалымдамада дарынын 1 бирдигинин суммасы келтирилген, бул сумма ММК Фонду дарыканага бейтаптын ордуна мамлекеттик каражаттардын эсебинен төлөйт, б.а. бейтап Маалымдамадагы дарыны жеңилдетилген рецепт боюнча сатып алууда наркынын жарым баасын төлөйт. Бул дарыканадагы дарынын чекене баасынын жана Маалымдамада көрсөтүлгөн ордун толтуруу баасынын ортосундагы айырма. Мисалга, дарыканада 40 мг «Фамотидиндин» 20 таблеткасы 50 сом турат. Маалымдамага ылайык 1 таблетканын ордун толтуруу баасы 3,48 сомду түзөт, демек 20 таблетка үчүн – 69,60 сом болот. Мындай учурда, бейтап дары үчүн төлөбөйт, акысыз алат, анткени ордун толтуруу суммасы дарынын наркынан ашат, дарыканага ММК Фонду 50 сом – таңгактын (упаковканын) наркын төлөп берет.

- Азыр ооруканаларга кайрылганда милдеттүү түрдө аймактык дарыгердин жолдомосун сурашат, бул канчалык негиздүү?

- Мамлекеттик кепилдиктер программасына ылайык пландуу түрдө ооруканага жатууда милдеттүү талап – үй-бүлөлүк дарыгерден жолдомо, ал эми шашылыш жаткан (экстренный) учурларда жолдомосуз болот.

- Ошол эле ооруканаларда медициналык кызматкер бейтапты кароодо, ага дарт атын (диагноз) аныктоодо жана айрым процедураларды жасоодо (мисалы, жөнөкөй эле ийне саюу) кошумча акы алат. Бул мыйзамдуубу?

- Жок, бул мыйзамсыз. Мыйзамдуу акча төлөөлөр касса аркылуу гана болот.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 538
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
Учурда окулуп жатат
×
Урматтуу окурман, мекенибиздин аймактагы «турмушунан» кабар алганыңыз үчүн ыраазычылык билдиребиз.
Куш кабарыбыз маалыматтык чаңкооңузду канааттандырса «Нравится» эн белгисин басуу менен сиз үчүн кылган ишибизге дем бериңиз!
Жабуу