Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 23-октябрь
68.58    80.93    1.19    KZT 0.2
Баракелде

Ак калпак күнүн негиздөөчү кинорежиссер Р.Жабиров: Руханий жаңыланууга жаңыдан өтүп жатабыз (маек)

Turmush -  Эртең, 5-мартта Кыргызстанда «Ак калпак күнү» белгиленет.

Бул идеяны коомчулукка 2011-жылдын 8-февралында кинорежиссер, продюсер Рысбек Жабиров АКИpress'теги маалымат жыйында тааныштырган.

Коомчулук тарабынан колдоого алынган бу күндүн белгиленип жатышына быйыл 4 жыл болот. Бул күнү борбордук аянтта ар кандай акциялар, кыргыздын улуттук баш кийими- калпактын түрлөрүнүн көргөзмөлөрү өтөт. Ал эми көчөлөрдө мырзалар ак калпак кийип, улуттук баш кийимдин баркын дагы бир жолу даңазалашат.

Ак калпак күнүн белгилөө сунушунун автору Рысбек Жабиров эртеңки иш-чара тууралуу «Баракелдеге» маек курду.

- Рысбек мырза, 4 жылдан бери «Ак калпак күнүн» белгилеп келебиз. Эртеңки иш-чара буга чейин өткөрүлүп келген иш-чаралардан эмнеси менен өзгөчөлөнөт?

- Бул жолу «Майрамкул чеберлер коому» өздөрү даярдашкан калпактардын көргөзмөсүн өткөрүшөт. Көргөзмө Тарых музейинде болот. Андан тышкары, дагы бир кыймыл, «Тынчтык жолу менен жаңыланууга карай» аталышындагы акциясын өткөргөнү жатышат. Кыймылдын жетекчиси Түгөлбай Казаков деп уктум. Акциянын алкагында, улуттук оюндарды коебуз деп жатышыптыр. Аянттагы музейдеги көргөзмө концерттик программа менен коштолот. Иш-чараны уюштуруу комитетинин төрагасы Кадыр Кошалиев агабыз экен. 

- Сиз ак калпак күнүнүн негиздөөчүсү катары бул күндү белгилөөгө кандай таасир бересиз?

- 4 жыл мурун бул ишти өткөрүүгө өзүм чуркап, өзүбүз акча сарптап жүрдүк. Көп учурда, «Сен дайыма көзү ачыктык кыласың» деп тамаша-чындап айтып калышат. Көп жактан алдын ала бир нерсени айтам, анан ал жолун улантып кетет... Мага көп адамдар жылда кайрылышат. Бишкекте жана башка аймактарда ушундай иш-чара уюштуруп жатабыз, жардам берип катышып коюңуз деп.

Бул менин менчик бир үйүмдөгү иш-чара эмес да, бул жалпы улуттук иш-чара жана ушул жолун улантып кетет деген үмүттөмүн. Ал эми чакырылган жерлерге конок катары гана барышым мүмкүн. 

- Бул күндү белгилөө өзүнүн максатына жеттиби?

- Руханий жаңыланууга жаңыдан өтүп жатабыз. Максатына жетти, мен ошого кубанычтмын. Расмий түрдө мамлекеттик деңгээлде белгиленбесе да, ар бир айылда, мектепте көңүл бурулуп, коомдук башталышта колго алынып калды.

- А мамлекет тарабынан кандай белгиленсе деп ойлойсуз?

- Албетте, мен таңуулабайм, себеби мамлекеттен бир нерсе күткөн эмесмин, тескерисинче, мамлекетке берген адаммын, жана андай адамдар көп деп ойлойм. Эгерде бул күндү белгилөө мыйзамга төп келип, эч кандай каршылыктар болбосо мамлекеттик деңгээлде колдоого алса болот. Мен дайыма ыраазычылык угам. Айрым аткаминерлер кызматтан түшкөндөн киийн жолугушуп калышканда айтып калышат, «сен азаматсың» дешип, албетте, бул мага дух берет. Бир нерсени үмүттөнүп жасаба, деген сөз бар. Сен жасай бер, ийгилик өзү келет. Мисалы бизнес жасасам да, анын акчасын санабайм.

- Ак калпак ЮНЕСКОнун тизмесине жөнөтүлүп жатканын айткан элеңиз. Бул багытта кандай иштер болуп жатат?

- Ооба, 3-4 жыл мурун айткам. Бирок ал боюнча чуркаган жокмун, себеби, чуркаган адамдар бар. Мен аларга жөн гана ыраазычылык билдирем. Кол өнөрчүлүк жаатында жүргөн эжелерге, апаларге, Кыргызстан кийиз дүйнөсү деген көргөзмөлөрдү өткөргөн эжекелерге баш ийип таазим этип ыраазы болом, себеби алар кыргыздын нарк-насилдүү ак калпагын ЮНЕСКОго каттатканга аракет кылып жүрүшөт. Ал эми мен дагы кийлигишсем туура эмес болуп калат.

- Рахмат маегиңизге, ишиңизге ийгилик...

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 768
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
Учурда окулуп жатат
×