Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 23-октябрь
68.58    80.93    1.19    KZT 0.2
Баракелде

Н.Касиев: Биздин максат – түрк мамлекеттеринин муниципалдык кызматтары бири бири менен тажрыйба алмашуу, инвестиция тартуу (маек)

Turmush -  27-29-январь күндөрү Түркиянын Мерсин шаарында Түрк дүйнөсү муниципалитеттер биримдигинин кезектеги отуруму болуп өттү. Анда биримдиктин жетекчиси Ибрагим Осмоноглу төрагалык кылды. 30дан ашык маселе каралган жыйынга Түрк дүйнөсү муниципалитеттер биримдигинин теңтөрагасы, КРнын өкмөтүнө караштуу жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери жана этностор аралык мамилелер боюнча мамлекеттик агенттигинин директору Накен Касиев катышып келди.

Бул тууралуу Н.Касиев кечээ, 30-январда «Баракелдеге» маек курду.

- Түрк дүйнөсү муниципалитеттер биримдигинин отурумунда кандай макулдашууларга жетиштиңиздер?

- Кыргызстан менен Түркиянын 30дан ашык шаарлары менен райондору достошкон, бирок иштер солгундап көп маселелер ишке ашпай калган. Ошолорду алдыга жылдыралык деп макулдаштык. Андан тышкары, Түркияга атайын адистерди жиберели деп чечтик. Мисалы, тазалык, жашылдандыруу боюнча. Буга чейин шаарлардын мэрлерди, район жетекчилери барышчу, кызматташтык боюнча протоколдорго кол коюп келишчү. Бул 90-жылдардан бери бар, бирок ошол келишимдер аткарылбай жатат. Мен былтыркы жылдан баштап аталган биримдикке жаңыдан теңтөрага болуп шайландым, биринчи эле маселе ушул кол коюлган келишимдердин баарын кайрадан карап чыксак, ошонун аткарылышын жана эки тараптын тең акимдеринин, мэрлеринин отчетторун уксак деген маселе койдум. Бирок тилекке каршы, ошол убагындагы мэрлер, акимдер алмашып кетип калышкан. Мэрлер келет, акимдер барат, алар келгенден кийин эле иш токтоп калып жатпайбы. Ошондуктан ишти улантып, кийинки келген жетекчи отчетторду бериши керек, ошондо келишимдер ишке ашат деген ойду сунуштадык.

- Бишкек шаарындагы Ата-Түрк паркын реконструкциялоо маселеси чечилдиби?

- Ооба, Түркиянын үч шаары Бишкектеги Ата-Түрк паркын реконструкциялоону быйыл, 2015-жылы баштайт. 30 маселенин ичинде бирден бир бизге (Кыргызстанга) тиешелүүсү болуп КР менен Түркиянын бири бири менен кызматташып жаткан шаарлары ортосундагы иштерди улантуу болду. Айрыкча Бишкек шаарындагы Ата Түрк паркын реконструкциялоо маселеси козголду. Бишкек шаары менен Анкара, Стамбул, Трабзон шаарлары кызматташ. Ошонун негизинде аталган паркты үч шаардын мэриялары реконструкциялашат. Ал эми парктын реконстуркциясын түркиялык «ТИКА» уюму аяктоого милдеттүү. Бул эл аралык уюм биз менен көптөн бери кызматташып, жардам берип келет.

- Бул жылга дагы кандай милдет, тапшырмалар коюлду?

- Стамбулда быйыл май айында аял жетекчилердин конгресси болгону турат. Бизде да аял жетекчилерибиз - эки губернаторубуз бар. Андан тышкары акимдердин орун басарлары - аялдар бар. Аларды конгресске катышууга жөнөтөбүз.

- Бизден Түркияга адистер окутууга жөнөтүлүп келет, бул иш быйыл да улантылабы?

- Ооба, мурда Түркияга 3 күндөн 1 аптага чейин окууга барып келишчү. Биз мында окуу мөөнөтүн узартууну макулдаштык, тагыраак айтканда, 1 -2 айлык мөөнөт менен окутуу тууралуу. Ал жакта жатаканасы, ичкен тамагы, окуусу түрктөр тарабынан болот. «Силерге кайсы адистер керек, биз ошону окутуп берели» деп сунушташты (түрктөр). Мен жашылдандыруу боюнча, тазалык боюнча жана салыктарды топтоо боюнча адистерди окутууну сунуштадым, алар, дагы ойлонуп көргүлө дешти. Мен 1-күндөрү Бишкектин, Оштун, Жалал-Абад шаарларынын мэрлери, облус борборлорунун жетекчилери менен сүйлөшүп, кайсы адистерди жиберерибизди макулдашып, анан бир тайпа кылып чогултуп, 1 же 2 айга окууга жөнөтөбүз (Түркияга). Жылдын биринчи жарымында жөнөп калышы мүмкүн. 

- Маданий чөйрөдө кандай маселелер каралды?

- Түрк элдеринин бешик ыры боюнча фестиваль өткөрөлү деген маселе каралды. Ага чейин Кыргызстандан да тандоо өткөрүп, бешик ырын билген ошого катыша турган конкурсанттрады даярдайбыз.

Негизи бул отурумга Кыргызстандан, Түркиядан, Азербайжан жана Кипрден теңтөрагалар катышты, Казакстандан жана Татарстандан теңтөрагаларды шайлоо сунуштары болду. Биздин максат – түрк мамлекеттеринин муниципалдык кызматтары бири бири менен кызматташуу, алака түзүү, тажрыйба алмашуу, жана бири бирибизге жардам берүү, инвестиция тартуу.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 468
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
×