Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 23-октябрь
68.58    80.93    1.19    KZT 0.2
Баракелде

ФИФАнын калысы Р.Шекербеков: Бир гана Кыргызстан курамасына күйөрмандык кылып келем (маек)

Turmush -  Кыргызстанда футболду өнүктүрүш үчүн бизге жарнама жетишпейт, - дейт футбол боюча эл аралык категориядагы калыс Рысбек Шекербеков. Анын айтымында, өлкөдө боло турган же болуп жаткан оюндар тууралуу маалыматтар элге толук жетпейт.

Учурда футбол боюнча эл аралык ар кандай турнирлерде калыстык кылып, Кыргызстандын желегин желбиретип «Кыргызстан» деген мамлекет бар экенин тааныткан калыстардын бири Шекербеков Рысбек Турсунбекович 1983-жылдын 23-мартында Нарын облусунун Жумгал районунун Чаек айылында туулуп-өскөн, 8 бир туугандын эӊ кичүүсү. Бойдок. КРнын мамлекеттик дене тарбия жана спорт академиясында мугалим болуп иштейт.

Өз учурунда айылда эркин күрөш менен машыгып жүргөн Шекербеков бүгүнкү күндө Эл аралык футбол ассоциациялар федерациясынын (ФИФА) калысы. «Биринчи кезекте ден-соолук, адамкерчилик… анан максаттарга жетсе болот» деп эсептейт.

- Рысбек мырза, эркин күрөштөн футболго кантип келип калдыӊыз?

- Айылда эркин күрөш, грек-рим күрөшү, бокс жакшы өнүккөн. 9-10-класста окуп жүргөн кезимде спорттун ушул түрлөрүнө кызыгып, машыгып жүрдүм. Мектепти аяктап, 2 жыл армияда аскердик милдетимди өтөп келип, үй-бүлөлүк шартыма байланыштуу бир жылча айылда жүрүп калдым. Негизи бала кезимен эле спортко кызыкчумун, ошол себептен Дене тарбия жана спорт академиясына тапшырсам деген ниетим бар болчу. Башында эркин күрөшкө тапшырам деп ойлочумун, бирок мен окууга тапшырган учурда эркин күрөшкө гранттык орундар жок болуп калгандыктан, футбол кафедрасына тапшырууга аракет кылып көрөйүн дедим. Ошентип окууга өттүм, анан бул жактагы агайларым бул кесипти (калыстык) андан ары аркалап кетүүгө түрткү болушту.

Футбол кафедрасында окуп жатып да, күрөш машыгууларына бара берчүмүн. Бинаридин Султанбаев агай кафедра башчысы болчу. Ошол киши мага футболго биротоло аралашып кетишиме чоӊ түрткү берди, сууруп чыкты десем болот.

- Азыр эркин күрөш менен кетпегениңизге өкүнбөйсүзбү?

- Жок, өкүнбөйм. Бинаридин Султанбаев, Кадыр Тешебаевич, Юрий Александрович, Виктор Колпаков деген агайлар жардам берип, ушул жерде калышыма себеп болушту. Азыр Бахадыр Кочкаров өз билгендерин айтып, жардам берип турат.

- Биринчи жолу калыстык кылган күнүӊүз эсиӊиздеби?1462908_424870360981845_1164919842_n

- Ооба, 2005-жылы биринчи калыстык ишим болду. Октябрь райондук муниципалдык башкармалыкта жаш балдар арасында мелдештер болуп, спорттук комитети калыс керек десе, ошондо мени агайым Бинаридин Султанбаев чакырып ышкырык жана карточка (айып кагаз) берип койгон, «ушул жакка калыстык кылып көнө бер» деп. Ошондон кийин ар кандай мелдештерде калыстык кыла баштадым.

- Калыстык кылып жатканда өзүӊүз да оюнга кызыгып, аралашып топ тээп кеткиӊиз келбейби?

- Жок, андай учурлар болгон эмес. Көнүп калдым, башкысы оюн жакшы болсо… башында оюн болуп жатканда кызыгып кетип карап калчумун, азыр андай сезимдер жок. Азыр тескерисинче, жардамчыларым менен «установка» кылам. Канчалык күчтүү, катасыз калыстык кылсаӊ, жакшы футбол көрсөткөн оюнчулардай эле ырахат аласыӊ.

Бизге кайсы командаларга калыстык кыларыбызды алдын ала билдиришет, анан кайсы команда, команданын ичинен кайсы оюнчу кандай ойнойт: ким катуу ойнойт, ким симулянт, бир күн кечке өзүмдү ошого даярдайм. Ошондой эле, оюн башталар алдында футболчуларга да бир жолу эскертип коем. Команданын капитандарына кайсы оюнчуларына көз салып турушун айтам. Кызыл, сары айып кагаздары көп болушун эч ким каалабайт. Кызылбы, сарыбы карточка оюнчулардын көзүн кызартып жиберет (күлүп).

- Калыстык ишиӊизде күлкүлүү окуяларга да туш болсоӊуз керек…

- Ооба, андайлар болот кээде. Бир оюнда ортодогу калыс болуп жүргөм. Бир убакта дарбазачы щиткисин алып ыргытып жиберди. Мен барып сары айып кагазын көрсөттүм. Анан оюн бүткөндө инспектор келип, мен айып кагазды туура эмес көрсөтүп койгонумду айтты. Көрсө дарбазачы бутун коргоп 2 щитки кийип алыптыр, анан бирөөсүн чечип ыргыткан экен. Кийин сары айып кагазды жокко чыгарышты.

- Өзүӊүз кайсы футболдук клубга күйөрмандык кыласыз?

1982181_1414471625474627_1641389129_n - Кайсы бир клубга күйөрмандык кылбайм деле. Оюнду көрүп жатканда көнүп калгангабы, оюнду же оюнчуларды эмес, калыстардын ишине көбүрөөк көӊүл буруп карайм. Мисалы, Англиянын чемпионаттарын көбүнчөсү жашы өтүп бараткан калыстар тейлешет, Испания чемпионаттарында бир оюнчуга биринин буту бир аз тийип кетсе эле ышкырык берип, эреже бузулду деп белгилей беришет. Көрүп жатып ошолорду салыштырам, окуучу балдарым менен аларды талкуулайбыз.

Бир гана Кыргызстан курамасына күйөрмандык кылып келем.

- Кыргызстандын курамасы демекчи, кыргызстандык футболчулардан кимисин бөлүп көрсөтөт элеӊиз?

- Азыркы жаштар чынында жакшы ойноп өздөрүн көрсөтүп жатышат. Мисалы, Кайрат Жыргалбек уулу, Фархад Мусабеков, Валерий Кичин, Ахлидин Исраилов. Кичинекей кезинде Александровдо машыккан Илгиз Ахмедов деген бала бар болчу. «Рубинде» негизги курамда ойногон, ал Кыргызстанда чоӊойгон бала, өзүнөн улуу балдар менен ойночу. Ошондой эле, Жан Воинов жакшы футболчу болмок, кийин эле бий менен кетип калды.

- Келечекте мыкты футболчу чыга турган балдардын футболду таштап кетишине же футболго келбей жатышына өлкөдө спорттун бул түрү жогорку деӊгээлге чыга албай жатканы себептир?..

- Менимче, өлкөдө футболду өнүктүрүү үчүн, элди футболго тартуу үчүн жарнама жетишпейт. Кээде мага телефон чалышып сурашат, кайсы оюн качан, каякта болорун. Демек, элге маалымат жетпейт. Оюн бүтүп калгандан кийин көптөрү көрбөй калганына өкүнүшөт, анткени билишкен эмес. Эмне үчүн Кубоктун финалы, чемпионаттын финалы болсо, же Легенда Кубогу болсо, Мишель Платини келет десе элдер да келишет, анткени жарнама аркылуу элге жетет. Мисалы, Казакстанга барганда көчөлөрдөн мынчасында бул жерде «Кайрат» ойнойт деген чоӊ-чоӊ плакаттарды, щиттерди көрдүк. Ошол сыяктуу эле «Дордой» бул команда менен ойнойт, кирүү акысыз деп жарнамалап, көчөлөргө илип койсо көп эле адам келмек деп ойлойм.

- Кыргызстандык футбол калыстары «коммуникейшн» системасын колдонбойт. Калыстын ышкырыктан кийинки эле негизги куралы ушул эмеспи…

- Ооба, калыста «коммуникейшн» деген болушу керек. Ал Казакстан, Тажикстан, Түркмөнстан баарында бар, бизде жок. Азыр биз «VIP-сигнал» аркылуу бири бирибиз (каптал калыстары) менен 394966_227111267424423_90299661_n байланышабыз. Алар кээде угулбай да калган учурлар болот. «Коммуникейшн» биринчиден кымбат - бир комплектиси (4 калыска ылайыкташкан) 3-4 миӊ доллар турат.

Казакстанга барганда уят болдук, алар бизден «Силерде эмне коммуникейшн жокпу?» деп таӊ калышты. Анткени алар бизге келгенде өздөрүнүкүн ала келишкен. КРнын футбол боюнча федерациясына кайрылып жатабыз, алып беребиз деп жатышат.

- Бразилиядагы дүйнөлүк чемпионатта калыстар биринчи жолу колдонгон көбүк берүүчү спрейдин кандай артыкчылыгын байкадыңыз?

- Жакшы жардамын берет экен. Кубоктун финалында, ардагерлердин оюнунда колдондум. Абдан ыӊгайлуу болуп, линия сакталат экен. Мага аны Бахадыр Кочкаров атайын Бразилиядан алып келип белек кылган.

- Эгер сизге футболдун эрежелерине өзгөртүү киргизүү мүмкүнчүлүгү берилсе кайсы эрежени өзгөртмөксүз?

- Ал деле ойго келген эмес экен (күлүп). Биз үчүн баары эле жакшы. Бир убакта роботтор калыстык кылсын деп да чыгышты. Эми ак карточка киргизүү сунушталып жатат, менин оюмча эрежелерге эч кандай өзгөртүүнүн кереги жок.

1506927_1378818785706578_859149119_n - Эл аралык калыс болгон соӊ чет жактарга көп чыгасыз. Акыркы жолу кайсыл өлкөгө бардыӊыз?

- Акыркы жолу Казакстан менен Тажикстандын жолдоштук беттешинде калыстык кылдык. Матч былтыр 2014-жылы жай айларында болду. Андан тышкары, Иран, Ирак, Ливан, Тажикстан, Бахрейн, Катарга барганбыз. Мен азыр көбүнчө төртүнчү - резервдеги калыс болуп барам.

Дайындоолор келип жатат, буюрса баары алдыда деп ойлойм. Сирия менен бир өлкө ойнойт экен, бирок Сирия кайдан кабыл алат ошол чечиле элек, анткени Сирияда согуш болуп жатпайбы. Анан Иракта оюн бар экен. Ушул экөөнө келди, быйыл турнирлер көп.

- Согуш болуп жаткан өлкөлөргө барып иштеп келүүдө өз өмүрүӊүзгө кооптонуу жаралбайбы?

- Иракка барганда командасы бир гол өткөрүп жиберишти. Бирок алар чындап күчтүү болчу. Бир убакта автоматтар тарсылдай баштады, бизди - судьяларды жарым сааттан кийин автоматчан коштоочулар менен алып кетишти. Бирок көнүп деле калдык, Ливанга барсаӊ, Сириянын жанында да, тигил жагында деле, бул жагында деле баары автоматчан жүрүшөт.

- Чет жактарга чыгып калыстык кылган жылдар ичинде дүйнөгө белгилүү кайсы футболчулар менен жүз көрүштүӊүз?1925277_416021538533470_1412591997_n

- Иранда Лука Тони аттуу футболчуну көргөм. Ирандын бир командасында ойноп жүрүптүр. Билесиздер ал 2006-жылы чемпион болгон. Ошондой эле, Ривалдо менен көрүшкөм. Баары алдыда дегендей, балким дагы дүйнөгө белгилүү көп-көп оючулар менен жүз көрүшөттүрбүз.

- Эл аралык калыстар жалпы дүйнөлүк тил макамын алган англис тилин канчалык деӊгээлде билүү шарт?

- Оюнчу менен албетте тарых айтыша турган деӊгээлде эмес, футболдук терминдер бар, ошолорду билүү шарт. Бизди көбүнчө алар менен сүйлөшпөгөнгө үйрөтүшөт. Бирок эгер алар бир нерсе десе, албетте унчукпай туруп бербейсиӊ, тиешелүү «stop!», «wait», «no aggression» деген сыяктуу сөздөрдү колдонобуз. Эгер катасы жок калыстык кылсаӊ алар деле көп сүйлөшпөйт, утулса да. Бардык нерсе (чыр) катадан башталат эмеспи.

Анын үстүнө мектепте 4-классымда окуп жүргөндө англис тилинен сабак берген мугалим эжекебиз абдан жакшы үйрөткөн. Тилди оӊой эле өздөштүрүп кетишиме ошол эжейибиз да түрткү болду десем болот.

Негизи эле бардык жагын бирдей алып кетишиӊ керек: тил жагынан да, физикалык жактан да… Англис тилин кыйын билип туруп, жакшы калыстык кыла албасаӊ ал жагыӊ минус болуп калат.

DSC05599 - Алдыдагы максаттар…

- Алдыдагы максаттар - аракет кылып чоӊ-чоӊ турнирлерге чыгуу, мейли жаштар арасында, мейли балдар арасында. Финалдык бөлүккө чыгуу - калыс үчүн чоӊ ийгилик. Азия чемпионаттарына, анан албетте дүйнөлүк чемпионаттарга калыстык кылуу. Мунун баарына жетиш өзүбүздөн. Бирөөгө ишенип болбойт, өзүӊ канчалык даяр болсоӊ, өзүӊ эле баарына жете аласыӊ.

Өзүбүздү көтөрүп, патриот болушубуз керек. Нормативдерди тапшырганга аракет кылышыбыз керек. Ал жактан «ким тапшырбаптыр» десе «Шекербеков Рысбек» дешпейт, «Кыргызстан тапшырбаптыр» дешет Ошол себептен Кыргызстандын атынан барып, Кыргызстандын аты айтылып жаткандан кийин өз өлкөбүздүн атын жакшы жагынан таанытканга аракет кылышыбыз керек. Мисалы, ФИФАнын кыргызстандык калысы Бахадыр Кочкаров дүйнөлүк чемпионаттарга калыстык кылып жүрөт, ошондо «Бахадыр Кочкаров» деп эле жазылган жок да, анын жанында «Кыргызстан» жазуусу желектин сүрөтү менен турат.

Сүрөттөр Р.Шекербековдун өздүк баракчасынан алынды.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 585
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
Учурда окулуп жатат
×