При поддержке MegaCom

Бөлүмдөр
Шаршемби, 23-август
68.74    80.7    1.16    KZT 0.21

Жаш акын Ө.Азимбаев: Өзүмдүн өзгөчөлүгүмдү тапканга аракет кылам (видео, маек)

Turmush -  Учурда кыргыз адабиятында поэзия багытынын тамырын үзбөй, жолун улап келе жаткан жаш, жаш болсо да таланттуу, өнөрлүү акындарыбыз арбын чыгууда. Бул албетте, ар бир ыр сүйүүчүнү кубандырат.

Алардын бири өзүнүн эч кимге окшобогон саптары менен жаш акындар арасында таанымал, окурмандарга бирде ата-эне, туулган жер, бирде сүйүү тууралуу ырларын тартуулап, жана өзүнүн пародия жанрындагы ырлары менен өз ордун таап келе жаткан Өмүрбек Азимбаев.

Ө.Азимбаев «Нур борбор» эл аралык чыгармачылык академиясынын жана «Жаңы толкун» адабий клубунун мүчөсү.

Жаш акын учурда китеп чыгаруу аракетин көрүп жаткан экен. Анын акындык өнөрү, дегеле поэзияга көз карашы жана алдыдагы максаттары тууралуу кепке тарттык.

Мектеп жашымда жазылган ырларым сапатсыз жана кунарсыздай сезилет

Өзүм Баткен облусунун Кадамжай районунун Көтөрмө айылында 1988-жылы туулгам, ошол айылда чоӊойгом жана ошол эле айылдагы Жаныбеков атындагы орто мектепти аяктагам. Ата-энем айылда турушат. 7 бир туугандын эӊ кичүүсүмүн, менден улуулары баары үйлөнүп-жайланып өз жолдору менен кетишкен. Акындык өнөр тууралуу айта турган болсом, мектепте окуп жүргөндө эле майда ырларды жазып калчумун. Ал эми чыгармачылыкка катуу киришкениме 4-5 жыл болуп калды.

Мектеп жашымда жазылган ырларымды окубайм деле. Алгачкы ырым албетте боз улан кезимде жазылгандыктан сүйүү тууралуу болчу. Бирок алар азыркы ырларыма салыштырмалуу сапатсыз жана кунарсыздай сезилет. Азыр китеп чыгарайын деп жүрөм, ошол убакта жазылган ырлардын көбү чыга турган китепке кирбей калышы мүмкүн.

Ырларымдын санын так айта албайм. Китеп чыгарсам деп даярдап жатпаймынбы, өткөндө акын балдар досторум болуп карап чыктык жалпы 60-70тей болот экен. Бирок анын баары эле китепке кирбейт, арасынан 40ын пландаштырып жатабыз, балким андан көбүрөөк болот. Негизинен ырдын санына эмес, сапатына караш керек, мен буга көзүм жетти. Мисалы, китепти ачып ыр окуп жатканда, окурманды өзүнө тарта албаган ырлар кездешип калат, ушундан окурмандын көӊүлү да калып калат. Китепте чыныгы поэзиянын мөлтүрөгөн саптары болсо кайра-кайра окугуӊ келет.

Акыркы ырымды 1 ай мурун досторума арнап жаздым. Айылда жүрүп, алар менен сагынычты таркатып, алардын ынтымагын, сый-урматын көрүп «Досторума» деп атадым.

Өз кезегинде орто муундагы акындар менен жолугушуп, алардын кеп-кеӊештерин угуп турам. Жыпар Исабаева, Зайырбек Ажыматов, Бактыгүл Чотурова сыяктуу кыргыздын таанымал акындары менен жолугушуп, ырларымды көрсөтүп жүрөм.

Өзүмдүн өзгөчөлүгүмдү тапканга аракет кылам

Кумир туткан акыным деле жок экен. Бирок мен сыйлаган, ырларын баалаган кыргыз акындары көп эле. «А» деген акындын баары Алыкул Осмоновдон баштайт эмеспи. Таасирленбесем да, акындар айткандай, ал «өзүнчө бир тоо». Акындар негизи бирөөнү туурабаш керек, өзүнүн өзгөчөлүгү болушу керек. Мен дагы өзүмдүн өзгөчөлүгүмдү тапканга аракет кылам. Бирөөнү туурабаганга, бирөөгө таасирленбегенге… Бирок кээде байкабай таасирленип алышыӊ мүмкүн, ошондон качышыӊ керек деп ойлойм.

Өзүӊдүн анча-мынча кетирген каталарыӊ өзүӊө сезилбейт, көрүнбөйт эмеспи, ошол каталарды акын досторума, акын агаларга, эжелерге оӊдотконго аракет кылам.

«Жакшы» деген сөзгө таасирлене түштүм

Кайсы учурда эргүү келет айта албайсыӊ, байкабай жүрүп эле пайда болуп калат. Мисалы мен бир ыр жөнүндө айтып береин: апам жөнүндө «Жүрө берчи жакшы деп» деген ыр жазгам. Апам менен телефон аркылуу сүйлөшүп жатабыз, анан биринчи баштаганда эле «Кандайсыз, апа?» десем, «Жакшы» деп жооп берди. Анан ушул «жакшы» деген сөзгө таасирлене түштүм, «жүрө берчи жакшы деп» деген ой кылт этти. Апама «анан сүйлөшөлүчү» деп телефонду койдум да, ушул сөз аркылуу ыр кура баштадым.

Москванын эки шаарында кадимки мигранттардын катарында жүрүп келдим. 2008-жылы кеткем, ортодо келип кетип жүрдүм. Акыркы 1 жылдан бери өз Мекенимдемин. Москвада жүргөндө кыргыздын ал жакта жашап, иштеп жүрүшкөн жаш акындары атайын жолугушууларды, адабий кечелерди өткөрүп турчубуз. Жаӊы китептердин бет ачаар кечелери уюштурулуп турчу.

Тартынчаактын айынан көп нерседен кур калам

Конкурстарга катыша элекмин. Мен өзүм тартынчаакмын, тартынчаактын айынан көп нерседен кур калам (күлүп). Буюрса, 2015-жыл жаӊы башталды, мен дагы бул сапатымды таштап, ишке катуу киришсемби деп турам. Эми жеӊиш деп айтса болбойт го, бирок бир курулуш компаниясына гимн жазып бергенбиз. бир жолу Сыймык Бейшекеев конкурс жарыялап, ошого Мелис Маматжанов аттуу акын досум экөөбүз гимндин сөзүн жазып, жеӊип алганбыз. Ошол компания курган үйдөн 300 миӊ сомдук жеӊилдик менен үй сатып алууга сертификат беришкен.

«Жакшы тилек жарым ырыс»...

Максаттарым башында айтып кеткендей, китеп чыгарайын деп чуркап жүргөн кезим, буюрса жаз алды менен китеп чыгып калат.

Ошондой эле ушул жылы үйлөнөйүн деген пландарым бар. «Жакшы тилек жарым ырыс» дегендей, Кудай жеткирсе, Кудай берсе, буюрса болот.

Андан тышкары, жогорку билим албай калгам, быйыл жогорку окуу жайга тапшырсамбы деп турам. Адабий чөйрөгө жакыныраак, журналистика багытына окусамбы деген ойлорум бар.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 718
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
Учурда окулуп жатат
×
Урматтуу окурман, мекенибиздин аймактагы «турмушунан» кабар алганыңыз үчүн ыраазычылык билдиребиз.
Куш кабарыбыз маалыматтык чаңкооңузду канааттандырса «Нравится» эн белгисин басуу менен сиз үчүн кылган ишибизге дем бериңиз!
Жабуу