При поддержке MegaCom

Бөлүмдөр
Шаршемби, 23-август
68.74    80.7    1.16    KZT 0.21

Премьер-министр Ж.Оторбаев Тurmush.kg агенттигинин онлайн-конференциясына катышат

Turmush -  Кыргызстандын премьер-министри Жоомарт Оторбаев жакында Тurmush.kg агенттигинин онлайн-конференциясына катышат.

Белгилей кетсек, агенттик онлайн-конференцияны биринчи жолу өткөрүп, алгачкы ачылышын жасап жатат жана анын эң алгачкы коногу КР премьер-министри Ж.Оторбаев болуп калмакчы.

Андыктан, өкмөт башчынын саясий ишмердүүлүгү, жай турмушу, келечек пландары, деги эле кыргыз өкмөтүнүн аткарып жаткан иши, саясты жана башка кызыктыруучу суроолор болсо төмөндөгү «пикир калтыруу» бөлүмүнө жазып калтырыңыз болот жана суроолорду кабыл алуу үчүн aimak.akipress@gmail.com дареги иштейт.

Оторбаев Жоомарт Кайыпович өкмөттүк иштерге 1999-жылдан тартып аралаша баштаган. 2002-2005-жылдары Кыргыз Республикасынын экономикалык маселелер боюнча вице-премьер-министри, 2006-2011-жж. Европа өнүктүрүү банкынын жогорку кеңешчиси, 2012-2012-жж. Кыргызстандын экономика жана инвестициялык маселелер боюнча вице-премьер-министри болгон. 2012-жылдын 6-сентябрынан 2014-жылдын 26-мартына чейин биринчи вице-премьер-министр болуп иштеп келип, ошол күндөн тартып учурда Кыргыз өкмөтүнүн министрлер кабинетин жетектөөдө.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 362
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
Учурда окулуп жатат
×
Урматтуу окурман, мекенибиздин аймактагы «турмушунан» кабар алганыңыз үчүн ыраазычылык билдиребиз.
Куш кабарыбыз маалыматтык чаңкооңузду канааттандырса «Нравится» эн белгисин басуу менен сиз үчүн кылган ишибизге дем бериңиз!
Жабуу